Алмаз Кулматов

  • тарыхчы
Алмаз Кулматов

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалы дүйнөлүк коомчулуктун көӊүлүн жетиштүү деӊгээлде бура албады, саясий, укуктук баасын ала элек. Биздин өлкө ичинде чек ара маселесин түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да саймедиреп, жаӊжалда жабыркагандарга жардам кезектеги пиар менен коштолуп, олуттуу талдоо, терең анализ байкалбай, флешмоб коом адатынча чурулдап, эмоция басымдуулук кылды. Кудай жалгап, бийлик сабырдуу мамиле жасады, провокацияга алдырбады. Мамлекеттик бийлик баардык аракетин жумшап жатат, маселе оӊ жагына чечилет деп үмүт кылалы, ишенели.

Ал аӊгыча «исламчылардын» күчүн жон териси менен сезген, согуш оту басылбаган Ооганстан менен чектеш Тажикстанга жана динге жамынган агымдарды, кылмыштуу топторду ээн-эркин кое берип, ээ боло албай, «исламчыл» уюмдардын демин эми сезе баштаган Кыргызстанга кооптуу белги берилди. 2003-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши, Орусия, КМШ мамлекеттери жана башка бир катар өлкөлөр террористтер деп тааныган талибдер тараптан чакырык жасалды. Өткөн кылымдын 90-жылдары карапайым медреседе окуган жаштардан куралып, кыска убакыт ичинде кооптуу жана кубаттуу күчкө айланган талибдер Кыргызстан менен Тажикстанга эскертүү жасады («Талибан» призвал Таджикистан и Кыргызстан решать спорные вопросы благоразумно и путем переговоров https://knews.kg/2021/06/07/taliban-prizval-tadzhikistan-i-kyrgyzstan-reshat-spornye-voprosy-blagorazumno-i-putem-peregovorov/). Негедир бул маалымат демейде кенедей нерсени кыя кетирбеген прессаны кыйгап өткөнсүдү.

Талдап көрөлү. Талибан уюму өзүн Ислам Эмираты деп атайт (муну Сауд Аравиясы, Араб эмираттары жана Пакистан гана тааныйт). Шариятка негизделген ислам мамлекетин түзүү өзүн исламчыл атаган экстремисттик жана терорристтик уюмдардын, күчтөрдүн, топтордун жар салган идеясы, саясий программасынын өзөгү. «Мусулмандар бөөдө кыйналды, азап чегүүдө, алланын жолунан адашты, эзүүгө тушугуп, кор болду, абийири кетти, ушунун баарынын түпкү себеби — халифалыктын кулап калышы жана каапыр системалардын («демократия куфр система») үстөмдүгү. Эми исламдын бүткүл дүйнөдөгү үстөмдүгүн орнотуу жана халифалыкты калыбына келтирүү зарыл. Бул жараткандын буйругу, каалоосу жана эрки, пайгамбардын осуяты, мусулман баласынын ыйык парзы. Халифалык сөзсүз орнойт, анткени ал адамзат көксөгөн эӊ адилеттүү, акыйкат, калыс, таза, жаратканга жаккан жападан жалгыз система. Баарыбыз даваат, үгүт, саясий күрөш жана эӊ башкысы, куралдуу жихад аркылуу бирге күрөшүүгө тийишпиз».

Өзүн исламчыл атаган экстремисттик уюмдардын кыскача идеологиялык концепти ушундай. Ушул жөнөкөй жана түшүнүктүү идеяны бекемдөө, аудиторияга жеткирүү, аны ынандыруу үчүн «исламчылар» түрдүү жолдорду, заманбап пропагандалык каражаттарды жана ыкмаларды (интернет-мемдерди, постторду, креолдошкон тексттерди, иллюстрациялуу кыска тексттерди, видеосюжеттерди ж.б.) кеӊири колдонот. Ошентип өз идеяларын таратат, жайылтат, таӊуулайт. Эӊ кеӊири тараган ыкмалардын бири — бул учурдагы баардык терс көрүнүштөрдү (коррупция, паракорчулук), социалдык, экономикалык кыйынчылыктарды (жакырчылык, жумушсуздук, кымбатчылык ж.б.) экологиялык жана табигый кырсыктарды, ал тургай пандемияны да колдонуп, мисал келтирип, исламга негизделбеген коомдук, саясий, укуктук, маданий системаларды (адатта алар «бузук», «куфр», «жараксыз», «чирик», «зулум», «каргыш тийген» саясий түзүмдөр деп аталат) дискредитациялоо, жек көрсөтүү жана исламга негизделген мамлекет — халифатты даӊазалоо, аны орнотууга үгүттөө. Азыр интернеттеги, социалдык желедеги посттор, комментарийлер, интернет-мемдер ж.б. маалыматтардын көбү ушул теманын тегерегинде. Ансыз деле эл кыйналып турган чакта, билими тайкы, улуттук, жарандык иденттүүлүгү алсыз адамдарга мындай түшүнүктүү, жөнөкөй идея бат сиӊип, тез ынандыруучу кудуретке ээ.

Алгачкы мезгилде экстремисттик, радикалчыл уюмдар исламды саясат менен байланыштырбай келсе, соӊку кезде «ислам — бул ири алдыда саясий түзүм, мусулман жамааты саясаттан четтеп калган үчүн куфрлар, залимдер үстөмдүк кылууда» деп айгай салып, барган сайын агрессивдүү үгүт иштерин жүргүзө башташты. Мисалы, «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами», «ИГИЛ» (Ислам мамлекети), «Таухид-валь-Жамаат», «Джейш аль-Ислам», «Джабхат ан-Нусра», «Ахрар аш-Шам», «Джунд аш-Шам» сыяктуу өзүн исламчыл атаган ондогон экстремисттик, террорчул уюмдар исламды саясий түзүм деп эсептеп, тарапташтарын жана мусулман коомчулугун саясатка жигердүү аралашууга, саясаттагы негизги актор болууга, бийликке жетүүгө үндөйт. Мындай аракет Кыргызстанда да өз жемишин бере баштады көрүнөт, тилекке каршы, себеби жергиликтүү кеӊештерге, парламенттик шайлоолорго байланышкан саясий процесстерде «динаятчылардын» активдүүлүгү, көмүскө таасири тие баштаганына бир топ жыл болду. Алардын саясатка аралашуусуна саясатчы аталган бейжоопкер кыйындар буга чейинки бийлик шайлоо сайын пайдалана берип берип, эң сонун шарт түзүп берген эле.

Кандай гана динге жамынбасын, террорчулар, кылмыштуу топтор баардык заманда эч бир ишти эселеген үстөк акысыз бүтүрбөсүн жакшы билсе да, бийликке жакын чөйрөнүн өкүлдөрү, кандай жол менен болсо да бийликке жеткиси келген кусаматкерлер «исламчыл динаятчылар» менен уюшкан кылмышка барып сайылып, алардын батасын алууга, колдоосуна ээ болууга умтулуп келишкен. А тигилер бир күндө ар башка партияга бата берип, дубасын окуп, ар бир партияга мушкерлерин, кол балдарын, табакташтарын кошуп, терең аралашып, сүрмө топ парламентке жана кунары кетип, куту кача баштаган бийлик бутактарына сиңире баштаган эле. Динге жакын саясатчылар президенттикке да ат салышып, колдоочулары калыптана баштады. Ал тургай жаңы конституциянын долбоорун талкууланып жатканда айрым ишмерлер ачык эле «исламчыл» позицияны ээлеп, теократиялык моделди сунушташты ( https://24.kg/vlast/174077_nakonstitutsionnom_soveschanii_predlagayut_ubrat_ponyatie_svetskoe_gosudarstvo_/; https://regnum.ru/news/polit/3119094.html). Мындай сунуштар ар кай аудиторияда бекем айтыла баштады. Албетте, адегенде светтик мүнөздү жок кылса, андпн кийинкиси шыдыр кетээрин жакшы билишет. Азырынча сунуш катары кеп чыгарышты. Качан таңуулана баштаары белгисиз.

«Исламчыл» деп аталган, а чындыгында ислам динин бийлик жана байлык үчүн күрөштө курал катары пайдаланган күчтөр диний гана иденттүүлүктү тааныйт жана башка баардык иденттүүлүктүн формаларын, улуттук баалуулуктарды четке кагат, элдик каада-салттарды, расмий жөрөлгөлөрдү жана мыйзамдарды арам иш, жаӊылыштык деп эсептейт. Бул улуттук жана жарандык иденттүүлүк үчүн эң кооптуу жагдай, жаӊы чакырык (бейтааныш чакырыктар жана иденттүүлүк тууралуу кийинки макалабызда кенен кеп козгойбуз).

Талибандын делегациясы

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибандын делегациясы Москвадагы жолугушууда, март 2021-жыл

Экинчиден, талибдердин расмий өкүлү ушул билдирүүсүндө Кыргызстан менен Тажикстанга «ислам өлкөлөрү» деген аныктама берди. Ошондойбу? Эки өлкөнүн калкынын көбү ислам динин туткандар деп эсептелет. Билимдүү, дүйнөлүк маданияттан кабары бар элдин катмары, жалпы коомчулук теократиялык мамлекетти каалабаса керек. Кимге кандай таасир калтырганы белгисиз, бирок акыйкаттык менен адилеттикти бир гана халифаттан күткөндөр үчүн мындай аныктама майда жагаары турулуу иш. Өзүн «накта ислам жолундагы чыныгы мусулман» деп эсептеген халифаттын жактоочулары адатта өз пропагандылык материалдарында билимдүү, такыба, сабаттуу, толеранттуу мусулмандарды жек көрөт жана «каапырларга сатылган, капиталисттердин малайлары» катары мүнөздөйт. Ала-Тоону эмес, даваатка барган чет жерди ыйык туткан, кыргыз наамын, ысымын, салтын, тилин чанып, бөтөн элдин салтына баш урган, башы айланган, караңгы, катары улам арбыган топко, бейбагыт, бейбаш, биз убагында ырыстуу билим жана тарбия бербей өскөн жаштарга таасири күч. Ислам дини менен «исламчыл» аталган күчтөр даӊазалаган «чыныгы исламдын» ортосунда айырма асман менен жердей, кайнаса каны кошулбайт.

Адамзат цивилизациясынын өнүгүшүнө зор салым кошкон, дүйнөлүк прогресске себеп болгон илимий, техникалык ачылыштарды жасаган, адабиятта, архитектурада, көркөм өнөрдө не бир керемет шедеврлерди жараткан ажайып ислам маданияты, тарыхта «Мусулман Ренессансы» катары белгилүү алтын доорду башынан кечирген ислам дини менен азыркы кездеги түркүн түстүү экстремист, террорист уюмдар бурмалап алган «исламчыл идеологиянын» атынан башка эч жакындыгы жок. Илгери философ Бенедикт Спиноза «Какое сходство между Созвездием Пса и тем псом, бегущим по улице» деген сыяктуу эле. Баш мыйзамдарында мамлекеттик түзүлүшү дин аралашпаганы (светтик) так аныкталган Кыргызстан менен Тажикстан үн каттыбы же жокпу, белгисиз. Укпадык. А балким туурадыр. Талибдерди террористтер деп эсептеп, алардын ишине өз аймагында тыюу салган мамлекеттердин аларга жооп кайтарбагандыгы мүмкүн оӊдуудур. Бирок непадам бизге тектеш, тагдырлаш, аймакташ, дили, тили жакын Казакстан менен Өзбекстанга талибдер сыяктуу кайсыл бир террорчул уюм тигил же бул маселе боюнча насаат айтып, ачык чакырык жасайт беле, эгер жасаса, эскертүү берсе не жооп кайтармак эле? Өзүн исламчыл эсептеген жана динге жамынган уюмдардын, саясатчылардын ишинин келечек кесепетин убагында баамдап, керектүү саясатты туура тандаган Өзбекстан, эми түшүнүп, аракеттене баштаган Казакстан не ичте, не тышта бейжооп калтырмак эмес го деп боолгойм.

Парадокс ушунда турат, террористтер менен сүйлөшпөйбүз, алар жок кылынууга жана жазаланууга тийиш деген державалар (мисалы АКШ менен Орусия) талибдер менен бир үстөлдө чогуу отуруп сүйлөшүп, макулдашып, алардын талабын угуп, шартнаама түзүп жатканы «халифат эле халифат» деп зар какшаган, көксөгөн, күсөгөндөргө шык, дем бербейт деп кепил болчу ким? Албетте шыктандырат. Террордук актылар башка максаттар менен катар күчтү демонстрациялоону, эсептешүүгө мажбурлоону, тарапташтарына шык берүүнү көздөй турганын адистер жакшы билет. Демек теократиялык мамлекетти көксөгөн «исламчыл» идеологдор, аларды ээрчиме топторго дагы бир коңгуроо кагылып, белги берилди. Алар ушу тапта ич ара талкуулап, кеп кылып жатышса керек. Анын үстүнө, өзүн «ислам эмираты» деп атаган талибдер эки өлкөгө «ислам мамлекеттери» деп кайрылып отурушу жакындыкты жар салып, алардын жарандарына терең мааниге ээ ишарат берип жаткандагысы. Албетте, бүткүл дүйнө масштабында халифат реалдуу келечек эмес, бирок бир өлкөнүн же аймактын масштабында «исламчыл» теократияны орнотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу бери болгондо кенебестик. «Исламчыл» топтордун «исламга» негизделген мамлекетти курууга аракети күчөй турганын саясат талдоочулар терен анализге таянып, байма-бай белгилеп келишет (НГ Религии. https://www.ng.ru/ng_religii/2021-05-31/9_508_spring.html).

Үчүнчүдөн, «Биздин тажрыйба жетиштүү. Согуш жолу силер үчүн оор, азаптуу» деп эскертти. «Сүйлөшүү жолу менен чечкиле» деп «акыл» айтты. Согуш эле кааласаӊар, согушуп келген, мыкты салгылашкан биз силерге көрсөтүбүз дегенсиди. Көрсөтөөрүн ким билет, бирок кокус алар аралашса абал чатагына айланаарын тарыхый тажрыйба көрсөтүп, ар кай өлкөдөгү учурдагы конфликттер далилдеп турбайбы.

Кыргыз мамлекети, коомчулугу терең ойлонуп, дин, билим-тарбия берүү, идеология жаатында саясатын эски жана жаңы коркунучтарга жараша өзгөртүп, улуттук аң-сезимди, жарандык иденттүүлүктү бекемдөөгө арналган стратегиялык иштерди жүргүзүү абзел. Антпесек ыйык Куранды колунан келишинче бурмалап, шариятты өз кызыкчылыгы үчүн каалагандай калчаган, уюшкан кылмыш менен коюн-колтук алышкан, алар менен түп максаты бир күчтөр жана коомго, саясатка, экономикага таасири артып, колдоочуларынын катары улам арбып бараткан «исламчылар», «динаятчылар» түйшүгү арбын, багытын таппай кыйналган калктын, улам бир бийликтен көңүлү калып, ишеними бөксөрө түшкөн журттун башын айландырып, жаштарыбызды халифатка сүйрөп кирип, кырмызы кызыл туунун ордуна «ислам» байрагын желбиретүү үчүн туташ үгүт ишинен реалдуу ишке өтпөйт, куралдуу жихадга чыкпайт деген кепилдик жок. Бул нерсени талибдердин эскертүүсүнө чейин эле бекем ойлонуп, жакшылап аракеттенишибиз керек эле. Керек жана зарыл. Эрнест Хемингуэй айткандай, баарыбызга коңгуроо кагылганына бир топ болду. Эми да кеч эмес.