
Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, мурдагы вице-спикер, Жогорку Кеңештин «КСДП» фракциясынын депутаты «З.Т.З.» тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды.
«З.Т.З.» 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон. Андан кийин, «З.Т.З.» Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алуу колдонуп жана ошондой эле КР ЖКнын депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде, экинчи жогорку билим алган”, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, Ж.Баласагын атындагы КУУдан алынган жоопко ылайык, «З.Т.З» университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилген.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылууда.