• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Түркиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн 30 миң долларлык дары эмне болгон?

Автор:ruh_admin

Июн 12, 2021

Кечээ Анкарада, Президент Садыр Жапаровдун Мекендештер менен болгон жолугушуусунда Стамбулдагы кыргыздардын атына сөз сүйлөгөн Нурлан Карыпбайуулу (Калпак) бир жыл мурда Стамбулдагы кыргыздардын дары дармек топтоп Кыргызстанга жөнөткөн учурундагы окуяны бурмалап, туура эмес маалымат бергенин айтмакчымын. “30миң долларга топтогон дарыларыбызды Туркия таможнясы контрабанда деп алып койду, элчилик жардам бербеди” деп тантыды “Калпак”. Ал окуяда тескерисинче Анкарадагы Кыргыз Элчилиги жардам берип, жол жобосун билбей эле ошончо чоң көлөмдөгү дарыларды жөнөтөбүз деп аэропортто чындап эле таможня алып койгон дарыларды кайтартып, чогу бараткан кишилерди камап койгон жерден баарын чыгарып, маселени туура чечип берген. Анкарадагы Элчилик ал окуяга кийлигишпегенде такыр эле жаман болмок. Элчибиз Кубанычбек Касымович өзү кийлигишип, Туркия Саламаттык Сактоо Министирлигинден керектүү кагаздарды алдырып бергенден кийин кана маселе чечилип, дарылар Кыргызстанга кеткен.

Нурлан Карыпбайуулу маселени толук билип билбей туруп, Президенттин алдында жалаа жабуу менен өзүн рекламалап калгысы келип, тантыган сөздөрдү айтты. Ошол окуяга жеке күбө болгондугум үчүн, тактоо ирээтинде бул маалыматты бөлүшүүнү туура көрдүм.
Өзүн билбеген, керт башынын кызыкчылыгынан башканы ойлонбогон, тантык кээ бир кишилердин Президент менен жолугушууга тескер маанай калтырганын көрүп кайгыландым.
Туркияда Диаспоралдык Коомдук уюмдар акыркы беш жылда ар кандай расмий чектөөлөрдүн айынан алгылыктуу иш алып бара албай калышты. Кечээ Президент менен жолугушуудагы терс маанайлар дагы ошол нерсенин кесепети деген ойдомун. Буюрса Пандемия басаңдаса Туркиядагы Кыргыздар “бир силкинип” жаңыча көз караш менен коомдук уюмдашууларыбызды күчтөндүрөбүз.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс