Среда , 28-Июль 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Кыскача жаңылыктар / Футбол: Кыргызстан Мьянманы ири эсеп менен жеңди

Футбол: Кыргызстан Мьянманы ири эсеп менен жеңди

11-июнда, Жапониянын Осака шаарында Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешинде кыргызстандык футболчулар атаандашын 8:1 эсеби менен утту.

Чабуулчу, капитан Мирлан Мурзаев хеттрик жасады. Ал оюндун 45, 60 жана 77-мүнөттөрүндө гол киргизди. Ал эми калган беш голдун авторлору Турсунали Рустамов, Гулжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров жана Абай Боколеев.

Мьянма курама командасынын жалгыз голунун автору Бобо Хлаинг.

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарга көтөрүлдү. Эсебинде он упай менен Тажикстан 3-тепкичке жайгашты. Бул мамлекет да жети оюн өткөргөн.

Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

Бул беттеш 2022-жылы Катарда боло турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда боло турган Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болуп саналат.

Буга чейин 2019-жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөн эки өлкөнүн улуттук курама командаларынын таймашында кыргыз футболчулары 7:0 эсебинде жеңген

Ушул оюнда Кыргызстандын командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилген. Аны менен «Ак шумкарлар» Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс