• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Садыр Жапаровдун алдындагы «разборка»

Автор:ruh_admin

Июн 12, 2021

Кечээ Президентибиз Анкарада жарандар менен жолугушту. Жакшы маанайда өтөт, жакшы сөздөрдү сүйлөшөбүз деп үмүттөндүк эле…

Микрофон талаш, уруш-кыйкырык, каяша айтуулар, дабдырап сүйлөгөндөр, мага «бериң» деп тиленгендер менен коштолду…
Кыскасы Түркиядагы кыргыз жарандары эки-үч топ болуп бөлүнө калып, ыркы келишпей жүргөн экен бир кыйладан бери. Сен жакшысың, ал жаман, өткөндө элчи жардам берди, бербей койду, кадрларды алмаштыр, жөн кой дегендей ызы-чуулар микрофонду такыр бошотпой койду.
Мен кимдики туура кимдики ката экенин билбейм. Бирок жеке оюмда, Айбек Кочкоров, Нурлан аке (калпакчан), Стамбул жана Анталиядан келген кыргыз аялдарды топтоп уюм кылып башына отуруп алгандарды мүмкүн болсо сүйлөбөй эле койгонго үндөйт элем. Бакырып, ызы-чуу салынган менен маселе чечилбейт экенин алар деле билсе керек го кызыкчылыктар бар экен да, чиркин… Ызы-чуу чыгарып коюп окуянын курутун уруп отурган «өзүнчө эле серый кардиналдар» деле бар экенинен шегим жок… Кыскасы жолугушуунун погун чыгардыңар, эми тамагыңар таттуу болсун…
Анан, ооруп калып дарыланганга акчасы жетпей жүргөн кишилерди туура түшүнсө болоттур. Бирок, жеке оюмда, алардан бир тобу келип, жеке жардам сурап, ыйлап маанайды чөктүргөнү жакшы болбоду. Жалпы, жамааттык маселелер көп көтөрүлбөй жеке тиленмейге өтүп натыйжада ажонун көп убактысын жеди… Эң маанилүү, реалдуу, компоненттүү нерселерге кезек келбей калды натыйжада..
Эң кызыгы, окуган, өлкөнүн эртеңки жаркын келечегин түптөй турган студенттерге сөз тийбей калды. Ушуга ичим күйдү. Башында маданияттуу болуп эле өлтүрдүм эле, кийин кепетебиз келише баштаганда мен да туруп барып микрофон талаш канга чейин бардым. Бербей коюшту.
Түркиядагы окуган жаштардын интеллектуалдык күчүн өлкөнүн жаркын келечеги үчүн колдонуу тууралуу, (кесимден улам) өлкөдөгү диний сабатсыздык, анын коркунучу жана алдын алууга байланыштуу конкреттүү салымдарды айтайын деп 400 км жол жүрүп бардым болчу… Айтылбай калды, жазып барган болчум, жардамчысына бердим. Калганы Аллага аманат эми…🤷
Окуп жүргөн жаштарга сөз берүү — жогорудагылардын барынан маанилүү эле. Түркия менен болгон келишимдерди да кошкондо да салмагы окуган, айдың кыргыз жаштарынын өнүгүүгө салым кошолу деген ой-пикирдин угууга , анын маанилүүлүгүнө тең тайлаша албайт. Бул өтө маанилүү, унутпаңыздар. Караңгы, не деп сүйлөгөнүн билбеген, кыпкызыл дөөдүр кишилердин артына бекинип, алардын ыыз-чуусунан нан жеген чыныгы «жаратыктардын» айынан кайра эле карапайым эл узак мөөнөттү жоготууга учурады…
Адам-падам эмес экенсиңер!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс