Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Досье / Минакари – Ирандын көгүлтүр эмалдан жасалган буюм идиштери

Минакари – Ирандын көгүлтүр эмалдан жасалган буюм идиштери


10-июнь (Иран жылнамасы менен 20-хордад) Дүйнөлүк кол өнөрчүлүк күнүнө карата.Минакари Ирандын көгүлтүр эмалдан буюм идиштерин жасоо боюнча  салттык маданияты 18 кылымдагы Кажар династиясынын мезгилинде абдан белгилүү болгон.

Минакари бул – темирди жана керамиканы эмаль менен кооздоо боюнча уникалдуу техника. Ал эми кээ бир эмалданган жасалгалар Ирандын музейлеринде сакталып калышы, ирандыктар минакари өнөрчүлүгү менен байыркы Ахеменид (б.з.ч. 558 – 330 жж.)  жана Сасанид (224 – 651 жж.) доорлорунда эле кызыгып, анын техникаларын абдан мыкты өздөштүрүп келишкенин тастыктайт. Ал эмалданган идиштер абдан назик болгондуктан биздин күнгө чейин бирин экин эле жасалгалар сакталып калган. Ислам цивилизациясы аралыгында жана Сельжук династиясынын (1037-1194), Сефевид (1501-1722/1736 жж.) жана Занд (1750-1794 жж.) доорлорунда белгилүү эмалдуу табактар жана идиштер жасалгандыгы жөнүндө күбөлөр бар.     Ал эми алардын арасынан Ирандагы минакари өнөрчүлүгү гүлдөп турган учур 1810-1890 жж. Кажарлар (1794-1925 жж.) башкарып турган доорго туш келет. Ошол доордон бери көптөгөн көк, жашыл түстө кооздолуп жасалган сөйкө, билерик, кумара, алтын табактар сакталып калган. Биздин тапта минакари өнөрчүлүгү өркүндөп, бул тармакта ирандын көптөгөн өнөрпоздору эмгектенип келишет.

Минакари – эмалдуу идиштерин кантип жасашат?

Бүгүнкү күндө минакари ошол эле байыркы заманда колдонулган  материалдардын жардамы менен жана да байыркы доорлордогу ыкма менен жасалат, ал эми минакари жасоо борбору Исфахан шаары болуп эсептелинет.  Эмалдар атайы алтын, күмүш өзгөчө жезден (жез башкаларга караганда арзаныраак жана иштеп чыгаруу үчүн оңой келет)  жасалган нерселерге капталат. Керман шаарынан чыккан жезден атайы идиш буюмдар жасалып, ага кол менен оюулар түшүрүлүп, андан соң анын үстүнө үч кат эмаль капталып, ар бир эмаль капталганда температурасы 8000°С отко какталат. Үч кат эмалданган идиш даяр болгон соң анын үстүнө көгүш түстөрдөгү сүрөт, оюулар түшүлүлүп, кайрадан 7000°С отко какталып бышырылат.

Минакари даярдоо ыкмасы жетишээрлик татаал жана бир нече адистердин жардамы менен аткарылып, бир нече этапка бөлүнөт.

  1. Алгач жезден кээде күмүштөн же сары жезден кумура, табак сыяктуу идиштер жасалат жана алардын арасынан эң баалуусу алтындан жасалган бюум болуп эсептелинет жана алтын толугу менен эмаль менен капталбайт. Бул кумура же табак минакаринин өзөгү болуп саналат. Мурун мындай өзөктү жасоо үчүн керамика, төрт бурчтук плитка же болбосо айнек колдонулган, ал эми азыр көбүнчө жез колдонулат, анткени жез жумшак, ийилчеек келип, иштеп чыгаруу үчүн оңой жана өтө ыңгайлуу. Материалдарды тандоодо абдан кылдаттык керек, эгерде минакари жасоодо кичинекей эле ката кетсе, аларды ысык отко кактап бышырууда алардын өңү өзгөрүп же болбосо кемчиликтер пайда болот. Салтка айланган мындай идиштер формалары катары иран эли табак, кумура, капкагы бар айнек идиштер, гүл салуучу кумура, тамак-аш куюучу идиштер, чекелери кооздолгон таттуу ширин салуучу табактар, кутучалар, ар кандай көлөмдөгү рамаларды жасашат.
  2. Экинчи этапта жогоруда жасалган идиштерди ак түстөгү эмаль менен капташып, 750°С отко какташат. Андан соң эмалданган идишти атайы жалтырак глазурь менен боёшот да экинчи жолу да жогору температурада кактап, бышырышат. Мындай процесс 3-4 жолу кайталанылып, ар бир кактаган сайын эмалдын мыкты сапатын колдонулат. Мындай идиштерди жогорку температурада бышырууда өтө кылдаттык талап кылынат, анткени ысык отко какталган идиш жумшарып, кичинекей туура эмес кыймыл анын формасын жоготуп коюшу толугу менен мүмкүн. Натыйжада идиш эмалды каптап сырдоо жолу менен бир да кынтыгы жок жылмакай жалтырак болуп чыга келет. Ал эми эмалдын глазурларынын курамына кремний, магний, калий, свинец, баалуу-асыл таштар, талаа шпаты, каолин, цирконий, борная кислота жана калай кирет.
  3. Ал эми үчүнчү этапта бир канча жолу эмалданып жана бышырылган жылмакай жалтырак идиштер сүрөт жана оюу тартуу этабына өтөт. Мындай кийинкиси сүрөтчүнүн талантына жараша кооз оюулар жана сүрөттөр түшүрүлүп тартылат.

Байыркы заманда минакариге сүрөт же оюу тушүрүүдө табигый тазаа минералдык боёкторду гана колдонушкан, ал эми азыркы тапта турдүү химиялык каражаттардын жардамы менен жасалган боёктор да кеңири колдонулуп келет. Салтка айланган “эслими” аттуу көгүш жана жашыл түстөр миң жылдардан бери колдонулуп келсе, заманбап технологиялардын химиялык жолдор менен алынган күрөң, сары, кызыл сыяктуу түркүн түстөгү боёктор менен да сүрөт тартылып, оюулар тушүрүлөт. Түрдүү оюулар, гүлдөр, чымчыктар, кээ бирде перс миниатюралары ал минакаридеги сүрөттөрдүн  негизги кооздугу болуп саналып, көргөндү суктандырбай койбойт.

  1. Акыркы этапта оюу түшүрүлүп, түркүн кооз сүрөттөр тартылган идиштер, боёктордун жакшылап бышып, сапатын жакшыртуу максатында дагы бир жолу ысык температурадагы отко какталат. Ал эми мештин температурасынын ысыктыгы минакари идиштерине колдонулган боёктордун түрүнө жана сапатына карай тандалып алынат бирок мурунку этаптарга салыштырмалуу 500°- 600°С бышат. Бышып бүткөн соң идиштер коздүн жоосун алып абдан жалтылдап калат. Андан соң идиштерди дыкаттык менен карап чыгып, сүрөт тартып аткан учурда кетирилиген кемчиликтер тийиштүү боёктор менен оңдоп боёлот.

Эмалдын сапатынын жогору болушуна металдын туура тандалышы, бышыруу сапаттуулугу, жогорку деңгээлдеги кооздоо ыкмасы жана сүрөтчүнүн көркөм таланты, тыкандыгы себеп болот.

Минакари эмаль идиштерин сактоодо бир нече сунуштар:

Идишти катуу нерсеге уруп алуудан сак болуу керек,

Жолдо алып жүрүүдө кылдаттык менен аяр мамиле кылуу керек,

Эмалды жылуу сууда жумшак нерсе менен сууш керек

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Маданий өкүлчүлүгү

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс