Айбек Абдылдаев

Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон

Кыргызстанда «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатканы коомчулукту дүрбөттү. Коомдук сайттарда кызуу талкуулар жүрүп, бир катар коомдук жана жарандык ишмерлер өлкө бийлигине кайрылуу жолдоду.

Орхан Инандыны табууну талап кылган жарандар Кыргызстандагы Түркия элчилигинин алдында митинг өткөрүүдө.

Айрымдар Орхан Инанды башка өлкөнүн атайын кызматы тарабынан уурдалган болушу мүмкүн деп жоромолдоп жатат. Кечээ күнү Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында дагы бул боюнча кабатырлануулар айтылды.

Видеонун түшүндүрмөсү, Кыргызстандагы Түркия элчилигинин алдындагы митинг

«Түркия саясий окуяларга байланыштуу өзүнүн ар кайсы мамлекеттеги жарандарын уурдап кетип жатпайбы. Бизде да ушундай эле божомол бар»,-деген «Сапат» билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев.

Ал эми кыргыз бийлигине жолдонгон кайрылууда: «Эч бир сырткы күч эгемен Кыргызстандын билим берүү тармагына зор салым кошкон кадыр-барктуу педагог инсандын, Кыргыз Республикасынын жаранынын беделине жана өмүрүнө шек келтирбеши керек деп эсептейбиз. Айрымдар Орхан Инанды мырза иштиктүү жетектеп келген «Сапат» билим берүү мекемесин башка бир өлкөнүн ички саясий иштерине ыгы жок байланыштырган чагымчыл бааларды эч далилсиз таңуулап айтып келишет. Бирок кыргыз коомчулугу Орхан Инанды мырза жана ал жетектеген кыргызстандык жергиликтүү таалим-тарбия мекемеси эч кандай сырткаркы өлкөгө тийешеси болбогондугун жана Кыргызстандын билим берүү тармагынын сапатын кескин жакшыртууга гана багытталган педагогдук иш-аракет менен гана алектенип келгендигин таасын белгилейбиз»,-деп айтылат.

Орхан Инандынын жоголушу

Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Ал түндө автоунаасы менен чыккан бойдон кабарсыз болууда. Ал акыркы жолу кечки саат алтыда байланышка чыккан. Анын автоунаасы эшиктери ачык абалда табылган. Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды.

«Менин жолдошум акыркы жолу (31-майда) кечки саат тогуздар чамасында аз убакытка үйгө келип кеткен. Ал биз жашаган үйгө жакын эле жердеги кафеде бирөө менен жолуга турганын айткан эле. Ал кимге жолуга турганын мен сураган эмесмин. Кийин биз анын автоунаасындагы видео байкоодон башка эле жакка барганын көрдүк. Бирок камера автоунаа жүрбөй турганда тартпай калат. Акыркы жолу анын WhatsApp тиркемеси 21:02де онлайн болуп турган. Андан кийин бош калган автоунаасын табышты. Ичинде эч нерсе жоголгон эмес, күрмөсү жана көз айнеги бар экен. Автоунаасын тапкан учурда дөңгөлөктөрүнүн жели бир аз бош экени билинди. Кыргызстан — демократиялуу өлкө, биз бул өлкөнү сүйөбүз. Менин күйөөмдүн кыргыз бийлиги менен мамилеси жакшы болчу. Биз Кыргызстандын атайын кызматына дароо эле кабар бердик. Кыргыз бийлиги аны өлкөнүн ичинде эле деп жатат. Президент дагы издөө иштерин активдештирүүнү тапшырды. Эгерде түрк чалгын кызматы аны тапса, балким алар кыргызстандык атайын кызмат менен кызматташат беле. Балким бийлик билбей калышы дагы мүмкүнбү? Мен бул суроолорго комментирий бере албайм»,-деди Би-Би-Синин Түрк кызматына анын жубайы Рейхан Инанды.

Орхан Инанды 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштеп келген жана мындан 9 жыл мурун жарандык алган. Ал Кыргызстандагы «Себат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Бүгүнкү күндө бул мекеме «Сапат» аталып, анын алдында 16 лицей жана бир университет бар. Инанды 2001-жылдан бери «Сапаттын» жетекчиси катары белгилүү. 2003-жылы ага «Даңк» медалы берилген экен.

Түрк бийлиги мына ушул мектептердин артында Гүлен кыймылы турат деп санап, аны башка өлкөлөрдөн дагы жаптыруу аракетин көрүп келүүдө.

«Гүлен мектептери»

камакка алынган кишилер

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2016-жылы Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракети ишке ашпай калган окуяга байланыштуу он миңдеген кишилер камакка алынып, кызматтарынан ажыраган. Булар Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп айыпталышкан

2016-жылы Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракети ишке ашпай калган окуяга байланыштуу он миңдеген кишилер камакка алынып, кызматтарынан ажыраган. Булар Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп айыпталышкан. Куугунтук Түркиянын чек арасы менен чектелген жок. Дүйнө боюнча Түркиянын элчиликтери Гүлен кыймылынын бөлүгү деп айыпталган мектептерди жаптырууга аракет көрүп келет.

Би-Би-Синин маалыматы боюнча мындай мектептер Кыргызстандан тартып, Нидерландия, Индонезия жалпы он жети мамлекетке таркаган. Учурунда Түркияда бул мектептердин таасири бар болчу. Кийин «Гүлен мектептери» өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирген коркунуч катары каралып калды. Ошондон улам Анкара Кыргызстандын бийлигине кайрылып, «Сапат» билим берүү мекемелерине байланыштуу маселени коюп келүүдө.

2018-жылы Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун VI саммитинде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган ФЕТО кыймылы боюнча маселе козгоп, уюмга мүчө өлкөлөрдү дагы буга катуу турууга чакырган эле. Ошол кездеги кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы «гүлендин мектеби» катары саналып жүргөн «Сапат» деп аталган билим берүү жайлары мамлекеттин көзөмөлүндө экенин жооп кылган.

Андан мурун дагы түрк бийлиги Кыргызстанга да ушул боюнча кайрылган. Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев түрк тараптын билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине кийгилишүү катары, четке какканы бар. Бирок 2017-жылдан тарта «Себат» мектептери «Сапат» деп өзгөртүлүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине өттү.

2018-жылы түрк басылмалары Эрдогандын Бишкекке сапарынан кийин «Гүлен кыймылынын» Кыргызстандагы 130 мүчөсүнүн тизмесин бергенин жазып чыккан. Буга кыргыз бийлиги комментарий берген эмес.

Ушул жылдан март айындагы Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Бишкекке сапарында дагы түрк тарап бул маселени кайрадан кыргыз бийлигинин эсине салды.

Фетуллах Гүлен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фетуллах Гүлен

«Гүлен кыймылы»

2016-жылы жай айында Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, 249 киши каза таап, эки миңге чукулу жаракат алган эле.

Өлкө Президенти Режеп Тайип Эрдоган мунун артында белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен турат деп күнөөлөгөн. АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карбай Түркия Фетхуллах Гүленди террордук уюмдун лидери атап, мекенине экстрадициялоо талабын билдирип келет. Төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги масштабдуу тазалоолорду жүргүзүп, ал азырга чейин уланууда.

Эксперттер түрк бийлиги «Гүлендин кыймылы» аталган жамааттын мүчөлөрү куугунтукка алынганын белгилейт. «Гүлен кыймылы» — Фетхуллах Гүлендин урматына аталган, мыкты уюшулган жаамат (саясий партия эмес). Анын жолдоочулары Гүленди өзүлөрүнүн рухий лидери катары эсептешет.

Гүлен өзүмчүлдүккө каршы, жөнөкөйлүктү, эмгекчилдикти жана билим алууну жогору койгон жөнөкөй исламды карманып келет. Ал АКШнын Пенсильвания штатында шаардан сырткары жайгашкан жерде жалгыз жашайт. Белгилүү болгондой ал диабет жана жүрөк оорусу менен жабыркап келет. Түркияда Гүлендин кыймылы «Химзет» деп аталган. Анын кеӊири белгилүү болгон ишмердүүлүгүнүн формасы болуп мусулман өлкөлөрүндө гана эмес бүткүл дүйнө жүзү боюнча жеке мектептерин түзүү жана аларды башкаруу болуп эсептелген.

2016-жылдын май айында Түркиянын өкмөтү расмий түрдө Гүлен кыймылын «террордук уюм» катары жарыялады.

https://www.bbc.com/kyrgyz/world-57315741