Пятница , 18-Июнь 2021
Башкы бет / Досье / Урматтуу эмес ЭММАНУЕЛДИН ИНИЛЕРИНЕ!!! ӨРТ ЧАЛГАН БИШКЕК

Урматтуу эмес ЭММАНУЕЛДИН ИНИЛЕРИНЕ!!! ӨРТ ЧАЛГАН БИШКЕК

Эгер эртең Бишкек шаары боюнча бүт өрт өчүрүүчүлөр кызматын тыштап жумушка чыкпай коюшса эмне болот эле? Анан алар машинеге маймылдай болуп түшүп алышып үйү өрттөнүп жаткан адамдарга:

— Эй үйүңөрдү өчүрүп берейинби 100 сомго?,- деп туруп шарактап кетип калышса жакшы болот беле? Ал үйү өрттөнгөн үйдүн бирөө маршрутка айдаган бир кишиники болуп калышы да мүмкүн эле.
ТАШТАНДЫ САСЫГАН БИШКЕК
Эгер эртең бүт коммуналдык кызматтар ишин токтотуп, тазалыкчылар иштебей таштандылар чыгарылбай калса эмне болот эле? Анан алар машинеге чочкодой болуп түшүп алышып көчөсү сасып, таштанды учуп аткандарга барып:
— Эй таштандыңарды чыгарып берейинби 100 сомго?,-деп туруп шарактап кетип калышса жакшы болот беле? Таштанды челеги маршрутка айдаган кишинин үйүнүн жанында болуп калышы да мүмкүн эле.
КАРАКЧЫ ТОЛГОН БИШКЕК
Эгер эртең бардык милиционерлер ишин токтотуп жумушка чыкпай коюшса эмне болот эле? Анда Бишкекте күнү-түнү хаос башталмак. Туш тараптан морадёрлор, кылмышкерлер баш көтөрүп талап-тоноо, уруп-согуу, зордуктоо башталмак. Ошондо баласын мууздап аткан кишилердин жанына милиционерлер бир машинеге толуп келип:
— Эй 100 сомго балаңды куткарайынбы?,- деп туруп шарактап кетип калса эмне болот эле? Ошол кырсык чалган үй, жер жана адам сеники болуп калышы мүмкүн эле маршрутка айдаган киши.
ӨЛҮМ ЧАКЫРГАН БИШКЕК
Эгер эртең бардык медицина кызматкерлери жапырт иш таштап жумушка чыкпай койсо эмне болот эле? Анда Бишкекти тарыхта болбогон өлүм курчамак. Аны элестетүүнүн өзү кыйын. Ошол кезде дарыгерлер оор абалда жаткан адамдарга барып:
— Эй мен 100 сомго дарылайынбы?,- деп туруп шарактап кетип калса эмне болот эле? Ошол ооругандардын арасында сенин өзүң да болуп калышың мүмкүн эле маршрутниктер?
Урматтуу эмес маршрутниктер!
Эми элестеткиле, силер былжырап «Бир жума чыкпагыла» деп бири-бириңди колдоп, анан шаар кыдырып, рейд жасап элди мазактап отурасыңар? Эми силердей болуп бир жума милиция, медицина кызматкерлери, өрт өчүрүүчүлөр, өзгөчө кырдаалдар кызматы ишке жапырт чыкпай койсо эмне болушат ошону ойлондуңарбы арам тамактар? Ал эми энергетиктер, аскерлер, чек арачылар бир жума иштебей койсо эмне болот эле? Анда мамлекет бир жумада жоголмок!!!!
Силер көйгөйүңөрдү жапырт иш таштап элди шылдың кылбай, мазактабай, басынтпай башка жолдор менен түшүндүрсөңөр болот беле? Адамча айтсаңар беш сомуңарды деле бермек. Окуучулар менен пенсионерлерге балким 10 же 5 сом, калган элге 15 сом кылса туура болмок мүмкүн… Анан эле:
«Эртең көтүнө киришет, жеңип чыгабыз, кемпирлер автобус күтүп өлсүн, 100 сомго алып барам» деген сыяктуу сөздөр бул саботаж жана айбандыктын жеткен чеги! Силер БЕШ сомго мекениңерди сатасыңар!
Силердин дооруңар бүтөт! Ушундан ары ЖОГОЛУП талаалап бок, таш ташып иштеп калгыла! Айбандар каржалган элди ойлобойт экенсиңер! Күндүн ысыгында жол караган балдарды, кары-картаңдарды, оорукчан, майып адамдарды ойлогон жоксуңар!
Эй силер РЕЙД жүргүзгүдөй кимсиңер?Силер өзүңөрдү ЭЛИТА сезип алдыңарбы? Силер ЭЧ КИМ ЭМЕССИҢЕР ШОРДУУЛАР!!! Эртең автобустар силердин сасыган, тоңкойгон маршруткаларды талаага сүрүп чыгат. Силер ЭЛ ДУШМАНЫ ЭКЕНСИҢЕР! Сүрөттөгү «100 сом» деп мазактаган жана маршрутканын ичиндеги шарактаган чочколоруңарга кечирим сураткыла ЭММАНУЕЛДИН ИНИЛЕРИ!!!
ОШОНДОН АРЫ ЖОГОЛГУЛА! СИЛЕР ЖОК БИШКЕК ШААРГА ОКШОШУП АБА ТАЗАРАТ!
P. S Бул кайрылууну ач көз, элдин азабынан АКЧА ЖАСАГАН таксисттерге да багыштайм. Курман ыраазы болсун Эммануелдин инилерине!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс