Бизде саясат жасоо оңой иш. Айрыкча Европа, Америкага тиешелүү адамдар, уюмдар үчүн. Орхан бей жөн эле мугалим болгон эмес, дүйнөдө сектант деп шек жараткан ГЮЛЕНИЗМДИН Кыргызстандагы лидери болчу. Бул сектаны бүгүн Америка, Европа, АМЕРИКАЧЫЛДАР жана БАТЫШЧЫЛДАР жапатырмак колдоп жатат. Алардын иштери, ар бир жасаган кадамдары оо океандын ар жагындагы Пенсильваниядан пландалат. Орхандын «жоголушу» да Кыргыз-Түрк алакасынын жакшы тарапка бурулуп кетишине «короткий замикание» болушу мүмкүн. Дал ошол план боюнча бүгүн өлкөдө «Орханты тап!» деген ураан астында болуп жаткан мини митингдер акырындык менен бийликке каршы акцияларга айланып кетүүсү мүмкүн!