• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

Маршруткалардын айдоочулары элди кандай тейлеш керек?

Автор:ruh_admin

Июн 3, 2021
Ар бир линиядагы шоферлордун талапка жооп бергидей формасын, тартибин, сүйлөө жана жүрүш-туруш маданиятын биз да талап кылышыбыз керек.Маршрутканын тазалыгы эле эмес, өздөрүнүн да тазалык, этикасы керек. Тоокканада түнөп келгенсип, тер жыттанган боюнча, көздөрү чылпактап, кечке кулагында телефон.. клиент менен корсулдап сүйлөшүшөт, мына ошону жөнгө салып, сылык-сыпаа, маданияттуу адамды коюуга мезгил жетти.
Алар картошка жүктөп жүргөн жок, Алар адам жүктөйт. Адамдарга терс таасирин тийгизген тарбиясы жок сөгүнгөн, корсулдаган, керек болсо жүргүнчүгө кол көтөргөн оорукчандары да бар.
Акчасынан да адамдык сапаты кымбат болсун. Көпчүлүккө сылык-сыпаа гана мамиледе, өзүн чыкыйтып алып жүрүп, бирдей форма кийишсин самсаалашпай.. маршруттун шоферлору экени белгилүү болгудай.
Түрдүү оору, илдет таркап атканда мына ушуга маани берүү зарыл. Күнүгө бир маал маршруткасын хлордоп жуулбаган маршрутка линияга чыкпасын.. Эски шалдыраган маршруттарды линиядан алып салууну талап кылалы. Катуураак айдаса маршруттун чаңы асманга чыгат. Чехолдору майланышып кир, кармагычтары жок, ал тургай отургучтун жарымын алып салган крузовой машинадан айырмасы жок маршруттар уялбай кантип 15 сом деп атат, мен ушуга таң калып атам. 15 сомго түшкөн маршрут «люкс» болуш керек. Шаардын ар бир аялдамасын эскертип айтып туруусу зарыл. Сагызды балчаңдап чайнап, сигаретти буркурата чегип, какырынып терезеден түкүрбөй, кулак мээңди жеген, өзү түшүнбөгөн музыканы коюп, клиеннттин башын оорутуп, сөзүн укпай, аялдамдан токтобой кете беришет. Телефондон балжырап кечке сүйлөшүүсүнө тыюу салуу керек. Улам артындагыларга МАИ тууралуу кабар берип, андан өткөндөн кийин тызгып качканды токтотууга мезгил жетти. Керек болсо жаш өзгөчөлүгүнө карап шофер болушсун. Өтө жашы кызуу кандуу болот экен, өлүш-тирилишин билбей айдап. Карыган абышкаларды да албаш керек. Кээде жүргүнчүгө жардам керек болуп калса, аларга ыңгайсыздык пайда болот. Орто курактагы, токтонуп калган шайдоот жигиттер болсун. Алар машинасын да, өздөрүн да чыкыйтып карашат. Тазалык, маданият биринчи орунда болуш керек. Местадан ашык алган маршруткага, керек болсо кожоюндарына олчойгон штраф салынсын. А так болбосо баа мурдагы боюнча калсын. Төшөгүнө карап бут сунушсун. Ансыз да алсыраган элдин жонунан жоон кайыш тилишип, канын эми маршрутниктер ичпесин. Карапайым эл биз да өз укугубузду талап кылууга акыбыз бар..
Мени тепкилеп кетүү пайдасыз. Мен да кыргызстандын карапайым бир жараны катары карапайым элдин укугун талап кылууга акым бар. Мен жазгандар болгон чындык жана күнүгө көрүнүп турчу көйгөй ушул. Акчасы көптөр, маршруттун кожоюндары, элдин тагдырына башы оорубагандар, маршрутниктин аялдары, туугандары эле 15 сомго макул болбосо, жөнөкөй эл макул боло албайт. Андан көрө автобус, тролейбусска түшкөн оң. Беш сом болсо да пайда мамлекетке түшсүн. Биз карапайым эл, маршруттун кожоюндарын, айдоочусун байытып койгон жазабызбы бул? Байыган сайын беш колун матырган ачкөздүккө чек коюу өзүбүздөн. Мамлекеттен автобус, троллейбустарды талап кылалы, ошолорго түшөлү, аз да болсо мамлекетке салым болот эле.Башканы айтпайын 218-маршруттун линиядагылары машаяк эле болду. Өздөрү жыргатпайт.. каттаган автобустарды жолотпойт. 18 — автобус менен мушташып, ур токмокко алып эле, күн көргөзбөй, жолдон кысып, жол бербей эле каттаттпай койду. Дагы бир автобус каттаган, аны да ур-токмокко алышат. Бизге автобус эле ыңгайлуу. Карапайым адамдардын кызыкчылыгына кызмат кылбаган маршруттарды коргоонун кереги жок, андан көрө лицензиясынан ажыратуу керек. Менчик таксиден бетер каалаган бааны коё бергидей, талап кылып иш таштагыдай эл оюнчук эмес. Эл бар экен, акчасы ашкан үчүн миңдеген долларды берип линияга туруп атышат. Маршруттун кожоюндарына олчойгон штраф жазыш керек.. арендасын көтөрүп айдоочулардын эсебинен акча кылгандарды. Ачкөздөрдүн тамагын бууш керек. Элге келген кымбатчылыкты беттерине кармабасын. Али эт жей элек эл бар. Бир нан үчүн саартан кечке иштеген жаш балдар бар. Уят эми, уят, ачкөздүктү токтоткула, же элге норм кызмат кылышсын. Кээ бир шалтурук, тазалыкты карабаган шоферлордун оордуна мыкты шофёр аялдар бар, мына ошолорду алсын линияга.. аялдар тартипти бузбайт, тазалыкка, тактыкка так келет.
Кайсыл бир адамдын кызыкчылыгы эмес элдин кызыкчылыгы мен үчүн маанилүү.
{терс коментке жооп жок}
Куку
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс