Пятница , 18-Июнь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Инандыны таап берем деп 50 миң доллар алдап кеткен жаран кармалды

Инандыны таап берем деп 50 миң доллар алдап кеткен жаран кармалды


Өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып 50 миң доллар алдап кеткен жаран.
Өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып 50 миң доллар алдап кеткен жаран.

Бул тууралуу Бишкек шаардык милиция башкармалыгы билдирди.

Шаардык милиция тараткан маалыматка ылайык, 2-июнда Түркиянын М.А аттуу жараны өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган белгисиз жаранга чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган. Орхан Инандыны табууга жардамдашууну убадалаган жаран 50 миң доллар жана Subaru Impreza автоунаасын алып, дайынсыз кеткен.

Аталган факты боюнча шаардык милиция “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, изи сууй электе 1994-жылы Ош облусунда туулган, убактылуу иштебеген, мурда соттолгон жаран кармалды.

Тинтүү учурунда анын жанынан Subaru Impreza унаасы жана 50 миң доллар табылган. Андан тышкары МПР үлгүсүндөгү октолгон тапанча болгон.

Учурда тергөө иштери менен катар кармалган жарандын башка кылмыштарга катышы иликтенүүдө. Шаардык милиция жогорудагыдай учурлардан сак болууга чакырды.

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды үч күндөн бери дайынсыз болуп жатат. (МТа)

https://www.azattyk.org/a/31288106.html?fbclid=IwAR3kFePuhD-c-EjQQAETkdWZ65GdOgBpvvQlWRE3irmWR5yAb-r5BoCjPSs

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс