Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Кыргызстан / ОРХАН ИНАНДЫНЫН ЖОГОЛУШУ ЖӨНҮНДӨ

ОРХАН ИНАНДЫНЫН ЖОГОЛУШУ ЖӨНҮНДӨ

Моюнга алсак да, албасак да, 2021-жылдын 28-апрелиндеги Тажикстан Куралдуу күчтөрүнүн Мекенибизге жасаган согуштук баскынчылыгы — Кыргызстандын 30 жылдык мамлекеттүүлүгүндө мамлекет кадырына урулган эң катуу сокку, эгемен тарыхыбыздагы эң шерменде окуя, көрүнүш катары катталып калмакчы. Улут үчүн уят, мамлекет үчүн абыдан аянычтуу андай шермендечилик кайра кайталанбасын дейли…

Анткен менен, кандуу агрессиянын табы сууй электе дагы бир улуттук масштабдагы арсыздыкка жол бергенден сакпызбы деги?! Кыргыз билим берүүсүнө опол тоодой эмгек сиңирген инсан Орхан Инандыга байланыштуу маселенин деле ошого тете мааниси бар. Болжолдонуп жаткандай, эгер Кыргыз Республикасынын жараны Инандыны чет өлкөлүк атайын кызмат уурдаган болсо, ал эгемендүүлүгүбүзгө ачык шек туудуруп, мамлекеттин абройун биротоло жерге түшүрүп, мамлекетчил рухту, ишенимди жеберине жеткире жексендеп, караңгылык, кулчулук, саткындыктын сайрандашын оожалдырышы ыктымал.
Арийне, ардемени дөөрүп, бу шойкомго табасы кангандар да иттин кара капталынан экен коомчулукта. Ага карата «оо, айланайын түркөйлүк ай, түркөлүк, оо, айланайын байоолук ай, байоолук!» деп жер сабагандан башка арга жок азырынча…
Ошентсе да… ачуу болсо деле айтууга туура келет: мындай түркөй катмары калың коом дегеле бир олуттуу иштин өтөөсүнө чыкпайт, кадыресе мамлекет болуп жарытпайт. Мындай шартта «кылым аферасы» аталган Кумтөр маселесинен деле ныпым майнап чыгара албай, эртең дале «тешик тепшини» кучактап кала беришибиз мүмкүн!
(«Жаман айтпай, жакшы жок», же болбосо, «душман күйдүрүп, дос сүйдүрүп айтат» дейт элдик накыл…)
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс