Пятница , 18-Июнь 2021
Башкы бет / Аналитика / ЖИГИТТИ ӨЛТҮР, БИРОК АКЫСЫН ЖЕБЕ

ЖИГИТТИ ӨЛТҮР, БИРОК АКЫСЫН ЖЕБЕ

Унчукпай коюуга жүрөк чыдабады…
Молдо Сабыр жана Молдо Надыр. Бул залкарлар кыргыз аалымдарынын көч башындагы даанышмандары. Азыркы тапта жетилип, дин тармагына кызмат кылып жүргөн көптөгөн молдолордун устаздары. Өткөн доордун Нурмолдо, Молдо Шама, Туяк олуя, Тоголок Молдо, Хусейин Карасаев өңдүү данакерлери сымал азыркы замандын дин жаатында эң өзөктүү темаларда эмгек жазган калемгер агартуучулары.
21 кишилик Аалымдар Кеңешинин атайын токтому менен 7 киши Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын мүчөлөрү болушту жана талапкерлерди каттоо ишин башташты. 25-майга чейин Аалымдар Кеңешинин токтомдорунда бекитилген даталарга сынактарды өткөрүүгө Кеңештин тапшырмасын аткарып үлгүрүүгө, жыйынтыктарды Курултайга чейин жетиштирүүгө болгон күчтөрүн жумшашты. Дал ошол күндөн баштап Куштар, Бакай деген дөөпөрөс баш болгон айрым дааратсыз түркөйлөр, акчага сатылган заказной чалдар комиссия мүчөлөрүнө, аксакал аалымдарга жалаа жаап, коркутуп, жыйынды үзгүлтүккө учуратып, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирип трайбалисттик маанайдагы сөздөрдү айтып, каттады жазып, айтор бир далай мыйзамсыз аракеттерди жасашты. Аалымдардын кат жүзүндөгү даттануусуна мамлекет тарабынан чукул чара көрүлбөгөн соң, ишеним калбай калган соң үмүттү үзүп, айкөлдүккө салып коюушту.
Ар кандай уюшма топтордун заказной кысымдарына, басымдарына жана балит, акаарат сөздөрүнө чыдаган Молдо Сабыр, Молдо Надыр, Абибилла Кадырбердиев , Марс Ибраев жана башка дамыллалардын, Абдуманап каарыкенин сабырдуулуктарына бир чети тан берсем, бир чети сатылма, мансапкор, былгытма топтордун илимдүүлөрдү атайылап кордогонуна боорум ооруду. Ошентип, карөзгөйлүк, чыккынчылык жеңди, уюштуруучулар, шыкакчылар, кутумчулар, сатылма шакалдар ыйык Каабаны жыккандай күнөөгө батышты жана тилдери менен өздөрүнө акырет азабынын кепилдигин алышты. Комиссия тарады. Бирок, акаарат сөздөргө аалымдардын жүрөгү ооруган бойдон калып кетти.
Молдо Сабыр дамылла серьезный оору менен күрөшүп, жөтөлдөн дем ала албай кыйналып жатканына карабай комиссиянын иштерин КМДБ уставынын, комиссиянын жобосунун негизинде гана жүргүздү. Буга азыркы жана мурунку комиссия мүчөлөрүнүн баары жана иштин ичинде жүргөн мен да күбөмүн. Инсандык кемчилик баарыбызда бар, эч ким пайгамбардай кынтыксыз боло албайт. Бирок, аалымдар Пайгамбарлардын мураскорлору экенин аламан жарышка ат салышар аалымдар жана сатылма шакалдар унутпаса экен.
Эми бүгүнкү күндө Курултайдын жылып кеткенине, митинг пикетке Молдо Сабырды, Молдо Надырды, Абдуманап каарыны, Абибилла дамылланы себепкер кылууга айрым адамдардын жан далбас урушу өз айыбын башкага оодара салуу сымал алсыздык, чарасыздык жана карасантайлык.
Курултайды жылдыруу, комиссияны таратуу максатында Аалымдар Кеңешине ондогон каттар жолдонду. Анын баары менде турат. Каттарды окуган соң баарынын демилгечиси, шыкакчысы бир эле кишидей, бир эле топтой туюлду. Анан да күйдүргөн жери, муфтийди жана Аалымдар Кеңешин тандоого Молдо Сабыр менен Молдо Надыр татыксыз имиш. Ошол катты жазган сенин ……. …. деп ичимден ашаттым. Бул катты жазгандардын, молдолордун илиминен шек санагандардын баарын эрөөлгө чакырам. Силердин жалганга, жалаага, мансапкорлукка сугарылган амбицияңар алардын Союз кезинде кышында мал сарайдагы самандын үстүндө уктаган бир түнүнө, качып-бозуп илим алган, мал сарай сыяктуу ожурада камалып, кургак нанды сууга малып жеп, жылдап окуган күндөрүнүн бир күнүнө тең келбейт. Молдо Сабырдын же Молдо Надырдын жазган китептеринин бир темасындай эле маңыздуу бир тема жазып келгилечи ошончолу эксперт болсоңор. Ошончолук кыйын болсоңор, тафсир, хадис, усулу фикх, фикх, акыйда багыттары боюнча алар түзгөн бирден эле суроолорго толук жооп бергилечи, кысталак дааратсыздар.
Акыйкат айтылчу жерде унчукпай калуу — тилсиз шайтандын иши. Медал менен сыйлаганына карабай акыйда темасында адашкан ойду айткан бурадарыбызды сындаган, тууралыкка чакырган эр жүрөк эле деп жазат Молдо Сабырды жана башка дамыллаларды кийин тарых китептери. Бүгүн аларды гыйбат кылгандар, көңүлүн ооруткандар тирүүсүндө барып кечирим сурап койгула. Өзүңөргө, акыретиңерге эле жакшы. Андыктан, бул иштин ичинде жүргөн, акыйкатсыздыктарга күбө болгон инсан катары жүрөктү өйүгөн маселени айттым. Сөз эсин табат…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс