• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

ОРХАН ИНАНДЫН ЖОГОЛУШУНУН АРТЫНДА ЭМНЕ БАР?

Автор:ruh_admin

Июн 1, 2021

Кыргыз-тажик согушу көп маселенин башын ачты. Россия, ЖККУ боюнча суроолор пайда болду. Кыргызстан айланасына карап, Түркияга жүз бурду. Эки ортодо диалог күч алды.

Анкара менен Бишкек стратегиялык мамилени андан ары бекемдөөгө ниеттенди. Стратегиялык мамилени бекемдөөдө мурдагыдай соода-экономика, инвестиция, билим берүү эле эмес, аскерий багытта кызматташууну бекемдөө күтүлүп калды. Анткени Кыргызстан Түркиянын заманбап аскердик техникаларына, технологияларына муктаж экени кыргыз-тажик согушунда көрүндү.
Мына ушул маанилүү маселелер июнь айында Анкарада Кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтык Жогорку кеңешинин бешинчи отурумунда талкууланмак. Бул үчүн Кыргызстан президенти Түркияга сапары белгилеген.
Бул айрым геосаясий күчтөргө жакпаган көрүнүш. Биринчи кезекте Кыргызстандын эң маанилүү стратегиялык өнөктөшү Россияга жакпашы турган иш. Тажикстан да каршы. Түркиянын Борбор Азия регионунда тамыр жайышына, бекемделишине сырткы күчтөр да ыраазы эмес.
Мына ушундай жагдайда түрк жараны, азыр эми кыргыз жарандыгын алган Орхан Инан жоголуп жатат. Анын жоголушуна кайсы тарап кызыкдар болушу мүмкүн?
Орхан Инан гүленчи аталган. Түрк мамлекети гүленчилерди душман катары сыпаттап, аларга каршы күрөш жүргүзүп келет. Расмий Анкара чет өлкөлөрдөгү гүленчилерди да алып келип, жоопко тартууну көздөйт. Бирок Орхан Инанды уурдап, эки өлкө ортосундагы мамилени бузууга түрк тарап кантип барсын? Өзгөчө Кыргызстан президентинин Түркияга сапары алдында.
Орхан Инанды түрк атайын кызматтары сырттан кармап келген Абдулла Ожалан менен салыштыруу туура эмес. Деңгээлдер таптакыр эле келишпейт…
Ошондуктан Орхан Инандын жоголушунун артында чоң геосаясий чагым жатышы ыктымал…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс