• Чт. 26 мая, 2022

Популярные метки

Кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн кантип чечүү керек? Баткендин экс-губернатору С. Айжигитовдун сунуштары

Автор:ruh_admin

Май 31, 2021

Чек ара боюнча ачык кат.

Саламатсыздарбы урматтуу Кыргызстандыктар, мекендештер!

Мен, Айжигитов Султанбай Абдрашитович, Баткен облусунун экс-губернатору.

Урматтуу мекендештер, Кыргызстанда жылдан жылга чек ара маселеси айыкпаган, мезгил- мезгили менен ырбаган жарага жана согушка айланып баратат. Чек ара маселеси — бул суверенитеттин маселеси, улуттук коопсуздугунун маселеси, аймактык бүтүндүктүн маселеси, кыргыз элинин ар намысы жана абийиринин маселеси. Ошого байланыштуу, мен өз пикиримди айтып койгонду туура көрдүм.

Акыркы жылдары чек ара маселеси, айрыкча Баткен облусунда өтө курчуп, чегинен чыгып баратат. Мындай шарт элибиздин тынчын алып, улуттук намызыбызга, абийирибизге тийип жатат.

Эмне үчүн, акыркы жылдары кыргыз- тажик чек арасында чыр-чатактар курч алып жатат? Менин пикиримде, буга бир катар көп жылдан бери чечилбеген, системдуу себептер бар:

1. Мамлекеттик узак мөөнөттөгү стратегиялык чек ара саясатынын жоктугу.

2. Чек аранын такталбагандыгы .

3. Анклав маселелеринин чечилбегендиги.

4.Жумушсуздук, жакырчылык, экономикабыздын өнүкпөгөндүгү.

5. Жердин, суунун жана жайыттардын тартыштыгы.

6.Биздин чек ара аймактарында жашаган элибиздин аздыгынан, чек арага жетиштүү көңүл бурбаганыбыздан жана башка кемчиликтерибизден пайдаланып, кошуналарыбыз өзүнүн көйгөйлөрүн Кыргызстандын аймагынын эсебинен чечип алуу аракеттерин көрүп жатат .

Ошондуктан, чыр-чатак чыкканда эле барып, ар тараптуу сүйлөшүүлөр жана элге түшүндүрүү менен чектелген чаралар жетиштуу эмес, чек ара маселесине системдүү мамиле кылуу зарыл.

Жогоруда аталган системдуу себептери такталгандан кийин, аларды системдүү чечүү жолдору деле күндөн жарык болуп, көрүнүп турат. Башкача айтканда, ооруунун диагнозу так болгондон кийин, дарылары деле так айтылат. Булар төмөндөгүдөй:

Биринчиси, кыска мөөнөттө 1990-жылдары СССР бузулгандан кийин, Минск жана Алматы шаарларында, жаңы түзүлгөн эгемендуу мамлекеттердин президенттеринин колу коюлган, андан улам парламенттери ратификациялаган, чек ара боюнча түзүлгөн келишимди жетекчиликке алып, мамлекеттик узак мөөнөттөгү стратегиялык чек ара саясатын иштеп чыгуу зарыл.

Минск жана Алматы шаарларында түзүлгөн документтин өзгөчөлүгү — бул анын абсолюттук легитимдигинде. Буга чейин СССР мамлекетинин, Совет республикасынын чек ара боюнча кабыл алынган буйруктарынын легитимдиги күмөн, себеби алар, жогоруда айтылган саясий жана укуктук процесстерден толук кандуу өткөн эмес, андан тышкары бири-бирине каршы. Ошондуктан, Совет өкмөтүнүн чечимдерин жетекчиликке алып, алардын бири-бирине карама-каршылыгына байланыштуу, жаңы пайда болгон эгемендүү мамлекеттер, чек араларын чечип алабыз деген аракеттерин саясий жана укуктук туңгуюкка ( тупике) чыр-чатактарга алып келгенинин себеби.

Жогоруда айтылганга байланыштуу, узак мөөнөттөгү ар тараптуу кызыкчылыктарды камдоо жана көпкө узарып кеткен чек ара маселелерин түбөлүккө чечүү максатында кызыкдар болгон тараптар, Минск жана Алматы шаарларында түзүлгөн, жеке легитимдүү документке кайрылып, аны чек ара маселелерин чечкенге жетекчиликке алышы зарыл.

Экинчиси, Минск жана Алматы шаарларында түзүлгөн келишимде, СССР бузулган учурга жараша, мурдагы Совет республакаларынын административдик чек аралары мамлекеттик чек ара деп эсептелсин деп так жазылган. Ошондуктан, ар тараптар бул докумунтти жетекчиликке алса, чек ара линиясы ошол замат такталат, андан улам демаркация иштери тез арада бүтүп, чек ара мамилелери укуктук талаада чечиле турган болот .

Үчүнчүдөн, Минс жана Алматы шаарларында түзүлгөн келишимди ар тарптар жетекчиликке алса, анклав жана эксклавдардын чек ара линиялары ошол замат такталып, андан тышкары алардын көйгөйлөрүн натыйжалуууу чечкенге, биздин шартыбызга эң ынгайлуу: » Режим особого функционирования анклавов и экславов» деген моделди ишке ашырганга жол ачырат. Бул моделдин негизги шарттары төмөндөгүдөй:

— анклав жана экславтарга кирип-чыгуу тоскоолдуксуз, бир эле эсепке алуу негизинде;

— анклавда жашаган коңшу мамлекеттердин жарандарынын Баткен облусунун аймагында кыймылы жана эмгек аракеттери тоскоолдуксуз, бир эле эсепке алуу негизинде, ошондой эле укуктар Баткен облусунун жашоочулары үчүн анклавдын аймагында;

— анклавдын аймагында мотордуу, оор куралдуу күчтөрдү кармаганга тыюуу салуу, бир эле коопсуздук, укук жана коомдук тартип коргоо күчтөрүнө уруксат, анклавтарга кирген жана чыккан ок атчуу куралдардын эсеби Кыргызстанда болушу тийиш;

— Кыргызстан тараптан анклавтардын суверенитетине жана такталган чек арага кол тийбестигинин жана коопсуздугунун кепилдигин берүү;

— жогорудагы чараларды жана кепилдиктерди, эки тараптуу жана ар тараптуу узак мөөнөттөгү келишимдер менен жана атайын мыйзамдар менен бекемдөө;

Төртүнчүсү, чек ара аймактарына тиешелүү, атайын социалдык — экономикалык өнүгүү программасын тез арада иштеп чыгып, аны ишке ашыруусу зарыл.

Бешинчиси, жерди жана сууду, жайыттарды, атайын социалдык-экономикалык программанын алкагында үнөмдүү жана натыйжалуу колдонууга тийиш.

Алтынчысы, эгер жогоруда айтылган чаралар ишке ашса, кошуналардын, Кыргызстандын аймагынын эсебинен өз көйгөйлөрүн чечүүчү аракеттерине кескин тыюу салынат.

Жетинчиси, биздин чек арадагы жашаган элибиздин, өзүнүн аздыгына карабай, кошуналарыбыздын мыйзамсыз жана адилетсиз мамилелерине каршы, улуттук ар-намысын жана кызыкчылыктарын коргогонго, улуттук абийрин сактаганга кылган аракеттери колдоо таппай, тескерисинче, чыгаан жигиттерибиз, эже-карындаштарыбыз куугунтукка алынып, алардын жана алар менен кошо элдин «духун» сындырганга кылган аракеттерибиз, улуттук коопсуздукка жана кызыкчылыктарга каршы, акылга жана логикага сыйбаган иш болуп жатат.

Жыйынтыгында, дагы бир нерсеге көңул бургум келет. Азыркы учурда чек арада болгон акыркы суук окуяларга байланыштуу, коом жана эл, тиешелүү жана чечкиндуу кадамдарга барууну талап кылууда. Бул тема соцтармактарда ,коомдо жана Жогорку Кенеште кызуу талкууланууда. Биз чечкиндүү кадамдарга бара турган болсок, өзүбүзгө көбурөөк зыян келтирип алабыз, ошондуктан чек ара маселесин нукура дипломатиялык жол менен чечүү керек деген да ойлор айтылууда.

Менин пикиримде, дипломатиялык жолдорго эч ким каршы эмес, бирок биздин дипломатиялык кыймылдарыбыз жыйынтыгын бербей жана өтүмдуу болбой жатпайбы. Жергиликтүү бийлик жана тиешелүү кызматтардын ортосундагы сүйлөшүүлөр бери турсун, эң жогорку деңгээлде өткөн, эки президенттердин сүйлөшүүлөрүнөн кийин да жыйынтыгы ишке ашпай, чек арадагы провокациялар, кан төгүлүү жана өлүмдөр тескерисинче күч алып, оор куралдарды, учактарды колдонуп ,куралдуу агрессияга чейин жетип жатпайбы. Бул биздин дипломатиялык кыймылдарыбыздын маскарасы болуп жатпайбы, биздин дипломатиялык сөзүбүздүн салмагынын жоктугу болуп жатпайбы.

Дипломатиялык кыймылдар өтүмдүү болуш үчүн, экономикалык, финансылык жана куралдуу күчтүн рычагдары менен толукталып туруш керек. Дипломатиялык кыймыл өтүмдүү болбой калганда, артында турган экономикалык жана күчтүн рычагдарынын кыймылы башталат. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Дипломатиянын артында турган экономикалык жана күч рычагдарын бирөөгө зыян келтируу максатында эмес, дипломатиялык сөздүн салмагын көтөрүү максатында колдонот. Тажик тараптан жасалып жаткан акыркы провокациялар, кезектеги жолугушуунун алдынан , кыргыз тарапка кылып жаткан басым эмес деп ким кепилдик бере алат?

Айтылгандар куру сөз болбош учун, өзүмдүн башымдан өткөн тажрыйбамдан айтып берейин. 2005-жылы баарына белгилүү революциядан кийин, Баткен облусунун элинин курултайында губернатор болуп шайландым. Ал кезде чек арадагы анклав бүгүнкү күнгө караганда 2 эсе оор болчу, айланма жолдор такыр жок болчу. Облустун аймагынын ичинде, бир райондон экинчи районго өтүш ары турсун, бир айылдан экинчи айылга өтүш үчүн Сох жана Ворух анклавдарын же Өзбекстан менен Тажикстандын негизги аймагын аралап, ондогон посттордон көрбөгөн кордукту көрүп өтүүгө мажбур болчу Баткендин эли. Ошол шартта, эмгек күндөрү кабинетте иштеп, эс алуу күндөрү эл менен жолугууга чыгат элем. Жолугушууларда бардык жерлерде эл ар дайым негизинен үч эле талапты койчу — сууну, жолду жана чек араны чечип бер деп.

Биринчи күндөрү, адаттагыдай эле элдин талабын аткаруу максатында, каттарды жөнөтүп, ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Бирок жыйынтыгында элди канааттандыруу болбоду окшойт, кезектеги Кадамжай районунун Бүргөндү зонасында жайгашкан айылдарынын эли менен жолугушууга барганда, эл менден катуу талап кылышты, кошуналарга чечкиндүү чара көр, чек араны жана сууну жап деп. Бирок, мен элге суроо бердим «Эгер мен силердин талабыңарды аткара турган болсом, өзүңөр талаа менен каттоого дуушар болосуңар, ошого чыдайсынарбы?» деп. Эл: «Канча болсо чыдайбыз», — деп жооп берди. Ошол күнү чек ара күчтөрүнүн төрагасы Субанов менен байланышып, жоопкерчиликти жеке өзүмдүн мойнума алып, чек араны Фергана облусу менен жаптык, Кадамжай районунун акими Дыйканбай Кенжебаев Өзбекстанга кеткен Шаймардан суусунун көлөмүн азайтты. Фергана облусунун тиешелүү дыйкандары жана Сох анклавынан тургундары көчөгө чыгып, тополоң салышты. Эки саат өтпөй, Фергана облусунун губернаторунун орун басары чек арага келип, чек араны жана сууну ачканды суранды, биз да талаптарыбызды койдук, ошол талаптарды аткарууну сурандык. Бирок, ал биздин талаптарыбызды аткарууга губернатордун гана укугу бар экенин айтты, анда биз кечирим сурап анын суранычын аткарбашыбызды билдирдик, Фергананын губернаторуну бизге келишин сунуштадык. Ошол эле күнү кечке жакын Ферганадан телефон чалышып, губернатор Баткенге жолугууга барат, күтүп алыңыздар деп айтышты. Фергананын губернатору Баткен шаарына түнкү саат 12лерде келди, тилекке каршы фамилиясы эсимде жок, экообүз менин кабинетиме кирип сүйлөшкөндө, мага менин орун басарым маалыматтын баарын берди, 4 сааттан ашык өзүбүзчө териштирдик. «Күнөө бизден кетиптир, тиешелүү чараларды көрдүм жана силердин талабыңар толугу менен аткарылат»,- деп айткан. Мен ал кишиге терең ыраазычылыгымды билдирип, эки жакка пайдалуу чечимге келдик. Менин айтаарым, биз Өзбекстандан ошол кезде өтө көз карандылыгыбызга карабай, элдин колдоосунда, чечкиндүү кадамдарга бардык. Өзбекстан тарап да, биздин мажбурлуу чараларыбызды туура түшүнүп, биздин талаптарды канаатандырды, айлап чечилбеген маселелер бир күндө чечилди.

Ошондон кийин, кошуналардан транспорттук көз карандылыктан кутулуу максатында, 2005- 2006-жылдары биринчи кезекте, Сох анклавын айланып өтчүү жолдорун ашар ыкмасы менен курдук. 2006-жылдын ноябрь айында баштап, 2007- жылы июль айында «Баткен-Бүргөндү- Пүльгөн» 100 км. айланма жолунун курулушун ашар ыкмасы менен бүтүрдүк. Андан тышкары, Евросоюздан каржыланган , Чорку айылынын аймагынан өтө турган, Самаркандек жана Миңөрүк кыргыз айылдарын бириктире турган эстакаданан баш тартып, Евросоюздун Кыргызстандагы өкүлдөрүн ынандырып, бюджетин 6 млн. евродон 10 млн. еврого көбөйтүп, өзүбүздүн аймактан өтө турган Төртгүл-Көкташ — Рават айланма жолунун долбоорун түзүп, аны ишке ашыруу максатында даярдадык. Менин бүгүнкү күнгө чейин өкүнгөн жерим, бул Аксай-Тамдык айланма жолун курганга жетишпей калганым. Бирок ал менин күнөөм эмес, мени башка жумушка которуп салгандыгына байланыштуу.

Сөзүмдүн акырында, бүт Кыргызстандын элине, мекендештериме аманчылыкты, тынчтыкты, токчулукту жана молчулукту, чың ден соолук каалаймын. Кыргызстанды кырсыктардан, ооруу-сыркоолордон Алла Таалам өзү сактасын.

Көңүл бурганыңыздарга чон рахмат!

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс