• Чт. 26 мая, 2022

Популярные метки

Муфтияттын курултайы эмнеге дагы кечиктирилүүдө?

Автор:ruh_admin

Май 26, 2021
Урматтуу Эл жакшылары!
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Азирети муфтийин дайындоо боюнча Курултай үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен 29-майына жылдырылган болчу. Өлкө боюнча диний багытта эмгектенген көптөгөн делегаттын билеттери күйүп, көптөгөн пландуу иштер жокко чыккан. Мындайча айтканда, дин тармагындагылар жүдөгөн.
Ошентип, орозодон кийинкиге жылдырылган болчу. Бирок бу жолу да Курултайды кайрадан белгисиз мөөнөткө жылдыруу боюнча миш-миштер тарап атат. «Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт» дегендей, бул сөздөр жөн жерден чыкпай жатса керек. Буга кайсы бир талапкерлер же уюшкан кландар кызыкдар болушу толук мүмкүн.
Азыркы тапта муфтият саясий жана финансылык кризисти баштан өткөрүп жатканы жалпыга маалым. Муфтий жок. «и.о» (Исполняющий Обязанности) муфтийдин мүмкүнчүлүктөрү жана ыйгарым укуктары чектелүү. Жыл башындагы чууга байланыштуу муфтият, казыят жана хатибдердин айлыгы февралдан бери токтоп турат. Бир тарапта медреселер турат. Айлыксыз имамдар, каралбаган мечиттер…
Эртең ажылык уюшулса кандай болот? Ким уюштурат? Башчысы жок, айлыгы жок муфтият кантип уюштурат? Экинчиден, буга чейинки топтолгон ажылардын акчасында да мүчүлүштүктөр бар экен. Аларды «разбирать» этиш керек. Муфтиятты кризистен чыгарып, ишти алып кетиши үчүн жаңы муфтий сөзсүз шайланышы керек. Эгерде Курултай дагы жылып кете турган болсо, анда кризис күчөй берет. Муфтияттын кадыр-баркы андан бетер түшөт. Делегаттардын акчасы күйөт. Бүт даярдыктар, брондолгон орундар, аларга кеткен чыгымдар абага учат.
Эң негизгиси, эл тарабынан бийликке болгон шектенүү пайда болот. «Бийлик кийлигишиптир», «муфтияттын ишине тосколдук жаратып, өз адамдарын түртүп атыптыр», «Бийлик ажылыктын жана зекет-садаганын акчасына кызыгып атыптыр» деген сыяктуу ушак чыгып, жаңы бийликтин беделине доо кетирип коюшу мүмкүн. Ушул эле миш-мишти манипуляциялап, бийликке каршы колдонгусу келген саясатчылар чыгары турган сөз.
Демек, кандай болгон күндө да Курултай өз убагында өтүүгө тийиш. Болбосо дин жаатында кризис тереңдей берет. Муфтийсиз жүрө берсек, ислам дүйнөсүнө уят болуп калышыбыз кеп эмес. Бул нерсе жаңы бийликке каршы иштеп калышы мүмкүн. Ошондуктан урматтуу эл башчылары жана жакшылары, ушул маселени Алла ыраазычылыгы үчүн өз көзөмөлүңүздөргө алсаңыздар.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс