• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

ӨЗӨКТӨН ЧЫККАН ӨРТ ЖАМАН

Автор:ruh_admin

Май 17, 2021
же Мыйзамды бурмалагандар жөнүндө сөз
Тажикстандан жана Өзбекстандан көчүп келген кыргыздардын өкүлдөрү 2-декабрда Чүй университетинин жыйын залына чогулганда, Жогорку Кеӊештин депутаты Чынара Урумкалиевага абдан орчундуу маселелер айтылды. Айрымдары чет өлкөдөн көчүп келген кыргыздардын жарандык алганга чейинки укуктук абалын жеӊилдетиш үчүн кабыл алынган “Кайрылмандар жөнүндө” мыйзамдын… кереги жок, аны жоюп салыш керек дешти. Эмне үчүн?..
“Ата-бабаларыбыз мыйзамсыз эле жашаган!”, “Бизге мыйзам эмес, салт-санаа керек!”. Акыркы кезде карапайым калк арасында ушуга окшош сөздөр өтө көп айтылып, кайталанып жатат. Формалдуу жоболорду бетке кармап, мамлекетке да, элге да зыяндуу жосундарды жасап келген бузукуларга жаалданып, кыжыры кайнаган кишилерди түшүнсө болот.
Көрсө, кайрылмандар жөнүндө мыйзамдын кийинки жылдарда өзгөртүлгөнүнө шылтоолоп, тарыхый мекенине көчүп келгендердин абалын жеӊилдетпей эле, атайылагандай оорлотуп, убарачылыгын арттырып жаткан бюрократтар бар экен! Кайрылман макамын алуу үчүн кагаз талаптар көбөйүп, миграция кызматындагы тийиштүү күбөлүктү бере турган кызматкерлер келгендерге мазактагандай осол мамиле жасап калыптыр.
Мисалы, чет өлкөдөн көчүп келип, Кыргызстандын жарандыгын алган кыргыздардын балдарынын паспорт алышы соӊку жылдарда кескин татаалдашып кетти. Жашы жеткен этникалык кыргыздардын да жарандык алуу мүмкүнчүлүгү өтө чектелип калды.
Ата-энеси тарыхый мекенине келип, жарандык алган кезде берген арызына балдарынын аты-жөнүн кошо жазган эмес деген шылтоо менен бармактайында бул жакка келип жашап калган балдарды чет өлкөдөн эч кандай карызы жок, кылмыш иштерине аралашпаган ж.б. дегендей маанидеги маалымкат алып кел деп кыйнашууда. Мунун айынан жүздөгөн улан, кыздар мектептен кийин билим алуусун уланта албай, көпчүлүктүн катарында Россия же Казакстанга иштегени бара албай… дегеле паспорт көрсөтүлүшү зарыл болгон учурлардын баарында адамдык жана жарандык укуктары чектелип жатат. Булардын арасында Кыргызстанда төрөлүп, туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн ушул жактан алган балдар да бар.
Жакшыраак карасак, 2008-жылы кабыл алынып, акыркы ирет 2015-жылы 27-январда өзгөртүүлөр киргизилген “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» деп аталган бул мыйзамда карапайым кыргыздардын укуктары дурус эле корголгон окшойт. Бирок баары бир соӊку редакциясындагы бир жобо мыйзамдын өзөк идеясына каршы келген актылардын кабыл алынышына жол ачып коюптур: “7-берене. …Кайрылман статусун берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат». (КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кеп ушул мыйзамдын түпкү мүдөөсүнө да, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамга да, Кыргыз Республикасынын Конституциясына да, эл аралык укуктук ченемдерге да такыр каршы келген токтомдордо, ошондой эле мыйзамдын жоболорун теӊирден тескери чечмелеген бюрократтарда экен. Мисалы,
«Өтүнүчтү кароо жана кайрылман статусун берүү жөнүндө же кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгаруу өтүнүч катталган күндөн тартып эки айдын ичинде жүзөгө ашырылат» дегенди ким кандай түшүнөт?
Мында «эки айдын ИЧИНДЕ» деп жазылган, сөзсүз эки ай күттүрүш керек деген эмес. Мыйзамга «Эгер көчүп келген этникалык кыргыздын шойкомдуу иштерге аралашпагандыгын Кыргызстандын жарандыгын алган ата-энеси же жакын тууганы айтып, кепилдигин алса, кайрылман макамы арыз жазган күнү эле ыйгарылат» деп атайын берене же пункт киргизүү зарыл.
Дагы бир жобо өздүктү тастыктоочу документтердеги ысымдын туура жазылышына байланышкан убарачылыкты жоюу үчүн керек. Мисалы, тажик алфавитинде “ы” тамгасы жок, кыргызча “ж” тыбышы куйруктуу “ч” (Ҷ, ҷ) менен жазылат. Ошондуктан Тынчтык аттуу жигиттин ысымы паспортуна “Тинчтик” деп, Жамал аттуу кыздын ысымы “Ҷамал” деп жазылып калган.
Алфавитке тиешеси жок эле ката жазылып калган аттар, фамилиялар да көп кездешет. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүктө “Осмон” деп жазылган болсо да, паспорт берилип жатканда бул ысымдын тажикче айтылышына “тууралап” “Усмон”, “Асанды” “Хасан”, “Мээрканды” “Мехрихон” ж.б. деп өзгөртүп салган учурлар көп. Паспорт столдогу кызматкерлердин сабатсыздыгынан же шалаакылыгынан эле аты-жөнү ката жазылып калгандар да аз эмес.
Ушул жагдайды жөнгө салуу үчүн кыргызча ысымдар жөнүндө атайын мыйзам кабыл алуу керек. Биометриялык паспорттордун чибине жарандын туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгүндө, мурунку паспортунда жана башка өздүк документтеринде кандай жазылгандыгын белгилеп, кыргызча айтылышы менен жазылышына туураланган соӊку вариантын ачык жаздырууга уруксат берүү зарыл. Жарандын аты-жөнүн тактап жаздыруу укугун бюрократиялык ашыкча убарачылыктардан коргоо керек.
Там-ташын арзан сатып же дегеле сата албай, тарыхый мекенине эптеп көчүп келген кыргыздарды айлап-жылдап убара кылгандардын карманган жүйөсү – мамлекеттин коопсуздугун сактоо зарылдыгы. Эч ким менен өз алдынча келишим түзгөнгө, кандайдыр бир жооптуу кызматка турганга мүмкүнчүлүгү боло элек курагында – бала чагында ата-энеси менен келип, тарыхый мекенинде өскөн балдар мамлекетке кандай коркунуч жарата алат?
Улуттук коопсуздукка балдар же мекенине азып-тозуп келген карапайым кыргыздар эмес, паспортту чайкоо товарына айланткандар коркунуч жаратууда. Эгер чындап мамлекетке күйгөн жетекчи чыкса, биринчи кезекте кыргыз паспортун жасалмалап же бузуку күчтөргө сатып жаткандарды жоопко тартышы керек.
Албетте, мыйзамдар керек, зарыл – аларсыз жарандык мамилелер жүзөгө ашырылбайт, мамлекет да жашай албайт. Бирок мыйзам чыгаруу (же ченемдик-укуктук актыларды түзүү), расмий чечмелөө жана аткарылыш тартибин аныктоо укугу жоопкерчиликсиз, наадан адамдардын колуна берилип калган болсо, мамлекет тез эле кыйрап калат. Тилекке каршы, дал ушул чындыкты көзгө илбей, Конституция баш болгон ченемдик-укуктук актыларды каалагандай өзгөртүп, бурмалаган “мыйзамчылар” улуттук коопсуздукка, мамлекеттин келечегине эӊ чоӊ коркунуч жаратат. Жооптуу кызматтарды ушундай мителерден тез арадан тазалап, мыйзамдарды жөнөкөйлөтүп, баштапкы идеясына тууралап калыбына келтирүү зарыл.
Жолдош Турдубаев
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс