Пятница , 18-Июнь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Аблязов: «Путин Кыргыз-Тажик согушунун автору экенин билдирип койду»

Аблязов: «Путин Кыргыз-Тажик согушунун автору экенин билдирип койду»

Казак олигархы «Россиянын лидери Кыргыз Республикасындагы демократиялык өзгөрүүлөрдү каалабайт» деп эсептейт.
Владимир Путин кыргыздарга ал Тажикстан менен болгон аскердик чыр-чатактын автору экендигин билдирип койду. Мындай пикирин Фейсбуктагы баракчасына казак оппозиционери, качкын олигарх Мухтар Аблязов бөлүштү.
Анын пикиринде, орус президенти кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак анын колунан чыккан иш экендигин жашырбайт.
«Путин кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы аскердик чыр- чатак анын жасаган иши экендигин жашырууга аракет кылбайт» деп
жазат Аблязов.
 Ал ачык-айкын белги берди — Кыргызстандагы демократиялык
өзгөрүүлөргө канааттанган жок. Путин Россия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу авторитардык жана мафиялык режим өкүм сүргөн өлкөлөр менен гана дос болот.

Саясатчы ошондой эле Владимир Путиндин Эмомали Рахмон менен  кошо Москвадагы Жеңиш парадына чыгышы боюнча да

комментарий берди.
«Кызыл аянтта Путин тажик президенти менен чогуу жүрүп, Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы аскердик чыр- чатакты өзү уюштургандыгын ачык көрсөттү» деди Аблязов. — Каза болгон аскерлердин ата-энелери алардын өлтүрүлүшү Путин жана Рахмон экендигин билиши керек.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс