• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

Россиянын көздөгөнү эмне???

Автор:ruh_admin

Апр 30, 2021
Россия конфликт башталгандан бери жок дегенде Өзбекстанга окшоп тынчсыздануусун билдирип койгон жок.
*Россия маалыматтык саясатта Тажикстанга жан тартты.
*Жакында эле Россия менен Таджикистан аскерий машыгуу өткөрдү.
* Эки күн мурда Россиянын таасирдүү адамы Шойгу Тажикстанда эки күн болду. Конфликтин болоорун Россия абдан жакшы билген. Анткени бул окуялардын фонунда Таджикистандын чабуул жасашы Россияга сөз тийгизээри анык да. Демек макулдашылган.
Айтор орус туугандардын артын салып келе жатканы октябрь окуяларынан кийин эле байкалган.
Орустардын кайсы көздөгөнү ишке ашпай жатат?
АКШнын базасын чыгардык, газды бердик, орус тилин расмий статуста калтырдык, ЕАЭБ, ОДКБ бүт сунуштаган бирикмелерине кирип, эреже менен жашайбыз, кайсы гана башчы келбесин салтты бузбай барып каттоого туруп келип жатышат.
Дагы эмне?
Мен бир эле факторду көрүп турам. Бул Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси жакшырып, экономикалык кызматташууну күчөтүшү. Эки өлкөнүн «Кытай Кыргызстан Өзбекстан» темир жолун курууну тездетүү аракети. Бул албетте Россияга жана Таджикистанга жакпайт. Анткени Россия жолдорду куруп, түндүк муз океанынын жол ачып Кытайдын Европага болгон транзиттин бура албай келе жатат. Эгер «Кытай Кыргызстан Өзбекстан» темир жолу курулса Таджикстан чоң акчадан кур калганы аз келгенсип, блокадада калат. Ошондуктан эки өлкөнү кызыкчылыктар бириктирип турат…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс