• Сб. Ноя 26th, 2022

Популярные метки

ЭМНЕ ҮЧҮН?

Автор:ruh_admin

Апр 30, 2021
Эмне үчүн жана кандай өлкөлөрдө же өлкөлөр арасында чыр-чатак, араздашуу жана аскерий кагылышуу болот?
Байкап көрсөк, кагылышуу болгон өлкөлөрдүн баары жарды мамлекеттер. А эмне үчүн жарды? Анткени, ал өлкөлөрдө коррупция өнүккөн, экономикасы талкаланган.
А эмне үчүн коррупция жана уурулук ал өлкөлөрдө өкүм сүрөт?
Себеби, ал өлкөлөрдө бийлик алмашпайт. Шайлоолор бурмаланган мамлекеттерде өнүгүү болбойт. Жалаң диктаторлор өкүм сүрүп, үй-бүлөлүк башкаруу орногон. Сирия, Мьянма, Тажикстан, Түндүк Корея жана көпчүлүк Африка мамлекеттери — бүт ошондой бийлик башкарат. А диктаторлордүн көпчүлүгү өз кезинде бир топ алдуу мамлекеттердин марионеткасы. Мисалы, тажик президенти Рахмон жана сирия президенти Башар Асад. Баса, Мадуро деген мадыра баш да бар Венесуэлада. Нефть менен газга толгон өлкө неге кембагал? Себеби, Мадуро — марионетка жана ууру.
Эмне үчүн кен-байлыгы жана гидроресурстары көп Тажикстан менен Кыргызстан неге жарды? Тажик президенти, өз бийлигин сактап, баласына өткөрүп берүү максатында, кошуна өлкөгө кол салуудан башка аргумент таппай калдыбы? Же, Рахмон мырза “кожоюндун” тапшырмасын аткарып жатабы? Карапайым тажик эле ушул нерсени түшүнүп эле турат го дейм. Биз, кыргыз эли — кошуна тажик эли менен араздашууга кызыктар эмеспиз. А биздин бийликтин шалаакылыгы — ал өзүнчө маселе.
А эмне үчүн Армения бүгүнкү абалга келди? Анткени, кой десе болбой, кошуна Азербайджан менен кагылышууга барды. Анткени, кожоюн жардам берем деген. Бирок, жыйынтыгында эмне болду? Баарыбызга белгилүү.
Ошол эле кезде, марионетка болгусу келбеген Грузия жана Украина да аскерий конфликт аркылуу боштондукка жетишти. Ооба, Украинада дагы маселелер бар. Акыркы айда эле, Орусия аскерлерин Украинанын чек арасына алып келген кезде, Украинага жардамга келген Турция (НАТО мүчөсү) гана орустарды артка чегиндирди. Карабахтагы жеңилүү эсинде да.
Не себептен, Дания менен Норвегия жер талашпайт? Эмне үчүн Испания Португалияга кол салбайт? Же, Малайзия Сингапурга согуш ачпайт? Анткени, Европада аң-сезим жогору, алилеттүү шайлоолор жана мыйзам үстөмдүгү бар. Малайзия жана Сингапурда күчтүү экономика жана элдин жашоосу жакшы. Ал жерде бирөөнүн оокатын эч ким талашпайт. Эли ток жана билимдүү өлкөлөрдө дайыма тынчтык болот жана бизге окшогон жарды элдерге колунан келишинче жардам беришет.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс