Көк-Таш
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,
Кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатак, анын ичинде куралдуу кагылышуу байма-бай катталып келет. Мындай окуялардын арты тыйылбай, эпидемия, карантинге карабай 2020-жылы да улам кайталанып турду

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн таңга маал саат 4:40та Баткендин Көчө-Бою аталган жеринде абал курчуп кеткенин кабарлады. Буга Тажикстан тараптын жарандарынын чагымчыл аракети себеп болгону айтылат. Алар Кыргызстандын жарандарына тиешелүү үйлөргө таш ыргытышкан. Андан кийин өтүп бара жаткан кыргызстандык унааларды аңчылык куралы менен аткылашкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турат деди жергиликтүүлөр. Жаңжалда эки тараптан тең жаракат алгандар бар. Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын маалыматты бурмалап, элди козутуп жатат деп айыптады. Тажикстан тараптан атылган октон Баткендин бир тургуну жаракат алып, ооруканага түштү деп жазууда жергиликтүү басылмалар. Ошондой таш тийип жаракат алгандар дагы бар.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1

Видеонун түшүндүрмөсү, Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

28-апрелде Ак-Суунун боюнча тажикстандык жарандар шагыл жүктөп кетүүгө аракет кылган. Кыргызстандын чек ара кызматы жергиликтүү бийликтердин эки тараптуу макулдашуусу болмоюн бул жерге кирүүгө болбой турганын эскерткен.Бирок тажик жарандары чек арачылардын эскертүүсүнө көңүл бурган эмес. Курал колдонуу тууралуу эскертүүдөн кийин гана ишин токтоткон.

Андан кийин «Головной» (суу бөлүштүрүү) тилкесиндеги электр мамыларына тажик тарап видео камераларды орното баштаган. Пикир келишпестиктер жаралып, жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр чатак орун алды.

Өткөн апталарда эле ушул Баткендин Ак-Сай айылындагы суу бөлүштүрүлүүчү жайда чыр-чатак катталган эле.

суу башы

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баткендин Ак-Сай айылындагы суу бөлүштүрүлүүчү жай

Жаңжал катталган аймак тууралуу буга чейин Кыргызстанда талкуулар болгон. Премьер-министр У.Мариповдун талапкерлиги парламентте каралып жатканда, ал чек ара райондорундагы көйгөйлөр тууралуу айтып жатып каналдын башын коңшу өлкөгө «алдырганын» айткан.

«Баткенде Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын дагы тилекке каршы алдырыптырбыз. Мен бул боюнча дагы тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар», — деген өкмөт башчы 3-февралда. Анын билдирүүсүнөн кийин Баткендин жергиликтүү тургундары Мариповду айткандары боюнча түшүндүрмө талап кылышкан. Анын кайра билдирүү менен чыкканына карабай айрым жарандар Бишкекте да каршылык акциясына чыгышкан эле.

Марипов өкмөт башчылыкка талапкер катары дагы, Кыргызстандын мекенчил жараны катары дагы бир маселени айтып коюу ниети болгонун билдириип, кийин видео кайрылуу таратты.

«Муну ошол жерде жашаган Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары абдан жакшы түшүнүп турат деп ойлойм. Бул жерде сөз ошол Ак-Сай айылындагы, Ак-Сай айылына кошуна турган, башкы суу тосмосунан 500-600 метр жогору турган кошуна өлкөгө тиешелүү Кайырма каналы тууралуу, андан сырткары Ак-Суу дарыясы тууралуу сөз болгон. Менин ниетим ушул болгон. Бирок тилекке каршы, кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурганга аракет кылышы мүмкүн. Мен муну толук түшүнөмүн. Менин оюмча, ушул маселени биз келечекте биздин өлкөнүн кызыкчылыгына, мыйзамдын чегинде чечүүбүз зарыл», — деди Марипов өкмөттүн расмий баракчасы 7-февралда тараткан видео кайрылууда.

Кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатак, анын ичинде куралдуу кагылышуу байма-бай катталып келет. Мындай окуялардын арты тыйылбай, эпидемия, карантинге карабай 2020-жылы да улам кайталанып турду. Быйыл жыл башынан бери бир нече жолу чыңалуу жараткан окуялар болду.

Бишкек менен Дүйшөмбү чек ара тактоо иштеринде орток пикир таба албай келет. Чек арадагы чыр-чатактардын көбү Ворухтун айланасында. СССР ыдырап, чек ара тактоо маселелери жаралганда эки тарап ар башка документти негиз катары колдонууга сунуш кылганы белгилүү.

Чек ара тактоо менен катар эле суу пайдалануу маселеси дагы курч. Транс чек аралык сууларды бөлүштүрүү, пайдалануу эрежелери союз учурундагы абалда калгандыктан, бул маселе барган сайын чыңалуу жарата берет дейт серепчилер.

«Баткен аймагында төрт-беш дарыя коңшу өлкөлөр менен чогуу пайдаланылган таранс чек аралык суулар эсептелет. Чыгып жүргөн чыр-чатактардын бир себеби суу пайдалануу эрежелери союз учурунда орнотулуп, ошол бойдон келаткандыгы.»,-деген эле Би-Би-Сиге маегинде Баткендин мурдагы акими, жергиликтүү талдоочу Хаит Айкынов.

«Союздун суу бөлүштүрүү эрежелери менен эле жашап келе жатабыз. Биз тараптан өзгөртөлү деген сунуштарга коңшулар жооп бербей жатат. Ошол убакта түзүлгөн эреже жалпы союздун кызыкчылыгына жооп берген. Азыр эми эгемен өлкө болгондон кийин биздин кызыкчылыкка жооп бербейт, кайра түзүш керек деп сунуш кылып жүрөбүз. Негизи Өзбекстан жана Фергана өрөөнүндөгү Тажикстандын жерлери пахта өндүрүүгө ылайыкталган. Ал мезгилде пахта стратегиялык сырьё болгон. Ошондуктан сууну ошол жакка берүүгө союзда чечим болгон. Бүгүнкү күндө алардын сырьёсунун стратегиясы биз үчүн эч кандай мааниге ээ эмес да. Ошондуктан өзүбүздүн жерлерди өздөштүрүп, аймагыбызда пайда болгон сууларды керектүү көлөмдө пайдаланышыбыз керек деген жүйөлөрдү айтабыз. Бирок келишим бузулмайынча схема иштей берет да. Алар ошого таянып, создуктуруп жүргөн кездери»,-деген Саламат Аламанов.

Жакында эле Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны такташууда Ворух анклавын башка жерлерге алмаштырууга кыргыз тарап даяр экенин тажик бийлигине сунушташканын айткан.

Бирок анын сунушуна расмий Дүйшөмбү жооп бергенге чейин эле айрым тажикстандык саясатчылардын билдирүүлөрү коомдук сайттарда курч талкууларга жем таштады. Тагыраагы, Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи 30-мартта «Фейсбукта» Ворух боюнча узун пост жазып, кыргыз тараптын сунушун сынга алды.

Ушундан көп өтпөй Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жумушчу сапары менен Ворухка келди. Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу маалында Рахмон чек ара тактоодо Ворухту алмашуу тууралуу сөз болбошу керек деп айтты.

«Кыргызстан менен чектеш жайгашкан Исфара шаары биздин элдердин ортосундагы достук жана жакын коңшулук мамилелерди чыңдоодо маанилүү ролду ойнойт»,-деген Рахмон. (AbA)

https://www.bbc.com/kyrgyz/world-56899038?fbclid=IwAR0I-vGXMATzjgLGubxI2snST7KsQrZiydNOSMpo0ZxDMhIwh6BCKM-lhLo