Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу үч айылда — Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татырда күчөтүлгөн тартипте иштөө режими жарыяланды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруксуз болуп турат. Кечээ күнү аймакта эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуп, суйлөшкөнү белгилүү болду. Бирок ошого карабастан абалдын кескин курчуп кетишине эмне себеп? Би-Би-Си Баткендеги өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен байланышып, соңку кырдаал тууралуу сурады.

Ө.Суваналиев: Азыр абал өзгөрмөлүү болуп турат. Мындайча айтканда бирде тынчып, бирде жаңжал күчөп кетүүдө. Бирок биз алдын ала мындай кырдаалда аткарылышы керек болгон иштердин баарын даярдап, ошону менен иш алып баруудабыз. Кырдаал бир аз турукташып баратат.

Би-Би-Си: Тажикстан тараптан ок атуучу курал пайдаланылып, ок атылганы угулду деген маалыматтар чыгууда.

Ө. Суваналиев: Ооба, айылдардын ичинде атылып жатат деген маалыматтар бар. Майда калибрлүү жана аңчылыкка пайдаланган куралдарды колдонуп жатат деп айтышты. Бирин-серин маалыматтар болуп жатат. Бирок массалык түрдө курал колдонуу болгон жок. Кечээки таш бараңда жаракат алып калгандар, андан сырткары октон жаракат алган бир-эки учур бар. Жаракат алгандарды ооруканага жөнөттүк. Биз ушундай кырдаалда күч структурасынын баары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз.

Би-Би-Си: Тажикстандын жергиликтүү бийлиги менен жолуккан экенсиздер. Кандай чечим кабыл алынды эле?

Ө.Суваналиев: Кечээ күнү 28-апрелде эки делегация нейтралдуу тилкеде жолукканбыз. Бүт маселелердин баары ошол жерден толугу менен чечилген. Андан кийин биз ар бирине тапшырмаларды, көрсөтмөлөрдү берип жөнөткөнбүз. Ошол жерде бир маселени Тажикстандан Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода өзүнүн мэрине дайындаган. Ал «жанагы видеокамераны алып кой» деп тапшырма берген. Аймактык милициянын начальнигин, атайын кызматтын аймактык начальнигин жана чек ара кызматынан кошуп жиберген. Анан суу тосмого келгенде эле аларды укпай, албайм деп калды. Анан ошондон чыр-чатак чыгып кетпедиби. Бул чагымчылдыкты жасады деген тыянакка келдик. Анткени өз жетекчисин укпайт деген болбогон нерсе. Бирок биз баарын сүйлөшүп алганбыз. Аларда мындай конфликт кырдаал чыгышына эч кандай ниет жок болчу. Азыр эки тарап тең өз деңгээлинде иштеп жатат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын жолугушуусу

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын жолугушуусу

Би-Би-Си: Тактап кетсек, облус жетекчисинин көргөзмөсүн тажикстандык аким аткарбай койду деп айтып жатасыз ээ?

Ө. Суваналиев: Ооба, аткарбай койду. Ал тургай коштоп келген эки генералдын дагы сөзүн укпай койду. Мурун конфликт суу талаш, жер талаштан болсо азыр бир эле жанагы видео көзөмөл камеранын айынан ушундай жаңжал чыгып кетти.

Би-Би-Си: Мына азыр такталбаган сүрөт, маалыматтар интернетке тарап жатат. Тажик тарап алдын ала атайын коргонуучу жайларды даярдап алыптыр деген мазмундагы маалымат чыкты. Кабарыңыздар барбы?

Ө. Суваналиев: Ооба, маалыматыбыз бар. Анткени 2014-жылы так ошол жерде куралдуу кагылышуу болгон. Дал ошол жерде эки тарап курал колдонушкан эле. Кыскасы маалыматыбыз бар.