• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Менин экинчи өмүрүм

Автор:ruh_admin

Апр 24, 2021
Хашим Абдурахманович Зейналиев 1968-жылы туулган. ОшМУнун химия-биология факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн экен. Ушул жерден кененирээк токтолуп өтөйүн. Биология илими менин түшүнүгүм боюнча бир топ тармактан турат, т.а. ботаника илими, зоология, биология, андан ары биохимия, микробиология, гистология, физиология, цитология, химия, биофизика, анан таза эле кызыксаң альхимия ж.б. болуп бөлүнүп кетет. Кызыл диплом алыш үчүн, менимче, жогоруда аталган предметтерди жалаң «5» окуш абзел.
Менин өз кесибим ветеринардык врач болгондуктан, биохимия менен микробиологияны жакшы өздөштүрбөгөн медиктен жакшы врач чыкпасын билем. Оорунун этиологиясын, дарылоонун жүрүшүндөгү процессти көзөмөлдөө үчүн сөзсүз түрдө клеткалык деңгээлден ылдыйыраак түшүп, молекулалык, атомдук, керек болсо иондук деңгээлде ооруну, анын айыгуусун анализдеген врачты врач десе болот.
Хашим чөптөрдөн, өсүмдүктөрдөн жана жемиштерден бири-бирине аралаштырып молекулярдык деңгээлде эсеп чыгарып туруп дары жасайт экен. Ал оорулуунун ички органдарынын абалын байкап көрүп, аны лабораториялык, томографиялык ж.б. анализдер менен текшертип алып, анан дарыларын берет. Эрте менен жана кечинде берген дарыларынын таасирин көзөмөлдөп, керек болсо багытын өзгөртүп турат.
Хашим өсүмдүктөрдөн дары жасоого тээ студенттик убактан эле кызыгат экен. Ал эми рак ооруларын 30 жылдан бери изилдеймин дейт. Мен рактын ар кандай түрлөрү менен ооруган адамдар менен эки ай чогуу жаттым. Хашимдин ракты дарылоо ыкмасын врачтар билбейт дагы, түшүнбөйт дагы экен. Хашимдин курсташы Керим: «Кайсыл бир жылы Хашим онкологиялык борборго барып, врачтарга өзүнүн рак менен күрөшүү ыкмасы боюнча бир саатан ашык лекция окуп берди»- дейт. «Ошончо убакытта бир врач туура же туура эмес дебеди, алтүгүл суроо да берип коюшпады. Алардын түшүнгөндөрүн же түшүнбөгөнүн билбедик. Бирөөсү гана «кантип обезболивание кыласыз» деп сурады. Ал суроону эмнеге бергенин биз түшүнбөдүк. Себеби биздин дарылоо ыкмабызда эч кандай обезболивание колдонулбайт эле. Калганы унчукпай бир бирден чыгып кетишти», — дейт.
Хашим Абдирахманович оорулууларды бир күндө эки жолу обход кылат. Келип тамырыңды кармап, аябай тыңшап туруп, ички органыңдын кайсынысы кандай акыбалда экенин, ичине кирип барып көрүп чыккандай эле айтып берет.
Дарыны сунуш кылаарда, организмдин клеткаларындагы бузулууга (патология) карап туруп дары берет экен. Бул биохимияны, микробиологияны өтө жакшы өздөштүргөндүктү билдирет. Табып организмдеги зат алмашуу процессин (PH среда) ар дайым көзөмөлдөп турат экен. Эгерде диетаны кичине эле бузган болсоң тамырыңды кармап туруп билип алат, анан диетаны бузганыңды моюнга алууга аргасыз болосуң. Обходдо аябай көңүл буруп, зирек болуп турбасаң, кайталап майдалап түшүндүрүп олтурбайт, анткени убактысы жок.
Рак ооруларды дарылаганда, сууга кичине сүт кошуп пайдаланганын көрдүм. Аны бизде- түштүктө көк суу дейт, түндүктө болсо кымыран деп коет. Хашим ушул көк сууну (кымыранды) ракты дарылаганда пайдаланат экен. Сүт кадимки эле сууда аябай жакшы ээриген сапатка ээ. Сүттүн молекуласы атомдорго ажырап, атомдор бөлүнүп иондорго айланат. Иондор рактын молекулаларынын структураларын бузат окшойт. Организмге кымыранды улам-улам берип, ачкачылыкка салганда, соо органдар өзүлөрүнүн ички резервин пайдалана баштайт да, рактын клеткалары бирин бири жеп коет.
Ал эми боордун циррозуна Хашим Абдирахманович Россиянын окумуштуулары менен биргеликте дары иштеп чыгышыптыр.
Хашимдин айтуусу боюнча, бардык органдар бири бири менен нервдик байланышта болуп иштейт. Органдардын бирөөсү ооруп калса, башкаларына SOS сигнал кетет. Соо органдар оорулуу органга жардам берет экен.
Хашим Абдирахманович — рак жана боор ооруларын адиси. Рактын клеталарын бирин бирине жедирип жоготуу – анын негизги ыкмаларынын бири. Дарылоодо рак шишигинин ордуна (боштукка) суу толуп калат экен. Аны кан аркылуу сордуруп алып, сыртка чыгуучу жакка багыттайт. Оорунун айыгыш механизмин Хашим сүйлөп олтурса, көпчүлүк адамдар түшүнбөй турган өзүнчө бир комплекс — таштандысыз конвейер десек болот.
Негизи медицина организмдин 10% ын гана окуп үйрөнгөн дешет аалымдар. Эми ошол 10% үйрөнгөн врач өзүнүн үйрөнгөнүн студенттерге берип жатканда алардын кимиси канча пайызын үйрөнүп алат? Анан биз ооруп калсак кимисине жолугабыз, бактың, тагдырың ошондо чечилет.
Бөйрөк
Хашим Зейналиев бөйрөктө туз чогулуп калуу себебин көп издендим дейт. Боордун кайсы бир бөлүгү ооруга чалдыкканда, бөйрөккө керектүү фермент бөлүнүп чыкпай калат экен. Бөйрөктө туздар чогулбай калуусу үчүн боордун ошол бөлүгүн дарылап көрүп, анан ынандым дейт. Мындай изденүү үчүн да Кудай берген касиет болуш керек деп ойлойм.
Тамырыңды кармап туруп, «бөйрөктүн функциясы бузула баштаптыр, туз чогула баштаптыр. Чогулган тузду кетириш керек. Туздун эритмесинен 20 мл. бергиле. 3 маал шимип жутуңуз», — деп, күчтүү гипертонический физраствор дайындайт. Анан кийинки обходго келгенде тамырды кармап коруп «во, Алла ыраазы болсун. Эми ушундай кармаңыз. Диетаны бузбаңыз», — деп кетип калат. Бөйрөктө чогулуп калган тузду кетирүү, өз функциясын калыбына келтирүү үчүн кандай максатта физраствор берет? Ушуга акылым жетпеди. Анча-мынча Хашим Абдирахмановичтин ишине ишенбей мени менен спорлошкон врачтардан сурасам, такыр эле билбейт. Мен андан бетер жарга такайм: «айтчы, эгерде изотонический растворго гипертонический растворду кошуп жиберсе, изо. р-р гипер р-рду тартып алабы же тескерисинче болобу», — десем, жооп да, суроо да жок.
Себеби мединститутта канча жыл окутса да студенттер менен лекторлордун ортосунда мындай логикалык суроолор болушуна күмөнүм бар. Бул жерде эң оболу бөйрөктө пайда болуп жаткан, башкача айтканда кан менен агып келген туздун концентрациясын билиш керек. Бул үчүн канча акыл, убакыт жана эң негизгиси окуп үйрөнүү ыкмасы керек же болбосо АЛЛА ТААЛАДАН берилген талант керек деп ойлоймун. Ошондуктан бөйрөктө пайда боло баштаган тузду токтотуш үчүн, ошол туздун химиялык формуласын, анын биохимиялык структурасын окуп үйрөнүп, анан кийин ошого карап туздардын биринен (кальций хлоридби, магний хлоридби, же такыр эле башка тузбу, аны ал киши өзү билет экен) 20 мл. раствор жасап, 3 маал шимитет.
Бөйрөктөгү тузду туз менен чыгаруу ыкмасында дагы бир принцип колдонулат экен. Орустардын бир макалы бар: «Клин клином выбивают» деген. Кыргызча айтканда «аялды аял менен ур, акылманга акылманча жооп бер, молдого молдочо жооп бер ж.б.» дегендей.
Биздин түшүнүгүбүздө органдардын ичинен эң негизгиси — жүрөк. Жакшы түшүнүп, анализ кылган адамга (М, Хашимге) органдардын эң негизгиси — бөйрөк экен. Биринчи пайда болгон ар кандай оорунун соккусун биринчи болуп бөйрөк алат экен. Бөйрөктүн фунциялары бузулгандан кийин башка органдар да ооруй баштайт. Башка органдар ооруй баштаганда көпчүлүк учурда бөйрөк баш мээге давление сурап, сигнал жөнөтөт. Эгер давлениени медикамент менен басып койсок, белгилүү бир убакыттан кийин андан да көбүрөөк давление сурап сигнал жөнөтөт. Ошону менен катар башка органдар да өз проблемасы боюнча баш мээге сигнал жөнөтө берет. Анан биз ооруканага жатып алып, тем более жанагындай врачтардын колуна түшүп калсак, сигналдарды дары менен өчүрүп же акыркы ооруган органды дарылап коюп жата берет экенбиз.
А Хашим Абдирахманович андай кылбайт! Мисалы башың ооруп жатса, Хашим аналгин же чөп дары ичирип коюп олтура бербейт. Ал киши тамырыңды кармап туруп Кудайдын кудурети менен баш ооруңдун себебин так билип алат да, оорунун себеби кайсыл жерде болсо биринчи ошол жерди дарылайт. Мисалы жогоруда айтканымдай, аттуу-баштуу эле белгилүү бир инсан табыпка тизем ооруп жатат деп келген экен. Тамырын кармап көрүп туруп «каныңызда рак пайда боло баштаптыр» деп дарылап баштаптыр. Бир жумадан кийин тиги кишинин тизеси оорубай калыптыр. Ошондон бери ошол досум Хашимге ыраазы.
Боор
Боор өтө тез калыбына келчү орган экен. Боордун бир жаман жери — нервдин учтары дээрлик жок сыяктуу болот. Ошондуктан боордун ооруп жатканы адамдын өзүнө көп эле билине бербейт. Биздин учурда азыркы жеп жаткан тамактарыбыздын себебиненби же башка себептерденби гепатит «А» адамдарда өтө көп учурап жатат. Бул адамдын өзүнө билине бербейт. Боордун оорусу эң оболу боордун канды тазалоо (фильтрлөө) функциясын бузат экен. Кан фильтрден өтпөгөндөн кийин, кандагы «шлактар» организмдин ар кайсы жерлеринде калып кетип, ошол жерде оору пайда кылышы мүмкүн.
СССР убагында сан.эпид. станция аракты текшерип көрүп,»тазаланбаган спирттен жасалыптыр» же болбосо «жасалма арак экен» деп саттырбай коер эле. Көрсө спирттин составында «свищая масло» деген майдын молекуласы болот. Бул молекуланы боор эч качан майдалай албайт. Ал эми боордун «майдаланбаса жок, өткөрүп жибере берейин» деген функциясы же «программасы» жок. Майдалаймын деп олтуруп боор озу «майдаланып» калат. Спирт заводдо спиртти өзүнүн атайын фильтринен өткөргөндө фильтрден кадимкидей май агып калат дейт Хашим. «Спирт-ректификат» же «медицинский спирт» ошол свищое маслодон тазаланган спирт экен. Аракты ошол спирттен даярдаш керек.
Эми өзүңөр боордун оорулары каяктан пайда болорун ойлонуп көргүлө. Спирт заводдордо фильтр коет деп ойлойсуңарбы? Кытайдан келип жатан спирттерди мен медицинский деп эч качан эсептебейт элем. Айтмакчы, спиртти фильтр аркылуу өткөргөндө заводдогу технологиялык процесс өтө жай жүрөт. Себеби ,спирт медициналык болуш учун 7 сантиметрлик калыңдыктагы фильтрден акырын өтүш керек. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү спирттердин ректификат экени да күмөндүү. Ошондуктан боорду сактоо үчүн тамакты тандоо зарыл.
СУУ
Организмибиз 80% суудан турары белгилүү. Ошондуктан көрүнгөн эле сууну иче бербей, лабораторияда текшертип көрүп, анан ичишибиз зарыл. Мен Хашим Абдирахмановичтен дарыланып келгенден бери 37км ден суу ташып ичип жатабыз. Организмибизде бир аз өзгөрүүлөр байкалууда. Оор металлдары көп суулар да биринчи бөйрөк менен боорду бузат. Бүгүнкү күндөгү сапатсыз, кытайский тамактарды эсепке ала турган болсок, боорду өтө кыйнап жатабыз десек жаңылышпайбыз. Ошондуктан боор менен бөйрөккө жеңил болуш үчүн куурулган, майлуу, камырдан болгон тамактарды колдон келсе жебеш керек.
Өз оорум тууралуу же инфаркт кандайча пайда болот?
Мечитте бешим намазын окуп жатып, көкүрөгүмдүн сол жагы ачышып ооруп калганын сезип калдым. Эптеп намазды окуп алып, райондун гл. врачы — Залкар укама (кардиолог болчу) чалсам, сурап-сурап туруп тез бир келип кетиңиз деди. Кудайга шүгүр, илгери-кийин ооруп, ооруканага жатып көрбөптүрмүн. Келсем текшертип көрүп коркуп кетишти окшойт: мени алдап-салдап реанимацияга жаткырышып алып, эки күн тургузбай дарылашты. Өзүм да коркуп калдым. Намазымды да жатып алып окуп жаттым. Экинчи күнү врачтар келип текшерип көрүп, эми олтурсаң болот дешти. Эртеси Ошко кардиоцентрге барып аппараттан өтүп кел деп жөнөтүштү. Оштогу Али Маматов атындагы менчик кардиоклиникага бардык. Чоңу түрк улутундагы врач экен. Алар бир күн жаткырып, эртеси операционныйга алып кирип, жоон сандагы чоң венадан трубка киргизип, аны жүрөккө чейин жеткирип, анан жүрөккө краска куят экен да, жүрөгүңдүн сыртындагы кан тамырларда кандын агышын рентген аппарат аркылуу видеозапись кылып алат экен. Ал аппарат өзү да көкүрөгүңдү айланып жүрүп тартат экен. Операционныйдан 15 мүнөттө чыктым окшойт. Палатада жатсам жанагы түрк врач бүтүндөй бригадасы, котормочусу менен кирип келди. Тез аранын ичинде 4900$ таап келип, операция кылбаса болбой турганын айтты. Болбосо өлүп калышым мүмкүн экен. Себеби жүрөгүмдүн кан тамырлары 4 жеринен 90%, 80%, 40% жана 50% болуп тромбдор (кардиологдор бляшка дейт экен) менен тосулуп калыптыр.
Жүрөктү кан менен 3 кан тамыр тарамдары камсыздайт экен. Жүрөк тамырларымдын үчөөсүндө тең тосулган жерлери бар болуп чыкты. Ошондуктан колумдун, бутумдун кан тамырларынан алып, үч айланма тамыр тигип беребиз, же төрт жерине стенд коюп беребиз дешти. Стенд дегени- тамырдын кысылган жерин керип туруп сетка трубка коет экен. Бирок алар мага операцияны көбүрөөк сунуш кылып жатышты.
Жүрөктүн кан тамырына стендди жоон сандын вена кан тамырынан же колуңдун вена кан тамырынан алпарып коет экен.
Врачтар толук маалымат бергенден кийин «макул, биз акылдашып көрөлү», — дедим. Мени коронарное (жүрөккө краска айдап билүү) исследованиеге алып кирип кеткенде, түрк кардиолог акем менен уулума операция болгон жана боло элек адамдарды көрсөтүп чыгып, аябай обработка кылыптыр. Биз: «10 күндөй мөөнөт бергиле, акча таап келели. Азыр кичине дарылап бергиле. Анан келип операция кылдыралы», — дедик. Максатыбыз Бишкектеги кардиоцентрге да көрүнүү эле. Ошто эки күн жатып калдым. Бул оору боюнча маалымат чогулта баштадым. Ош боюнча эки күчтүү кардиолог бар, калганы бардыгы бизнесмен деп да айткандар болду. Экөөнүн бири дал мени караган түрктүн колунда иштейт экен. Бирок өзүнчө эч нерсе чече албайт окшойт.
Эки күндөн кийин үйгө кеттим. Интернетке олтуруп алып ушул диагноз боюнча көбүнчө РФнын врачтарынын пикирлерин окудум. Өзүбүздүн кардио врачтардан сүрүштүрдүм. Бардыгынын сөзү «операция- шунтирование (жүрөккө башка тамыр тиктирүү) же стенд (трубка) койдуруу. Бул оорудан кутулуунун башка жолу жок», — дешти. Интернет да ушуну айтты. РФнын профессорлорунун айтуусу боюнча, шунтирование кылса 5-7 жыл, стенд койдурса 10-12 жылга жетет деп жазыптыр. Ар кимдин срогу ар кандай болот экен. Мен операцияны эч каалабай аттым. Себеби укканым боюнча көкүрөктү ачып, жүрөктү бери жакка алып, анан ага колдон же буттан вена тамыр алып, ошону жүрөгүңдүн үч тамырынын ордуна тигип коюп, жүрөгүңдү кайра ордуна коюп, анан жүрөккө электро импульс берип иштетет имиш. Бирок импульс бергенде айрым жүрөк ишке кирбей калышы да мүмкүн экен. Аны укканда ооруган жүрөгүм андан бетер «ооруй турган» болду. Себеби бул жарык дүйнөдө менин бүтө элек иштерим өтө көп эле.
Айтмакчы, Оштогу кардиоклиникада менден кийин коронарный исследованиеге мен теңдүү бир өзбек киши кирип чыгып, менин жаныма жатып калды. Таанышып, сүйлөшүп калдык. Ал киши 2015-жылы 8000$га жүрөгүн ошол клиникада, ошол түрккө операция кылдырган экен. Эми үч жылдан кийин тамырынын башка жери толуп калыптыр. Кызык жери, бул адамдын алдына баягы түрк кардиологдун командасы эмес, өзү да келип койгон жок. Бир убакта бир жаш кыргыз врач жигит кирип сиз мурда операция болгон экенсиз, тамыр коюлган экен. Ал коюлган тамырлар жакшы эле иштеп атыптыр. Эми сиз операция болбойсуз», — деди да бул суроо бергиче болбой чыгып кетти. Ал жигит чыны менен ара жолдо калды. Себеби мындан ары ал кантип дарыланыш керек, эмне кылыш керек, эмне үчүн ооруган жерине операция жасабады, эч ким эч нерсе айтпады. Кийин анын алдына врачтар кирбей да коюшту. Анан ал сөгүнүп-сөгүнүп алып: «көрдүңүзбү буларды, акчаңды алгыча бардык нерсени кылышат. Эми кылган мамилелерин кара. Операциядан кийин бар болгону үч жыл жүрүптүрмүн. Эмне эми дарыланып болбойт бекен? Сиз дагы операция кылдырбаңыз. Бир жылда бир дарыланып жүрсө боло берет. Обл. больницага барып он күн лечение алып жүрө бериңиз», — деди мага.
Стенд койдуруу чечимине келип издене баштадым. Ош облустук ооруканага ар айда Новосибирскиден бир профессор келип, бир стендди жүз миң сомдон коеру жөнүндө маалымат таптым. Бул профессор тамырдын бириккен жерине да кое алат экен дешти. А биздикилер кое албайт экен.
Үйгө келгенден кийин кайра ооруй баштадым. Бишкекке кардиоцентрге жөнөдүм. Давление түшпөй койду. Жүрөк токтоп кала тургандай болуп калды. Ошко аэропортко жөнөдүм чоң уулум менен. Эмне бар, эмне жок деп жолдо балама керээзимди айтып бара жаттым. Оштон Бишкекке самолетко билет жок, түнкү саат бирге араң алдык. Самолетко олтуруп таблеткамды ичип коюп, настроение жок, жер тиктеп ойлонуп калган экенмин, жанымдагы бирөө «эмне менин дарымды ичип атасыз», — дейт. Бурулуп жанымды карасам бир жигит олтуруптур, бирок мага бейтааныш. Анан азил-чыны аралаш кылып «эмне менин колум сенин чөнтөгүңө кирип кетиптирби?» — дедим. «Жок, дарыбыз окшош экен, мен да ушундай дары ичип жатам», — деди. «Аа» дедим да экөөбүз таанышып сүйлөшө кеттик. Жердиги алайлык Үмүт деген жигит экен. Ага жагдайымды түшүндүрүп айтып бердим. Үмүт Хашим АбдирахмановичЗайналиев жөнүндө айтып берди. Операциядан коркуп кетип жаткан жагым, Үмүттүн варианты аябай жакты. Фактылар бар, айыгып кеткендерди өз көзүм менен көргөнмүн деди. Дарегин түшүндүрдү. Ошентип эртеси эртең менен түз эле Хашимдин клиникасына бардым. Саат 9 дан өткөндө келди. Тамырымды кармап көрүп, «болду, түшүндүм», — деди. Врачтардын кагаздары бар десем «зарыл эмес, ансыз деле түшүнүктүү болду. Кааласаңыз бизге жатыңыз дарылайбыз, кааласаныз операция кылдырыңыз. Ал — сиздин каалооңуз», — деди. Түшүндүрүп бере албайсызбы кантип дарылайсыз дедим. Жүрөгүңүздүн коронарный кан тамырларынын көп жеринде тромбдор туруп калып, кан тамырлар тарып калган деди. Мен «врачтар 4 жеринен эле тарыган» дешти го десем, — Ал рентген аппараттан, врачтын көзүнө көрүнгөнү гана, көрүнбөгөнү канча? Алтүгүл аортаңыздын стенкасы да калыңдап калыптыр деди көрүп тургандай. Мен Хашимге ветеринардык билимим бар экенин айтпадым бирок. Айткандарын оңой эле түшүнүп жаттым.
— Эмне себептен кан тамырлар ичкерип калат десем, бул оорунун пайда болушунун себеби боорунузда гепатит «А» бар экен. Бөйрөгүңүз да ооруй баштаптыр. Убагында келиптирсиз, болбосо гипертоник болуп калмаксыз деди. Унчукпай күтүп турдум.
— Кандын эритроцит деген клеткасы организмде канча жашайт билесизби деди эле «жок» десем, 90 саат, ал эми лейкоцит 120 саат жашайт. Анан алар өлөт, жаңы клеткалар менен улам алмашып турушат. Биздин жашообузга окшош эле организмдин бардык клеткалары өлүп, ордуна башка клеткалар туулат. Жүрөктүн булчуң клеткалары (дагы бир экөөнү айтты эсимде жок) гана алмашпайт деди.
Ошентип эритроцит менен лейкоциттердин өлгөн клеткалары кан менен кошо организмде айланып жүрө берет. Алар боор менен бөйрөктүн жардамы менен ажырап, өлгөн клеткалардын «мүрзөсү» деп эсептелген көк боорго (көк тал) жеткирилет. Эгерде боор ооруса, боордун көп функцияларынын бири болгон канды фильтрлөө функциясы бузулат. Бул учурда өлгөн клеткалар канда жүрө берет. Ал эми тромбдордун (кардиологдор айткандай — бляшкалар) пайда болушу бул — адам өз организмине ченден ашыкча нагрузка бергенде, кан тамырдын эң ички катмары — эпителиалдык катмарында (өтө жумшак, жылмакай, назик болот) жаракалар пайда болот. Кандагы агып жүргөн өлүк клеткалар мына ошол жаракаларга кыпчылып туруп калат экен. Андан ары биринин үстүнө бири туруп кала берип, кан тамырды тарытып же биротоло тосуп калат.
Организмдеги бардык эле кан тамырлардын эпителийинде жарака кетиши мүмкүн, бирок жүрөк менен баш мээнин артериялары кичине жана жумшак, назик (организмдин ичинде жайланышканы үчүн) болот экен дагы башка артерияларга (мисалы: колдун, буттун) караганда тезирээк тарып же тосулуп калат. Натыйжада жүрөктүн булчуң ткандарына кычкылтек ж.б. азыктар жетишсиз болуп калат да, жүрөктүн булчуң ткандары уулуу зат иштеп чыгарат Бул уулуу зат жүрөктүн айланасындагы нервдердин учтарын дүүлүктүрөт. Ошондо көкүрөк, жүрөктүн айланасы ачышып, ооруй баштайт. Кан тамыр канчалык көп тарыса, журөктүн булчуңдары ошочолук «ач калып», уулуу затты ошончолук көп иштеп чыгып, жүрөктүн айланасы ошончолук катуу ооруй баштайт. Эгерде оору ченден ашыкча болгон убакта борбордук нервдик системасына «жүрөк уу зат иштеп чыгарып жатат, тез арада жүрөктүн иштеши токтотулсун» дегендей команда кетет. Анан жүрөктүн иштеши токтотулат. Инфаркт ошондойчо болот экен.
Баш артериясындагы тромбдун кесепетинен келип чыккан инсульттун механизми да болжолдуу түрдө ушундай болот экен. Баштагы артериялар өтө жука болгондуктан, «SOS» сигналдын натыйжасында пайда болгон кандын басымына чыдай албай жарылып кетет. Кан мээге куюлуп, кандын составындагы кычкылтек ташууда негизги милдетти аткарган темирдин атому өзгөрүлмө (2 валенттүү, 3 валенттүү болуп өзгөрүлүп турат) валенттүү болгондуктан, мээге куюлган кан ууга айланат да мээни өтө катуу дүүлүктүрө баштайт. Мында да жүрөк токтойт же кайсыл бир органдарды башкарып туруучу мээнин бир бөлүгү ууланып калат экен. Уулуу зат пайда болгонунун себеби — кандын составындагы темирдин атому, өпкөдө 2 валенттүү атом катары кычкытекти кармайт дагы, аны ткандарга жеткирип берип, ткандардагы көмүр кычкыл газы менен 3 валенттүү атом катары байланыш түзүп, аны өпкөгө жеткирет. Цикл ушинтип кайталанып турат. Кан тамырдан чыгып кеткенден кийин, темирдин атомунун иштөө режими бузулат дагы, кан кайсыл жерде тамырдан чыгып кетсе, өзгөрүлмө валенттүүлүгүнүн натыйжасында, ошол жердеги ткандардын атому менен реакцияга кирип, уунуу пайда кылат. Ошондуктан исламда союлбаган малдын эти арам делинген. Себеби кан айлануу токтогондон кийин темирдин атому токтогон жердеги ткандардын атому менен реакцияга кирип кетүүгө жөндөмдүү.
Ошондуктан жүрөктүн оорусу күчөгөндө, кан басым көтөрүлгөндө врачтар кыймылдаганга тыюу салышат да, сөзсүз горизонтально жатууну талап кылышат. Бул дегени жүрөктүн кычкылтекке жана азыкка болгон талабын минимумга түшүрүү керек жана организмде пайда болгон кан басымды баш мээден алыстатыш аракети. Эгерде оорулуу давлениеге карабай эле кыймылда боло берсе, мунун аягы өтө аянычтуу бүтүшү мүмкүн.
“Боордун фильтрлөө функциясын калыбына келтирип, бөйрөктү дарылоо керек, аларды жасайбыз буюрса. Андан тышкары, сиздин диагнозуңузда жүрөктүн коронарный кан тамырларын тарытып турган ТРОМБДОРДУ ЭРИТҮҮ керек. Муну эритүү технологиясы менде гана бар, муну врачтар билбейт дагы, билгиси да келбейт, айтсаң ишенбейт. Тромбдорун ээритип, айыккан пациенттерим бар. Кааласаңыз телефонун берем, сүйлөшүп көрүңүз. Кааласаңыз кардиоцентрге барып операция жасатыңыз, жан сиздики деди Хашим.
Кардиоборбордогу “соодалашуу”
Хашим Абдирахманович, эгер уруксат берсеңиз мен бир кардиоцентрге барып келейин, мен Сизди толук түшүнгөндөй болдум. Сиздин дарылоо методуңуз мага жакты, чөп-дарылардын зыяны жок, андан да жакшысы бул дарылар башка органдарыңызды да дарылашы мүмкүн. Ошондуктан мен сөзсүз сизге келем дедим да, кардиоцентрге жөнөдүм.
Мурда даярдап алган дарек, телефондор боюнча издеген адамымды тез эле таптым. Ишиң түшпөсө билбейт экенсиң, кардиоцентрибиз аябай чоң оорукана турбайбы. Бир нече институттар бар экен. Мен издеген “Жүрөктүн хирургиясы» деген институт экен. Врачка Оштун заключениеси менен дискти бердим. Алар да эң жакшысы операция кылыш керек дешти эле, мен стенд койдурам деп жооп кайтардым. Дискти карап көрүп, 4 жерге стенд коюш керек экен, ар бири 2800$дан болот дешти. Мен: кымбат экен, Ошко келе турган новосибирскийлик профессор ар бирин 100 000 сомдон эле коет экен го десем, эми ар кимге ар түрдүү поставщиктер алып келишет дешти. Операцияга да, стендге да көнбөй жаттым. Анда эртең саат 10го келиңиз биз башка врачтар менен да кеңешип көрөлү дешти. Эртеси кайра келдим. эки жерине стенд койсо да жетиштүү болот экен дешти. Кантип эле, а калган эки жеричи дедим. Калган 2 жери анча-мынча ооруганы менен эч нерсе болбойт дешти. Таң калдым. Түшүнбөй да калдым. Кантип эле эч нерсе болбойт, эптеп эле болушунча стенд саткысы келип жатабы деп да ойлоп кеттим. Баари бир ынанбай жатканымды билип турушту. Анда сизге мониторинг жасайлы дешти. Кантип дедим. Сизге бир аппарат байлайбыз, сиздин жүрөгүңүздү иштешин бир сутка бою жазат. Бир сутка бою кадимкидей нагрузка берип жүрө бересиз, эгер оорубаса үйгө кете бересиз, а кокус ооруп калса анда операция жасайбыз дешти.
Мен ойлонуп калдым. Өзүм ооруп келсем, заключение, видеодиск болсо. Кечке чейин жөө басып туруп жүрсөм, албетте ооруп калам да деп ойлодум. «Маргеланский» вариантка өттүм. Врачтарды аябай мактадым. Мен үчүн «күйүп -бышып жатканына» ыраазычылыгымды билдирдим. 10 күн мөөнөт сурап, акча таап келейин дедим. Саясатымды бир «маргаландык» жердешим түшүндү окшойт: мыйыгынан күлүп койду.
Ошентип 1-декабрь күнү Хашим Абдирахмановичтин карамагына келдим. Диетаны так кармайсыз деп, рецепт жазып берди. Майлуу тамакты, камырдан даярдалган тамактарды, ачууларды унутуңуз деди. Сүт азыктары да болбойт, себеби биздин дарыларды кесип кетет деди.
Анан бир коркунучтуу жери бар, ошондон өтүп алсак, сиз экинчи жолу төрөлдүм десеңиз боло берет деди. 5-10 күндөн кийин эле клиникага келген журналисттер менен кагылыштык. Андан бир аз өтпөй эле Саламаттык Сактоо министрлигинин комиссиясын «тосуп» алдык. Анын арасында тергөөчүлөр менен «жолугушуп» аттык. Милицияларды клиникадан куудук. Ушулардын баардыгына активдүү катышып жаттым. Ошентип олтуруп 16-декабрь күндөн баштап жүрөктүн ар жерлери ооруй баштады. Хашим айтты «тромбдор эрий баштаптыр. Баягы мен айткан коркунучтуу момент башталды. Кыймылдабай жатыңыз. Эгерде жылып кеткен тромб нарыраак барып, бир тамырга кептелип калса, жүрөктүн ошол участкасы некроз болуп калат. Анда срочно операцияга барышка туура келет. Этият болуңуз», — деди. Этият болуп 20-декабрга чейин жаттым, андан кийин анча оорубай калды. 22-декабрь күнү Хашимди СИЗОго киргизишти да, Минздравдын орун басары Мадамин Исаевич Каратаев менен онкологиялык борбордун директору Эрнис Тилеков комиссиясы менен келишти. Алар менен да бир топ «алым-сабак» айтыштык. Даярдалган дарылар түгөнө баштады. Оорулуулар кайда барышын билбей айлаларын таппай калышты. Бирок эч ким онкоцентрге же больницага барганды каалашкан жок. Көпчүлүгү тагдырга баш ийип, үйлөрүнө кете баштады. 20 оорулуудан бешөөбүз калдык. Мен коркунучтуу моменттен өттүм, бирок менин дарылануум чала болуп калды. 24-декабрь “5-каналга” «Ой бүгүн» деген телеберүүгө түз эфирге чакырышты. Ошол жерде жанагы Макимбетов Эмил экөөбүз дебатта болдук.
Ошол эле Көк-Жардан дагы бир табып, массажчы табылып калып, жүрөгүмдү көтөрттүм, каган массаж жасайт экен аны 8 жолу алдым. Ошондон кийин бир топ өзгөрдүм. Себеби жүрөктү көтөргөндөн кийин эле өзүмдү жеңил сезип калдым. Ал эми массажда бардык органдардын нервдери ойгонуп, органдар бири- бири менен байланышы калыбына келип, өз ара макулдашуу менен иштеп, биринин оорусуна бири жардамдашкандай таризде иштеп калат окшойт. Массажчы табып ошентип түшүндүрдү. 22-январда Хашим Абдирахмановичти СИЗОдон эптеп чыгардык. Ошол эле күнү түндө күтүп жаткандардан кабар алганы келди да менде жыйынтык өтө жакшы экенин айтты. Бузулган диетам дагы билинбеди окшойт, унчукпады. Андан кийин 4-5 күн күчөтүлгөн режимде дарылап туруп, анан үйгө жооп берди. Бирок кичине чаласы калды. Себеби менин шартым дагы 10-15 күн жатканга туура келбей калды.
Ошол убакыттын арасында Хашимдин иши боюнча жардам сурап Ак Үйдүн ар бир этажына, тийиштуу министрликтердин бардыгына оорулуулардын атынан кайрылуу, арыз жаздык. Бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Демек дарыгерлердин кайсы бир тобуна Хашим Зейналиев аябай катуу тоскоол кылып жатты окшойт.
Хашимди каралоого, камоого мамлекеттик бардык ресурсту колдонуп жатышты. Акыры албетте жеңип чыгышты. Түшүнсө болот бийлик деген бийлик. Бирок бир акыйкат нерсе бар. Ушул жашка келип АЛЛА ТААЛАнын таразасын эч бир пенде өзүнүн пайдасына бастырганын көрө элек экенмин. Хашимден чала дарыланып, толук дарылана албай өлүп калгандардын балдарынын ж.б. жакын туугандарынын көз жашы аларды жөн койбосо керек деп ойлоймун. Өлбөсөк көрө жатаарбыз.
Үйгө келгенден кийин, биздин районго эл менен жолугушууга Президент келе турган болуп калды. Мен Президенттин колуна төмөнкү Кайрылууну тапшырдым.
КАЙРЫЛУУ
Биз Сиздерге табып Хашим Зайналиевдин иши боюнча кайрылуу жасап жатабыз.
Бул элдик дарыгердин артынан куугунтуктоо токтобой, массалык маалымат каражаттары аркылуу тынбай караланып келе жатат.
Укук коргоо органдары бир ай СИЗОго да отургузушту.
Ооруканалардан чыгарылып, оор абалда жаткан бейтаптардын үнүн эч ким уккан жок.
Ал кишиден айыккан бейтаптар жүздөп саналат. Шыпаа болбосо бармак эмес элибиз.
Оштук врачтар бооруңду алмаштыруудан башка жол жок, биз башка эч кандай жардам бере албайбыз, 40 миң доллар камдап, Индияга бар деп чыгарып койгон Абдыкайым уулу Азамат Хашим Зайналиевден дарыланып айыгуу жолуна түштү. Боору 40 % калыбына келди. Дагы жарым жылдай дарылоосун улантуусу керек.
Азаматка окшогон эң оор дарттан азап чегип жаткан мекендештерибизди айыктырган Хашим Зайналиевди элди дарылоосуна такыр тыюу салуу боюнча саламаттык сактоо министрлиги прокуратура аркылуу табыпты сотко берип жатат.
Хашимден дарылагандардын арасында биз да барбыз. Медикаментсиз, нурландыруу, химиясыз дарыланганыбызга абдан кубанычтабыз. Белгилүү бир убакыттын ичинде келип көрүнүп турасыңар деп айткан бизге табып.
Эми табыптын ишине тыюу салсаңар кайда барабыз? Элди дарылаганы үчүн айыпка чыгат деген эмне шумдук?
Врачтар кайра эле химия, нурланууга салат. Анын азабын ооруган адам гана билет. Ооруканалардагы коррупция боюнча айтпай эле койолу.
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Сизге Конституциянын гаранты катары кайрылып жатабыз. Кыргызстандын эли, айрыкча, ооруканалардан чыгарып койгон оор бейтаптар кандай жол менен дарылануу, кимден дарыланууга конституциялык укугу бар.
Хашимди колдоп, анын табылгаларын элибиз үчүн колдонуу боюнча көмөк көрсөтүүңүздү, укук коргоо органдарынын куугунтуктоолорун токтотуп берүүңүздү өтүнөбүз.
Эгер Хашимдин иши мамлекет тарабынан колдоого алынса, миңдеген мекендештерибиз үчүн пайда гана болооруна 100% ишенебиз.
Президент Жээнбеков карышкырга кой кайтартып, биздин Кайрылууну кайра эле Саламаттык Сактоо Министрлигине жөнөтүптүр.
Министр орун басары баягы эле Мадаминов Каратай: биз Хашимди билебиз. Ал 3 жыл мурун бир аялды туура эмес дарылаганын аныктадык деп жооп бериптир. 4 стадия рак менен Хашимге барып жатып, бирок айыга албай кайра үйүнө чыгып, 2 айдан кийин гана каза болгон аялдын туура эмес дарыланганын кантип аныкташкандары табышмак. Болгондо да үч жыл мурун каза болгон аялдын туура эмес дарыланып өлгөнүн кандайча билишти?
Сиз мамлекеттик ооруканада дарыланбаптырсыз. Ошондуктан эч нерсе дей албайбыз. Бизге келип текшерилип, дарыланып алыңыз деп жазыптыр министр орун басары.
Мамлекеттик ооруканага барганда болгон окуяларды жогоруда жаздым го.
Аллага шүгүр, мен азыр толук дарыланып чыктым. Мурдагы ишимде жигердүү иштеп жатам. Кайра врачтардын колуна барып түшүүдөн кудай сактасын.
Мендей 10 миңдеген оорулуулар бар. Хашимдин дарылоо ыкмасы канча адамдарга шыпаа болмок.
Бирок бийлик табыпты түшүнбөдү. Бийлик утту, эл утулду.
Абдымитал Юзбаев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс