• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

Ташиев Кемпир-Абад боюнча: «Биз сууну берген жокпуз, суунун астындагы жерди бердик» деп жанын жеди

Автор:ruh_admin

Апр 20, 2021
Кара-Суу эли Камчыбек Ташиев Өзбекстанга берип салган Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразычылык билдирип боз үй тигип чогулушкан. Бүгүн аларга Камчыбек Ташиев барып, элди алдап жалган маалымат берип сүйлөп жатат.
«Биз суу сактагычты берген жокпуз, суунун астындагы жерди бердик» деп элдин башын айлантты.
Ташиев элди дагы өзүндөй дөөпөрөс ойлойт окшойт? Өзбектер суунун астын башына тартмак беле? Же суунун астына дыйканчылык кылабы. Суу сактагыч стратегиялык мааниси чоң обьект болчу. Аны толугу менен, тегерегинде 50 гектар жерди кошуп берип салды.
Ташиев дагы бир сөзүндө, «Кемпир-Абад суу сактагычына биздин элдин колдонууга, мал суугарганга мүмкүнчүлүгү болот» деп алдады.
Толук өткөрүп бергенден кийин тикен зымдар менен тосуп алып, киргизмек түгүл көчүккө тээп жакын жолотпойт. Кемпир-Абадды айланта берилген 50 гектар жерге Өзбекстандын эли жык жайгашып, Өзгөн/Кара-Суунун элин жакындатпайт.
Ташиев чынында эле акыл-эси жана психологиялык саламаттыгы боюнча шек туудуруп баштады. 2012-жылы камакта жатып, түрмөдөн чыгуу үчүн өзү сотко «менин психикалык саламаттыгым жакшы эмес, текшерип түрмөдөн чыгаргыла» деген өтунүч келтирген. Мына ошону жана акыркы кылып жаткан аракеттерин эске алганда, ишинин жыйынтыгы дени-карды соо адамдын иши эмес экенин байкаса болот.
Элге каратып туруп калп айтып, жалган маалымат берип, өзүнүн акмакчылыгын жашырууда.
Камчыбектин калпына ишенбегиле, чек-араны чечүү боюнча жоопкерчиликтен бошотуп, ордуна акыл эси жайында бирөөнү коюш керек. Бул эргул пиар кылам деп жердин барын берип ит кылат же Тажикстан менен согуш чыгарып тынчтыкты бузат.
Садыр Жапаров досуңуз каалаганча чартаңбай тепти, эми эркелегендин дагы чеги болот. «Доссекретарыңызды» жок кылбасаныз мамлекетти талкалап, элди согушка алып барып, бийлигиңер күзгө жетпей калышы мүмкүн. Ишкерлерди «шайлоого жардам» деп тоноп жатканы боюнча дагы көп фактылар бар, аны кийинкиде сөз кылабыз.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс