• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

Уу коргошун ичип ууланган алгачкы бейтап катталды. Сүрөт

Автор:ruh_admin

Апр 19, 2021

Социалдык тармактарда Бишкекте киши «Ысык-Көл тамыры» деген чөптүн кайнатмасын ичип алып, ууланып калганы тууралуу маалымат тарап жатат.

Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына Кыргыз-Россия Славян университетинин клиникалык фармакология кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин кандитаты Аида Зурдинова дагы жазган.

«Мессенджер аркылуу мага маалымат түштү. Тез жардамда иштеген таанышыма саат 14:00дө бир киши чалып «жардам бергиле» деп кыйкырыптыр. Бейтап 10-кичи райондо жашайт экен. Дарыгерлер жерине барганда батирдин ичинен бүгүн жарнамаланган уу коргошундун бөтөлкөсүн көрүшкөн. Бейтаптын жүрөгүнүн согушу бузулуп, дем алуусу кескин начарлаган. Бактыга жараша, Тез жардамды убагында чакырышкан. Бейтап өзү дагы ошол кайнатманы ичкенин билдирген. Жаран токсикологияга жеткирилген, жакшы болуп кетет деп үмүт артуудабыз», — деп жазды ал.

Анткен менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнөн мындай бейтаптар түшпөгөнүн билдиришти.

Ал эми Зурдинова өзүнүн жазган постунун алдына бейтап жеке клиникага жаткырылганын жазып, окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат эртең болорун билдирди.

Регина Баймуратова
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс