• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

Өзүбүздүн сууну кошуналардан сурап ичебизби?

Автор:ruh_admin

Апр 19, 2021
К.Ташиев сүйлөп атат, «Малыңарды сугара берсеңер болот, мен сүйлөшүп койдум» деп. Өзүңдүн жериңде турган сууңа өзбектерден уруксат сураган биздей маңыроо, сатылма, ишенчээк, момун, кой сыяктуу элдер дүйнөдө жок болсо керек менимче. Суу өзбектерден агып, алардын жерине барып, суу сурасак бир жөн. Эртең ким кепилдик берет, зым тартып тосуп алышса!?… Ансыз да кошуналар баардык чек араларды зым тартып, чычкан өткүс кылып тосуп алышкан! Биздикилердики аңырайып ачылып турат. Заставаларыбыз камыштан курулган. Жоокерлерибиз арык торук. Эми Өзгөн шаарына чейин ала топучан туугандар кирип келишет экен ушул кетиште. Өзгөн шаарынын өзүндө Андижандан көчүп келишкен кандаштары да бар. Алардын армиясы менен биздикин салыштырып болбойт! Жериңи бергениң аз келгенсип, сууну да биротоло өткөрүп беришти. Стратегиялык объект дегенди, башкасы болбосо да, ошол жерде кой кайтарып чоңойгонмун деген ГКНБ нын төрагасы билбейби же түшүнбөйбү?!. Кечээ эле оппозиция болуп жүргөндө катуу кыйкырып жүргөн, булар бийликке барганда көзүн май басып калышабы!?… Улуттук кызыкчылыкты ойлонушабы деги алар. Союз маалында убактылуу деп өтүп кеткен Алчалуу, Беш- Кепе, Кыдырша, Тейит, Кара- Багыш, Токтогул колхозу, Сүткен, Прогресс, Кызыл- Токой, дээрлик Коргон- Төбө району ж.б. толгон токой жалаң кыргыздар жашаган айылдар биротоло Өзбекстанда калып кетти. Кемпир- Абадды курганга ошол жылдары абактагы орустарды алып келишип, атайын кыштакча түптөлүп ал азырга чейин Тополиное деп аталат. Ал айылдарда кыргыздын Бостон, Кыпчак, Тейит, Таздар, анан совхоздо мал багышкан Бөрү уруулары азыр өзбектешип, тилдери да бурулуп калышканы чындык! Андижан облусу 71% Союз маалында кыргыздар жашаган экен. Аларды өзбек деп паспортуна жаздырып, мени менен жанымда чогуу жүргөн эки Өзбекстандык кыргыздар көп нерселерди айтып беришти. Өкмөттө иштегиң келсе, өзбек болуп жазылышың керек дейт.Чоң атамдын паспортунда Ош облусу деп жазылган деп бей расмий маалыматтарда Өзбекстанда 7 млнго чукул кыргыздар бар деп айтып берсе, аябай таң калдым. Бизде өзүбүздө кыргыз тилдүү мектептерге өгөй мамиле жасалып жаткандан кийин, аларга каяктан көңүл бурмак элек. Улутчулдук кылгым келбейт, бирок кыргыздашып кеткен башка улутту көрө элекмин, бирок тажик, түрк, ооган, өзбек, орус ж.б. болуп калган кыргыздарды көрүп эле жүрөм! Кыскасы айта берсең арман көп, унчукпай койоюн дейсиң, антпесең дилиң күйөт. Айтсаң «дакансалар» эл душманына чыгарышат. Бизге тынчтык керек деп, эртең душман басып кирсе деле, маңкурттар, өзүбүздөн чыккан ички душмандарыбыз деле жетиштүү. Андай чечкенден көрө, (биздин кызыкчылык сакталбаса) тим эле койгулачы! Сураныч!
P.S. Эки достун бирөөсү планшетин көтөрүп алып, аны карап окуп, кокус зарядкасын унутуп калышса, анысы өчүп сүйлөй албай, бирөөсү «Таак, таак, уважаемые бандиты!»- дей берип, бул кетиште мамлекетти талкалап жок кылат окшойсуңар!?…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс