• Чт. 26 мая, 2022

Популярные метки

Кокодон алган кооптуу жагдайлар

Автор:ruh_admin

Апр 15, 2021
Маалымат каражаттарынын көбү жергиликтүү шайлоо жана референдум менен алек болуп жатканда анча байкалбаган үч башка коркунуч ар кандай күч менен бышып жетилип жатат. Алар Оштогу шайлоого, күйүүчү майдын баасына жана суунун жетишсиздигине байланыштуу.
Оштогу шайлоо
Өткөн парламенттик шайлоодо да өлкөнүн түштүк борбору бир топ талаштуу жагдайлардын эпицентри болгон. Быйыл шаардык кеңештеги шайлоодо нааразылык көп болуп жатканын маалымат каражаттарында байма-бай чыгып жаткан материалдар көрсөтүп жатат. Эгерде бийликке жакын эле партиялар өз ара тирешип жаткан болсо, арасында салмактуу лидерлер болбосо анча чоң маселе болмок эмес. Бирок бул жолу шаарда эле эмес, анын тегерек-четинде да илгертен аброю бар Мелис Мырзакматов шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптардын катарын толуктады. Анын салмагы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев экөөнү кошкондон да көптүк кылат. Эгерде бийлик бул аймакта жагдай тынч өнүгүшүн кааласа, анда «баарын алабыз» деген «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» катасын кайталабай, ал жактагы абройлуу жергиликтүү лидерлер менен жок эле дегенде диалогго барышы зарыл. Антпесе Оштогу нааразылык түз чыгып кетпесе да кийинки чатактардын кайсынысына болбосун даяр тамызгы бойдон кала берет. Ал качан от алары маанилүү эмес.
Күйүүчү май
Убагында Орусия Кыргызстанга жибериле турган күйүүчү майдын баасына коюла турган алымды алып таштаган жеңилдик берүүдөн баш тартып, анын эсебинен биз жакта Бакиевди бийликтен кетирген нааразылык акциясы башталып кеткен. Анткени күйүүчү майдын баасы экономикада кумулятивдик таасирге ээ болот. Бир жагынан ал айыл чарба азыктарынын өздүк наркына таасир этет. Анткени солярка кымбат болсо аны коротуп өндүргөн азык-түлүк да кымбаттайт. Экинчиден бензиндин баасы аны менен ташылган бардык жүктүн баасына кошулат. Эгерде күйүүчү майдын айыл чарбасына тийгизген таасири күзгө жуук гана билине баштаса, бензиндин баасы эмитен эле бааларга таасир эте башташы мүмкүн. Ансыз деле бир топ нерселер кымбаттап баратат. Эл азыр өзү түшүнбөгөн референдум үчүн же ага каршы болуп күргүштөп чыгышы күмөн. Бирок кымбатчылык өлкөдөгү туруктуулукка алда канча тез сокку урушу ыктымал. Анткени ачка кишинин жоготоор эч нерсеси калбай калат.
Президент Садыр Жапаровдун Орусияда жакында өткөн сапарында ушул күйүүчү майга байланыштуу маселелер биринчи иретте каралышы керек эле. Эгерде сүйлөшүүлөрдө кеп козголуп, жок дегенде өз ара түшүнүшүү болсо жакшы. Анда мунай ташуучуларды гана көзөмөлдөп, бир сыйра баалардын көтөрүлүшүн териштирип чыгыш керек. Антпесе өзүбүздүн тилибизди өнүктүрө албай жатсак жалаң орус тилдүү 44 мектепке жол ачып, өзү сындап жүргөн Жерүйдү өз колу менен орустарга карматып, эч кандай пайдасы жок келген болот. «Путин телефондун трубкасын көтөрсө» биринчи иретте чечиле турган маселе ушул. Эми экономикалык маселелерди өзү козгобосо Улукбек Мариповго же Руслан Казакбаевге шылтап кутула албайт. Анткени өлкөдөгү абал үчүн жоопкерчилик алам деген өзү. Ырас, жаңы Башмыйзамда президенттин жоопкерчилиги эч кандай каралган эмес. Андыктан «жаңы Башмыйзамда президенттин жоопкерчилиги каралган» дегенинин баары калп. Бирок эл нааразы болсо ага да карабайт. Орустарда жакшы бир кеп бар, «бьют не по паспорту, а по морде» дейт. Биздин эл да бардык нерсени ошондой түз түшүнөрүн бир нече жолу далилдеген.
Суу азаюуда
Кыргызстанда жылдан жылга суу азайып баратканы жашыруун эмес. Буга бир эсе глобалдык жылуулук, бир эсе мөңгүлөрдү талкалай бергенге жол ачкан өзүбүздүн саясатыбыз шарт түзүүдө. Суунун аздыгы эки нерсеге түздөн-түз таасир этет. Биринчиден, дыйканчылык аксап, өзүбүз өндүрө турган эле айыл чарба өндүрүмүн чыгаруунун ордуна кошуналарга көз карандылыгыбыз ого бетер күчөшү мүмкүн. Экинчи өңүтү энергетикага байланыштуу. Президенттик шайлоонун алдында Токтогул ГЭСиндеги суунун деңгээли коркунучтуу абалга жеткенин айткан талапкерлер болгон. Ага канчалык көңүл бурулганы белгисиз.
Быйыл жайында суу кандай келерин да азырынча билбейбиз. Адатта жайында өзбек тарап сууга муктаж болуп калат. Бирок биринчиден суу өзүбүзгө керек. Экинчиден сууну жөндөн жөн агызып жиберсе кышында энергетикага көзүбүз жалдырап отуруп калабыз. Анткени кышында каалайбызбы-жокпу, калк электрди көп жагат. Андыктан быйыл суунун сарпталышына болгон көзөмөлдү күчөтүп, колдон келсе ага компетенттүү коомдук уюмдардын өкүлдөрүн киргизген оң. Чечимдерди да ошолор менен бирге кабыл алган жакшы.
Албетте, колдон келсе энергия өндүрүүнүн альтернативалык варианттарын эмитен эле караштыра берүү жакшы болмок, бирок ага биринчиден ресурс керек. Экинчиден, колдо болгон чакан ГЭСтердин чыгарган энергиясын деле сатып алып өз милдеттенмесин аткарууга өкмөт жарабай койгон. Эгерде башында колдоп берсе жок дегенде күйбөйт эле. Башкаларына да мисал болмок. Эми ишкерлер бул чөйрөгө акчасын салуудан жаа бою качып калганы бышык. Ошондуктан ал тууралуу өкмөттөн эч нерсе талап кылбай эле туралы, бул бийликтин ага чамасы жетпейт.
Атамбаевдин көп кемчиликтери болгон. Бирок Датка-Кемин системасын курдуруу менен ал жок дегенде Өзбекстандын алдындагы ошол кездеги көз карандылыктан куткарганын, Орусиянын алдындагы 500 миллион доллар карызды, Түркиянын алдындагы 70 миллион доллар карызды кечтиргенин баалаш керек.
Бирок азыр биздин өлкөгө болгон ошол кездеги ишеним ресурсу да түгөндү.
Башка жагдайлар жана иш алгоритми
Албетте, мындан башка да чечилбеген маселелер толтура. Кытайдын карызынан тартып чек арадагы чырга чейин, коомду козгогон коррупция менен кылмыштуулуктан тартып шайлоодогу мыйзам бузууга чейин бүт азыркы бийликтин мойнунда. Бирок ошондо да чукул жасала турган, андан кийинки планда жасала турган иштер бар. Жогоруда кеп болгон үч маселе — ошолордун катарында.
Кризис шартында бир жакшы эреже иштейт: бийлик азыр, мына-мына аткара ала турган маанилүү, бирок чакан нерсеге гана убада берип, бирок ошону сөзсүз аткарышы керек. Улам кийинки кадамы ошентип ташталышы зарыл. Ишеним ошентип гана пайда болот.
Албетте, жалпысынан бүт дүйнө жүзүндө коронавируска байланышкан жагдайлар кыргыз мигранттары бара турган мамлекеттердин да экономикасын солгундатты. Былтыртан бери кыргыз экономикасынын бир топ тармактары артка кетти, экономика кайра форматташты. Ушунун баары социалдык-экономикалык абалды начарлатып, шылтоого шыноо боло турган нерселер да көбөйдү. Бирок мунун башка да жагы бар: иш таба албай калган ар бир адам — потенциалдуу митингчи.
Андыктан кандай начар болсо да жок дегенде өз кызыкчылыгы үчүн бийликтин иштеп турушу өлкөдөгү хаоско караганда жакшыраак. Бул жок эле дегенде жаңы саясий элита түптөлүп, элге таанылып, ишенимге кирип, кадрлары да, жасай турган иштери да белен болуп калган убакытка чейин зарыл нерсе.
Бийлик куласа хаос коркунучу реалдуу. Анткени башка күчтөр көпчүлүк элдин көңүлүн бура алган жок, бирдиктүү аракеттерге барган жок, ынтымагы жагынан да, идеологиясы жагынан да даяр эмес. Бирок жалпысынан азырынча убакыт өлкөнүн кызыкчылыгын чындап ойлогон күчтөрдүн пайдасына, азыркы бийликтин зыянына иштеп келатат.
Кимиси ушул чукул коркунучтардан туура жыйынтык чыгарарын убакыт көрсөтөт.
Жыргалбек Касаболот
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс