• Чт. 26 мая, 2022

Популярные метки

Коронавирус жана коронавирус сыяктуу «вирустар» тууралуу…

Автор:ruh_admin

Апр 15, 2021
Саламаттык сактоо министри жана эксперттер өздөрүнүн анализине таянып, июнь- июль айларында коронавирус илдетинин 3-толкуну болоорун эскертип жатат. Өткөн жылы эскертүүлөрдү мыскылдоо жана ишенбөөчүлүк менен кабыл алганбыз. Арабызда акмактар чыккан, коронавирус бул саясат, ишенбегиле деп тескери маалымат берип. Бирок, июль айында ишенбей жаткан кыргыздын башына апаатты салган.
Быйыл дагы ошол коркунуч күтүлүп жатат. Өткөн жылга салыштырмалуу эл тажрыйбалуу болуп калды. 2020-жылы бир нече ооруканалар дагы салынды.
Вирус адаттагыдай эле, коомдук транспорт, базарлар, кафе-ресторан, түнкү клуб, той-топур айтор эл чогулган аймактардан жугары эскертилип жатат.
Министрлик эскертсе этибарга албай, кыйынчылык башка келгенде бийликти күнөөлөп жатып калмайыбыз бар. Жоопкерчилик деген нөл! Айтып жатса, «Кудай сактасын, эл эмне дейт, барбай койсом таарынат да»-деп темселеп чогулган жерден калбайбыз.
Мамлекеттин экономикалык абалы абдан начар, пандемиянын 3-толкунуна кантип туруштук беребиз, элестетүү дагы кыйын. Ошондуктан, улам шылтоо таап митинг кылып, же той-топур кылып, адам чогултпай туралычы.
Бийлик айтканды укпагандар, эрежеге көнбөгөндөр, жоопкерчиликти сезбегендер эң биринчи болуп нааразы болуп чыгышат.
Эми эртең, маркум Айзаданын өлүмүнө байланыштуу бекерчилер митинг өткөргөнү жатышыптыр. Талаптары, күнөөлүүлөр жазалансын деп чогулушат экен. Өлтүргөн адам чогуу өлдү, уурдаганга көмөктөшкөн 4 жигит камакка алынды. Бизде өлүм жазасы жок, атып салгыдай. Аларга сот, тийешелүү органдар жазасын берет. Силерге эмне жок? Күйүп жатсаңар үй-бүлөөсүнө жардам бергиле, көчөгө киши чогултпай! Аялдардын укугун коргоп чыгабыз дейсиңер, көчөгө чыгып айкырып-кыйкырып койсоңор аялдардын мачелеси чечилип, укугу корголуп калабы?! Кандай келесоосуңар, укукту антип коргобойт. Анан калса укук коргоп чыккан адамдарды карап көргүлө, көбү жашоодон жолу болбогон, үй-бүлөө кадырын билбеген, үй-бүлөө баалуулуктарын түшүнбөгөндөр, же аялына кадыры жок, же күйөсүн сыйлабаган немелер чогулушат.
Ушундай жыйын чогулуштар дагы вирустун таралышына бирден бир себеп шарт түзөт.
Бизге азыр ден соолук, улуттун саламаттыгы өтө керек. Ким улуттун саламаттыгына коркунуч жараткан кадамдарды кылса, аны аёосуз эле жазалоо керек.
Анан эле жооптору даяр, «биз укук коргоп жатабыз» дешип. Акыл эси, ден соолугу жайында адам силердин коргооңорго муктаж эмес. Эй коргобой эле койгула, андан көрө өзүнөрдү коргоп алгыла! Э.. коргогуч болуп кетишет, силердин түпкү максатыңарды билбейт дейсиңерби?!
Дайырбек Орунбеков.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс