• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

ЗАКИРЖАН БАКИЕВДИН «БАЛАСЫ» НАРИМАН ТҮЛЕЕВ МЫНЧА БАЙЛЫКТЫ КАНТИП ТОПТОГОН?!

Автор:ruh_admin

Апр 11, 2021
ТҮЛЕЕВДИН ТҮРМӨДӨН ЧЫГЫШЫ ЧОҢ САЯСАТ ЖАНА ЧОҢ КОРРУПЦИЯСЫ
Түбү кыргыз эмес, калмактык жайы бар делген Нариман Түлеевдин 7-май күнү түрмөдөн бошоп чыкканы коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Бишкек шаарынын мэри жана андан мурун “Кыргыз темир жолун” жетектеп турган кезинде мамлекетке олчойгон зыян келтирген. 2011-жылы кылмыш козголуп, сот иши андан бери созулуп олтуруп, жакында эле 11 жылга кесилген болчу. Түлеев жеп –ичкенин актоо иретинде мамлекетке 61 млн. сом төгүп берген экен. Баары накталай эмес. Көп кабаттуу бир нече батирлер да бар. Негизи, Нариманга бул акча кеп эмес. Анын байлыгы дагы деле болсо башынан ашып, чирип-ирип жатат. Мына сага биздин саясат. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун “Азаттыкка” айткан пикирин мисалга тартсак жетиштүү болоор:
“Паракорчулук менен күрөшүп атабыз деп Түлеевди камап атканда пиар кылышкан эле. Мен юрист катары айтсам, мыйзам баарына бирдей иштебегенин көрсөттү. Акчасы жоктор отуруп, акчалуулар чыгып кете берсе болобу деген жөнөкөй суроо туулат. Анда түрмөнүн теңин бошотуу керек. Элдин башын айлантпай Нарымбаев менен Коркмазовду дагы эрте эле бошотуу керек. Коррупциялык элементтерге жол берилди. Он бир жылга кесип, бир жарым жылда чыгарат дегенди сүйлөшүүлөр болгон деп түшүнсөк болот. Айта кетчү нерсе, Түлеев президенттин макулдугусуз чыкмак эмес”.
Чын эле эми Наримандын мүлкү боюнча пара менен кармалган Нарымбаев менен Коркмазов иши эми кыйла эле жеңилдейт. Жакын арада эркиндикке чыгып кетишсе да, эч кандай таң калуунун кереги жок. Баса, Түлеев түрмөдөн чыккан күнү “Дос-Кредо” банкынын Токтогул-Белинский көчөлөрүнүн кесилишиндеги башкы имаратына жумуштап барып калсак, банктын кызматкерлери кымкуут түшүп эле офистин ичине шарчаларды байлашып, кардарларды тейлебей чуркап калышканына күбө болдук эле… Көрсө, Түлеевдин түрмөдөн чыкканын өздөрүнчө майрамдап жатышкан окшобойбу.
Закиржан Бакиевдин «баласы» Нариман Түлеев мынча байлыкты
кантип топтогон?
Канкор Закиржан Бакиевди «аталап» жүргөн Нариман Түлеев Бакиевдин доорундагы «эң мыкты» иштерман саясатчы катары көрүнгүсү келип, 2007-жылы Бишкек шаарынын (мэрияны) башкармалыгынын эки тизгин, бир чылбырын колго алгандан баштап, 2010-жылдын 7-апрелине чейин борбор шаарыбызды каалагандай калчады. Сөздүн кыскасы, Нариман мырза өзүн Ленинден кем калбаган «улуу реформатор» катары көрсөткүсү келгенин жокко чыгарууга болбойт. Сөзүбүз кургак болбош үчүн анын элге кеңири белгилүү «реформаторлук» иштеринен учкай кеп кылалы.
Алгач, Наримандын Бишкек мэрлигине келгенге чейин, «Кыргыз темир жолундагы» жоруктарынан бир шиңгил жаза кетели. Бул тармакты Нариман Түлеев «мен бутуна тургузгам» деп каратып туруп калпты ышкыртып жатканы көпчүлүктүн жинин кашайтууда. “Кыргыз темир жолунун» Түлеев келгенге чейинки өнөктөштөрүнүн алдындагы карызы 10 млн. швейцар франкын түзсө, ал келгенден кийин бул сумма 23 млн.го чейин өскөндүгү учурунда эле ачыкка чыккан.
Мындан тышкары, Түлеев Орусиядан 62 пассажирдик вагон алып келгендигин бардык ММКлар аркылуу жар салганы бар. Чын-чынына келгенде ал вагондор «Орусия темир жол» ишканасынан ар бир вагон үчүн күнүнө 92 доллар ижара акысы менен алынган экен. 62 вагондун ар бирине 92 доллардан төлөсөк, бир күндө 6 миң долларга жакын кызылдай болгон акча ижара акысы катары төлөнүп келген. Эски жетекчиликтин мына ушундай акылсыздыгынын айынан «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы айына 200 миң, бир жылда 100 млн. долларга жакын карыз болгон.
Нариман мырза мэр болуп турганда «атам» деп жүргөн Курманбек Бакиевдин бул сүрөттөгү айкелин жасатып иш бөлмөсүнө чекчейтип коюп алган «эрдиги» эле эмнени каңкуулайт?
Ар бир өлкөнүн борбор шаарынын чок ортосунда жайгашкан борбордук аянты болот эмеспи. Андай аянт ар бир мамлекетте бар. Жада калса, жакынкы Тажикстанда, Өзбекстанда, согуш басылбаган Афганистанда, алыскы мамлекеттерден Африка өлкөлөрүндө да бар. Биздин мамлекетте да көзгө басар бир гана чоңураак аянт бар болчу. Нариман ал куттуу аянтты, сөздүн туурасын айтканда 2009-жылы улам күч алып бараткан оппозициядан кызганып, ортосуна фонтан курдуруп, гүл олтургузуп, олтургуч жайнатып ачык паркка айлантып салды. Натыйжада эл чогула турган көзгө басар аянтыбыз жашыл-ала парк болуп эле жатып калды. Азыр ал аянтыбыз аянт экени же парк экенин айырмалоо кыйын. Анысы аз келгенсип, кыргыз элин ачык эле мазактап, Манас бабабыздын түбүнө жетишкен калмак-кытай баатырлары Нескаранын, Шыпшайдардын, Макел дөөнүн, Жолойдун айкелдерин так ошол аянтыбызга орнотуп, бүтүндөй кыргыз элин дүйнө жүзүнө уят кылды. Элибиз ошондо Наримандын бул кылыгына абдан нааразы болушуп, гезит беттерине: «Нариман ошол калмак баатырларын өз огородуна алып барып коюп алсын» деген пикирлерин билдиришкен эле.
Андан кийин жолдорду сапатына эмес, санына басым жасап оңдомуш этти.
Учурунда Наримандын ал жолдорду оңдоодо жалпысынан 190 миллион сомду ашыкча көрсөтүү жана башка ар кандай жолдор менен сол чөнтөккө сологондугун Эсеп палатасы жар салган. Мындан тышкары, шаар ичиндеги жерлерди бизнесмендерге мыйзамсыз саткандыгы, борбордук көчөлөрдүн боюна, ооруканалардын, бала бакчалардын, парктардын жанына курууга уруксат берип, бул иштерди ишке ашырууда да бир топ акчага «туйтунгандыгы» да айтылган. Сөздүн кыскасы, Наримандын мындай шылуундук иштери ага чексиз байлык алып келген. Бирок, кептин баары «ал опол — тоодой байлык адалбы?» деген суроодо. Наримандын бийликте турган кездеринде топтоого жетишкен байлыктарынын тизмесин жарыялайбыз.
Наримандын үйүнүн саны араң эле 17би?
Түлеев мырзанын Бишкек шаарында араң эле 17 үйү бар экени тиешелүү тараптардын иликтөө иштеринде ачыкка чыкты. Булардын бири да өзүнүн наамына эмес, маркум атасы Ташболот Түлеевдин наамына 13 үй катталса, кызы Түлеева Назгүл Наримановнанын наамына үч, Нариман уулу Санжардын наамына 1, Нариман уулу Бакыттын наамына да 1 үй катталган. Ал эми бул үйлөрдүн көбүнчөсүнүн баасы кеминде 200 миң доллардын тегерегинде экендиги айтылууда. Элге ачык жана далилдүү болуш үчүн бул үйлөрдү дареги менен берүүнү эп көрдүк:
1. Эркин-Тоо көч., №23 үй — Түлеев Ташболот,
2. Саранский пер. №3 үй, 5-кв. — Түлеева Назгүл Наримановна,
3. Раззаков көч., №7 үй 8-кв. — Түлеева Назгүл Наримановна,
4. Раззаков көч., №7 үй — Түлеева Назгүл Наримановна,
5. Раззаков көч., №7 үй — Түлеев Ташболот,
6. Коёнкөзов көч., №35 үй — Түлеев Ташболот,
7. Коёнкөзов көч.,№37 үй — Түлеев Ташболот,
8. Айтматов Т. (мурунку Каширская) №65 үй,1-кв. — Түлеев Ташболот,
9. Токтоналиев (мурунку Душанбинский) номерсиз үй — Түлеев Ташболот
10. Үмөталиев көч., №41 үй, 27-кв., — Түлеев Ташболот,
11. Үмөталиев көч., №41 үй — Түлеев Ташболот,
12. Раззаков көч., №7 үй, 1-кв. — Түлеев Ташболот,
13. Эркиндик (мурунку Дзержинский) №14 үй, 18 кв. — Түлеев Ташболот,
14. Эркиндик (мурунку Дзержинский) №14 үй — Түлеев Ташболот,
15. Фрунзе көч., №495 үй, 7-кв. — Түлеев Ташболот,
16. Славгородский көч. №21 б. — Нариман уулу Санжар,
17. Токтогул көч., №86/1 үй,10-кв. — Нариман уулу Бакыт.
Тизмеде көрсөтүлгөн бул үйлөр ачыкка чыкканы эле. Ал эми ачыкка чыга элеги көп. Нариман өзүнүн наамына бир да үй жаздырган эмес. Бирок, ошентсе да, Нарикеңдин жеке менчик ишканалары да жогоруда саналган үйлөрүнөн да ашык.
Наримандын жеке менчик ишканалары:
1.Панфилов көч., №153-155-үй, “ЭкспоСтрой” ЖЧКсы,
2. Фрунзе көч., №364/1, “ЭкспоСтрой” ЖЧКсы,
3. Киев көч., №126-128-үй, CARAVAN ЖЧКсы (Караван) соода борбору,
4. Үмөталиев көч., №41 үй, ТСЖ батыш тарабындагы “Караван”,
5. Үмөталиев көч., №41 үй,1-кабат, “Караван” ЖЧКсы,
6. Үмөталиев көч., №41 үй, жер төлөсүндө, “Караван” ЖЧКсы,
7. Манас просп. , №101/1, “Караван” соода борбору, ЖЧКсы, (“Сапаткомдун” мекемеси),
8. Жумабек Ибраимов көч. (мурунку Иваницин), 203/1, “Караван” соода борбору, ЖЧКсы, (“Сапаткомдун” мекемеси),
9. Исанов көч., №81-83, “Дос-Кредобанк” ААКсы,
10. Токтогул көч., №171/1, 1-2-кабат, “Дос-Кредобанк” ААКсы,
11. Чүй просп., №100/5, “Дос-Кредобанк” ААКсы,
12. Байтик баатыр көч., №3/2, 11-кв., “Дос-Кредобанк” ААКсы,
13. Байтик баатыр көч., №3/2, “Дос-Кредобанк” ААКсы,
14. Байтик баатыр көч., №3/2,(цок.кабат) парк, Ст-ка 6, “Дос-Кредобанк” ААКсы,
15. Байтик баатыр көч., №3/2,(цок.кабат) парк, Ст-ка 25, “Дос-Кредобанк” ААКсы,
16. Улан мкр., №7, 48-кв., “Дос-Кредобанк” АКБ, Бишкектеги филиалы,
17. «Сапатком» байланыш түйүнү жана анын бардык бөлүмдөрү.
18. «Ак жол» камсыздандыруу компаниясы. (кезинде Түлеев ушул компаниясы аркылуу «Ата Журт» партиясына бир нече млн. которгондугу көп сөз болгон.
19. Vesti. kg. сайты.
Ижарага алгандары:
1. Манасчы Сагымбай көч. (мурунку Калинин), “ЭкспоСтрой” ЖЧКсы,
2. Жумабек Ибраимов көч. (мурунку Иваницин) №203/1, “Караван” соода борбору ЖЧКсы,
3. Исанов көч. №81-83-үй, “Дос-Кредобанк” ААКсы,
4. Жукеев-Пудовкин №2/1 кв. “Дос-Кредобанк” ААКсы.
Нариман мынча байлыкты кантип топтогонун кыраакы кыргыз элине айтпасак да белгилүү. Мына ушунча байлыгы бар адамга 61 млн. сом кеп болуп калыптырбы?
Сапарбай Саякбаев
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс