• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Эй, журналист сөрөй!

Автор:ruh_admin

Апр 11, 2021
как будто ошол мезгилде, Отунбаева, Кадыржан Батыров менен бирге жатып, бирге тургандай сүйлөпсүң да. Бектур Асанов деген саткын акмакты актап жатканың эле сенин ким экениңден кабар берет. Башынан баштайын: Бакиев биз үчүн эмес, силер үчүн беглый президент. Бакиевди эл кууган эмес, УӨ топтогон бир ууч трайбалистер тобу куугансыңар. Баардык балакет 7апрелден башталат. Эгер эле Атамбаев, Отунбаевалар Кыргызстандын эртеңин, кыргыз элинин келечегин ойлогон патриоттор болсо, ала көөдөн дөөпараздарды аракка тойгузуп, колуна курал берип ак үйгө айдамак эмес. Ушул жөнүндө бир ойлонуп көрбөйсүңбү? Акаевдин куралсыз эле куубадык беле?
Бакиев снайпер жалдаганга, элди аттырганга үлгүргөн деле эмес. Ал андай окуя болот деп ойлобой кенебестик кылган үчүн бийликти оңой алдырып олтурбайбы. Бул жөнүндө да мээңи иштетип бир ойлон.
Бакиев түштүккө барганда , аны миллиондогон эл колдоп чыгышкан. Жалал Абадга Бакиевди колдогону барабыз деп туш тараптан чыккандарды УӨ жолдорду блоктоп өткөзбөй койгон. Мына дал ошондо УӨттүн башына түштүк тополоңду б.а. өзбектерди көтөрүү планы пайда болгон. Себеби, өзбектер көтөрүлсө, намыска бек кыргыздар Бакиевди унутуп, өзбектерге көңүлү бурулат дешип ойлогон. Ошентип алар Кадыржан менен Бишкекте тынбай жолугушууларды өткөрүшкөн. Сабыр, сенде бир аз мээ иштесе: «мамлекеттик иш боюнча Кадыржан менен жолугушат да» деп дөөдүрөбөйт элең. Кадыржан ким эле мамлекеттик иштер менен борбордо жолугушууга баргыдай. Ошол убакта Кадыржан менен жолугуша турган кандай себеп бар эле, өлкө тынчы кетип турганда? Өзбектер эч кандай көтөрүлүш жөнүндө ою жок тынч эле жатышкан. Сен Кадыржан Батыровдун : «мына 20 жылдан бери күткөн күндөр келди. Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдер бизди колдоп жатышат. Биз да бир мазза (жыргап) жашайлычы» деп өзбек элине кайрылып сүйлөп жатканын, ал эми ошол убакта жанында губернатор Бектур Асанов кол чаап турганын көрбөй көзүң агып калды беле? Өзүңдү бүткүл түштүк элинен акылдуу сезип, түштүк элинин үстүнөн тон бычып, болгон окуяны бурмалаганга сага ким укук берди? Бакиев түштүктөн Путиндин телефондо айткан сөзү үчүн, андан соң өз каалоосу менен чыгып кеткен, согуш башталып, элдин канына тиешелүү болуп калбайын деп. Сенин Атаибаевиң окшоп таш төктүрүп, келсеңер атамын деп кош мылтыгын октогон эмес. Ал эми Бакиев чыгып кеткенден кийин деле сенин Отунбаеваң Кадыржанды чакырып «даярдаган көтөрүлүшүңдү токтот» десе болот беле? Жок, ага көтөрүлүш сөзсүз болуш керек болчу. Конечно, Атамбаев, Отунбаевалар андай кандуу согуш чыгып, көп адам өлүп кетишин ойлошкон эмес. Бирок, адамдар өлүшүн алдын ала билишкен.
Кадыржан Батыровдун сөзү бар: «өзбектер көтөрүлсө, эки жактама стычка болуп адамдар өлүшү мүмкүн» деп сураганда, Атамбаев: » өлсө беш алты кенкелес кыргыз өлөт. Кийин компенсация төлөп ооздорун жаап коебуз» деген. Мына ушундан кийин да Отунбаева аппак дей бересиңби? Алдыда ыплас референдум өтүш керек эле. Ал референдумга мүмкүн болушунча түштүк кыргыздары катышпай калганы УӨ үчүн аба менен суудай зарыл эле. Себеби, Бакиевди кетиргени үчүн түштүк кыргыздар Атамбаев, Отунбаева, Текебаевди канкор Гитлердей эле жек көрүп калган элек. Отунбаева ошол убакта Ошко барганда элдин талоосунда калып, кантип барган болсо, дал ошентип вертолетуна чыгып кайра кеткен Бишкегине. Отунбаеваны, Атамбаевди, Текебаевди эл азырга чейин жаман көрөт. Дал эле ошолор ойлогондой болду. Согуш болду. Адамдар кырылды, үйлөр өрттөлдү. Кыргыз, өзбек атпайлар жашаган айылынын эки четине блок посторду коюп, күз айларына чейин кайтарып жатык. Себеби, эки улуттун элинин баягы ынтымагы быт чыты чыгып, бири бирибизге ишенбей калган элек. Өзбек туугандардын ыйлап, Кадыржан Батыровду каргап айткан сөздөрүн укканбыз: » Автоном курбай арам өлгөнүн жакшы эле, Атамбаев, Отунбаеваларың кошулуп» дешип. Сабыр, муну каяка алып барып жашырасың? Ошентип эл кайгыга батып, аза күтүшүп референдум менен иши деле болбой калган. Менин эсимде жок, биз жакта референдум өткөнү.
Мен окуяны кыскача баяндап бердим. Эгер чындан иликтеп чыга турган болсо, анда Ош коогалаңы жүздөгөн том китеп болот. Ал үчүн четте качып жүргөн Салахидинов, Абдуллаева окшогон Кадыржандын куйруктарын чакырыш керек. Отубаевалар ошол делегациялар менен да жолугушкан. Бакиевди алып келиш керек, эгер эле 7-апрелдегилерди ким атканын, кандайча болгонун билгиңер келсе. А биз билгибиз келет. Ачыкка чыксын, кунөөлүүлөрдүн аты официально аталсын дейбиз. Мунун эмнеси жаман? Өлкөнүн экономикасына бул текшерүүнүн кандай зыяны бар? Эмне эле бул нерсеге тикеден тик туруп каршы болуп жатасыңар? Мейли, Отунбаева баш болгон УӨттүн шакалдарын түшүнөм. Алар эмне болуп кетет экен деп көчүктөрүн мыкчып олтурушат. Ал эми сендей журналистке эмне жок, тумшугуңду өзүңө тиешең жок жерге тыгып? Эгер журналист катары тумшугуңду тыгы турган болсоң, адилет сүйлөп, жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлоп жаз, бир Отунбаеванын эмес. Түштүк окуясы бул жалпы кыргыз элинин күйүтү, азабы, көргөн күнү. Бул тарых. Сен Отунбаева экөөң тарыхты бурмалайбыз деп убара болбогула. Түштүк элине акыйкат керек. Азабын биз тартканбыз, биздин жакындарыбыз бөөдө өлүм табышкан, текшерилсин деп биз талап кылабыз. Эч кандай күчтөр жок, ишенип кое бер. Акырында айтарым: Отунбаеванын сөзүн сүйлөйм деп, ушунча жылдан бери топтогон азыраак аброюңдан ажырап куру жалак каласың. «Отунбаева менен урушуп кеткем, сүйлөшпөйм» дейсиң да, ошол эле убакта: «Отунбаева согушту баштаган эмес» актап, мактап жатасың. Определись пожалуйста.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс