• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Ниязали ажы Арипов: Биз Рамазанды эмес, Рамазан бизди өзгөртүүсү зарыл

Автор:ruh_admin

Апр 10, 2021
Мындай пикирин  9-апрелде Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары билдирди.

Текст толугу менен берилет

Бүгүн, Ислам дүйнөсүндө Рамазан аркылуу өзгөрүүнүн түшүнүктөрү тууралуу ар дайым маанилүү ой-толгоолор болуп келет. Жакшы жакка өзгөрүүнү талап кылган бул мүмкүнчүлүк албетте, Рамазан айында бизге берилген сыноолор аркылуу ишке ашат. Руханий таасири аябай зор болгон Рамазан айында өзгөрүү, өзгөрүүнү ишке ашыра билүү жана Алла Тааланын ар бир буйругуна ылайык, кул катары бул сыноолордон өтүү ар бир мусулман пендеси үчүн эң чоң бакыт болуп саналат. “Акыйкатта, бир коом өздөрүндөгү нерселерди өзгөртмөйүнчө, Алла таала  алардын абалын өзгөртпөйт…” (Рад,11). Ушул айда жаман сапаттардан арылып, жакшы жакка өзгөрүү сыяктуу маани-маңызы терең максатты ишке ашыруунун ордуна, бул айды өзгөртүүнү каалоо туура эмес. Буга байланыштуу Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Ким жалган айтууну жана жалган аркылуу иш кылууну токтотпосо, ал кишинин жебей-ичпей орозо кармоосу Алла Таалынын алдында эч кандай кадыр-баркы жок” деп айткан (Бухари, Саум 8; Адаб, 51).

“Рамазанда Куран жана сүннөткө ылайык эрежелер сакталышы зарыл…”

Рамазандын Куран жана сүннөткө ылайык эрежелери жана анын өзгөрбөгөн негиздерин жок кылууга багытталган кызыкчылыктарды өз көзөмөлүбүзгө алуубуз абзел. Бүгүнкү күндө Рамазан жакшы ниет менен башталып, бирок анын негизги максаты унутулуп, дүйнөлүк майрамдоо жана куттуктоолорго айланып кетпөөсү кажет.

“Рамазан айындагы кубаныч сезими, көңүл ачуу жана шаан-шөкөткө  айланбашы зарыл…”

Шаан-шөкөткө айланган ифтар программалары, адамдын коомдогу кадыр-баркы негиз алынган чакыруулар Рамазандын маани-маңызын көз жазымда калтырбоосу керек. Жакшылыктардын айы болуп саналган Рамазандын руханий баалуулуктарына ылайык амалдарды аткаруу адамдык касиетибизди чыңдап, бизди жаман өнөкөттөрүбүздөн арылтып, жакшы жакка өзгөрүүбүзгө түрткү болот.

Момун-мусулмандардын бул айда жон-тери менен сезүүсү керек болгон эң негизги кубанычы ибаадат болуусу зарыл. Ибаадат аркылуу пайда болгон сүйүнүчтөр момундар арасындагы бир-бирине болгон сүйүүнү да чыңдоосу абзел.

“Ифтар үчүн жайылган дастаркон ысырап дастарконуна айланбашы зарыл…”

Рамазандагы орозо ибаадаты оозду ачуу менен аяктайт. Ооз ачуу үчүн даярдалган ифтар дастарконунун жөнөкөй болуусу эң туура. Ошондой эле ифтар дастаркону эч бир убакта ысырап дастарконуна айланбашы кажет. Бирок акыркы жылдарда өзгөчө ресторан сыяктуу чоң-чоң имараттарда даярдалган ифтар дастаркондору ысырапкерчилик жана шаан-шөкөттү чагылдырып келет.

“Жан-дүйнөбүздү орозо кармаган бир туугандарбызга ачык кылышыбыз керек…”

Жан-дүйнөбүздү орозону биз менен бирге кармап, аны биз менен бирге сезген баардык тууган-урук, кошуна-колоң жана досторубузга, дегеле баардык орозо кармаган момун-мусулмандарга ачык тутуубуз зарыл. Дүйнө, мүлк момундар арасында айырмалоочу статуска ээ болбогон сыяктуу, жакырчылык да эч кандай айырмалоочу фактор болуп саналбашы кажет. Тескерисинче, момундардын адеби мечиттеги сап сыяктуу бирдей жана бирге болуусу зарыл. Бул максатта эң аз маяна менен жашаган адамдар, кедейлер, мусапырлар жана колунда барлардын социалдык статустары динде тең каралган. Ошондой эле ибаадаттарды аткарууда да бирдей статуска ээбиз. Бул багытта орозо ибаадатына байланыштуу аятта Алла: “Оо ыйман келтиргендер! Аллага каршы келүүдөн сактануу үчүн орозо (ибаадаты), силерден мурадагыларга парз клынган сыяктуу силерге да парз кылынды” (Бакара,183) деп буйруган.

“Рамазандагы жолугушууларыбыз динибизди таанытууну, туура жеткирүүнү көздөп “эл көрсүнгө”, “жасаакерликке” айланып калбашы кажет…”

Негизинен рамазан айында адамдардын жолугушуп көрүшүп туруусу нормалдуу көрүнүш. Бул айдын берекесин бөлүшүү жолугушуу менен ишке ашат. Негизги жолугушуу, дидарлашуу дил менен жүрөктөн жүрөккө карай болоорун эске алганыбызда пандемия учурун эске алып социалдык тармактар жана телефон интернет байланыштары аркылуу болгону менен да жарашыктуу боло берет.

 “Чогуу иштеген кызматкерлер менен бирге ифтар кылалы..”

Жумушчулар менен башчылардын бирдей экендигин рамазан шааны көрсөтүп турат. Бул ифтар аркылуу пайда болгон руханий атмосфераны жыл бою улантып, бул жакшылыктын ар дайым улана берүүсүн камсыздайлы.

Көмөктөшүү адеби…

Арабызда жакыр экенин билдирбеген көптөгөн ар-намыстуу, абийирдүү адамдар бар, өзгөчө ушуну унутпайлы. Бирок бул адамдарды таап, алардын абийир, ар-намысын төкпөстөн, келечектерин куруу үчүн көптөгөн аракеттердин жасалышы шарт. Бул максатта жардамдашуу жана көмөк көрсөтүүнүн жаңы тилин табуу эң жогорку адеп жана социалдык жоопкерчилик болуп саналат. Рамазан айы орозо ибаадаты менен бирге жардамдашуу жана тилектештикти да ичине камтыйт. Рамазан айында орозо-фитир садакасын берүү менен гана чектелбестен, жардамдашуу жана тилектештик адебинин негизинде башка ихсан түрлөрүнүн да бар экендигин унутпашыбыз зарыл. Кедей-кембегал жана ошондой эле колунда жокторго жардам кылуу түшүнүгүн бул рамазан айы аркылуу дагы бекемдеп эстеп, жыл бою мындай жакшылык иштерде жарышуубуз керектигин унутпасак. Ошону менен бирге, ислам дини көмөктөшүү жана тилектештиктин ар кандай абалда болушун эмес, адептик нормаларга ылайык жүзөгө ашышын негиз алат.

“Жардам көрсөткөн адам, жардам алгандын намысын коргоого милдетүү…”

Жардам көрсөтүү – муктаж болгон адамдын муктаждыгын жоюу болуп эсептелет. Башкасына жардам көрсөткөн адам алган адамдын намысын сактоого милдетүү. Адам баркынын басмыртталышына себеп болгон жардам көрсөтүүлөрдүн баары ислам дининин жардамдашуу принцибине туура келбейт. Эч бир социалдык жардам адамдын инсандыгынын чөгөлөшүнө жол ачбоосу керек. Ошондуктан динибизде жардам берүүнүн көбүнесе купуялуулугу бааланган.

 “Адал киреше….”

Адамзат тарыхынын “эң узун кылымы” катары эсептелген XX кылым тарыхта болуп өткөн технологиялык, экономикалык жана материалдык өнүгүүлөрдөн алда канча алдыга озуп өсүп-өнүккөндүгүнөн кабар берген доор катары эсептелип, ошону менен бирге идеологиялык жана маданияттардын өзгөрүүсүнө алып келген керектөөчү б.а. эч нерсе өндүрүүнү жөнгө салбай туруп, айтор ойлоп да койбой бир гана сатып алууга, жеп түгөтүүгө басым жасалган коомдук долбоор катары көрүнөт.

“Колдонуучулук аң-сезими бул – чыныгы муктаждыктардын ордуна жасалма жана эч качан түгөнбөгөн каалоолордун келүүсү…”

Бүгүнкү күндө реклама жана байланыш технологиялары болгон күчү менен шаан-шөкөт жана коротууну негизги нерсе катары көрсөтүүдө. Адам баласы жашоосунда канчалык акча коротсо, ошончолук деңгээлде бактылуу болоору айтылууда. Адамдарды дагы да көп коротууга чакырууда. Муну менен бирге көп коротуу үчүн көп иштеп табуу да талап кылынууда. Адам баласы мына ушундай системанын айлампасында сыналууда. Адам баласы материалдык жактан өнүгүп-өскөнү менен, руханий жактан өздүгүн жоготууда. Эмгек кылбай туруп акча табууну каалаган адамдардын саны көбөйүүдө. Ошондой эле, өз эмгеги бешене тери менен иштеп тапкан ырыскыдан башка эч бир таттуу ырыскынын жок экендиги жана негизги байлыктын ички дүйнөнүн байлыгы экендиги унутта калууда. Адам баласынын өндүрүүсүнө караганда ой келди коротуусу көбүрөөк болууда . Адам бул жолдо өзүнө аманат катары берилген табиятты бузуп, талкалап, жок кылууга жол ачууда. Адал нерселердин көптүгүнө карабастан, адам баласынын арамга болгон ач көздүгү күн сайын күч алууда. Ушул жана башка себептерден улам теңдик жана колундагысын колунда жоктор менен бөлүшүү сыяктуу жакшылыктардын ордун жыргалчылык жана кызыкчылык, ал эми керектүү муктаждыктардын ордун болсо жасалма жана эч түгөнбөгөн каалоолор ээлөөдө.

“Колдонуучу системанын айлампасында жашоону улантуунун жолу – адал киреше табуу аң-сезиминин өнүктүрүлүшү кажет…”

Момун-мусулмандын бул дүйнөдө жана аркы дүйнөдөгү ордун таразалап турган эң негизги факторлордун бири ырыскынын адал жол аркылуу келүүсү болуп саналат. Себеби, эң негизги ийгилик укмуштуудай болгон коротуу түгөтүү эмес, Алла тааланын койгон адал-арам чектерин сактоо. Бул багытта жүрөктөрдөгү такыба сезими аябай чоң мааниге ээ. Адал-арам түшүнүгү момундардын аң-сезимдеринде, ой-жүгүртүүлөрүндө, кыймыл-аракеттеринде, адат-көндүмдөрүндө эң негизгиси өндүрүү жана түгөтүү ошондой эле соода-сатык адебине жол көрсөтүп, жашоосунда чагылуусу кажет. Ансыз арам нерселерден жана алдамчылык сыяктуу өнөкөттөрдөн арылуу мүмкүн эмес.

Рамазан айында уюштурулган диний программалардын коомго жаккандыгы кубанычтуу көрүнүш. Ошондой эле булардын негизги максаты, туура такталган диний маалыматтардын, баалуулуктардын коомго тез жетүүсүнүн өбөлгөсү болууга тийиш.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс