Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Министр кетсин! Бишкекте Айзаданын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат 

Министр кетсин! Бишкекте Айзаданын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат 

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер жана шаар тургундары нааразычылык акциясына чыгышты.

Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттигинин корреспонденти жеринен маалымдайт. Активисттер алгач белгисиз адамдар тарабынан  уурдалып, көп өтпөй мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 27 жаштагы Айзаданын өлүмү боюнча ички иштер министрлигине нааразычылык билдиришүүдө.

Алар Айзада милициянын түздөн-түз өз милдетин аткарбагандыгы үчүн каза болгонун белгилешүүдө. Митингге чыккан активисттер ички иштер министринин кызматтан кетишин, никеге туруу максатында кыз ала качуу үчүн жазаны катаалдаштырууну талап кылышууда.

Өз кезегинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев азырынча кызматтан кетпей тургандыгын билдирди. “Мен бул кылмыштын бетин ачышым керек, бардык шектүүлөрдү кармашым керек. Бул менин милдетим”, — деди Матмусаев.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү кызды муунтуп өлтүрүп, андан соң өзүн-өзү бычактап өлтүргөн.

Кызды уурдоого шектелгендердин бири, 29 жаштагы жаран Р.А. колго түшүрүлүп, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс