Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Досье / ТАРЫХЫБЫЗ СУПСАК БОЛУП КАЛБАЙБЫ?…

ТАРЫХЫБЫЗ СУПСАК БОЛУП КАЛБАЙБЫ?…

Исхак Раззаков тууралуу кинону коргондон кийинки ой…
Кыргыздын арасында ошондо эле карасанатайлык, коралбастык, жагынуучулук сапаттар орун алып, ЭЛИМ, УЛУТУМ дегендерди буттан тартып, керек болсо оз мекенинен кууган ушунчалык пас, мурдубуздан алысты коралбаган карангы эл экенибизге, ал саясат ушул кунго чейин тамыр жайып жашап жатканына куйот экенсин. Ушундайлыгыбыздан олкобуз дагы да бечел, дагы да кункарама!
Азыркы биздин эл бийлегендер! Башынарды катырып жоктон барды кылам деп жан уроп кыйналбай эле койгула. Исхак Раззаковдой таза иштеп, анын УЛУТУМ, ТИЛИМ, ЖЕРИМ деген саясатын улантсанар эле особуз.
Кошуналар туш-туштан кысып, жерибиз тарып, жолубуз буулуп, заманабыз куурулуп турган чакта «жашаганга уйум жок» деп даттанган депутаттарыбыздан кандай жакшылык кутобуз?! Ата-бабабыз жердеп келаткан жерибизди ойлонбой туруп «кошунаныкы экен» деп токтом токуган Окмоттун кенкелестигин кантебиз?!
Ооба, биз кыргыздын тарыхын окуп чонойдук. Ж. Абдрахмановду, К. Тыныстановду, И. Раззаковду, Т. Кулатовду, А. Орозбековду, Т. Айтматовду жана башка дагы коп кыргыздын мыкты азаматтары тууралуу окудук. Алар ар кайсы тармакта болушканы менен аягы келип кыргыз улуту учун омурун сайган инсандар экенин билебиз. Улуттук тарыхыбыз ушул улуу инсандар менен корктуу да, окумдуу да. Менин коркконум биз келечекке кандай тарых калтырабыз? Биздин азыркы жашап жаткан кундорубуз тарых бетине кантип жазылып калат? Улут учун чындап куйгон, артынан эл ээрчиген улуттук лидерлерибиз жок тарыхыбыз супсак болуп калбайбы? Баары эле мекенге куйуп жаткандай тур корсотот, бирок, баамдап корсон анын ою таза, колу таза эмес экени каалкып калып жатпайбы. Ата-эне, уй-булобуз учун ар бирибиздин пейилибиз таптаза. Мекенге да так ушундай таптаза пейил күтөлү.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс