Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Аналитика / Лейлек району Хожент уездинен кантип бөлүнүп чыгып, Кыргызстандын курамына кошулган?

Лейлек району Хожент уездинен кантип бөлүнүп чыгып, Кыргызстандын курамына кошулган?

Азыр чек ара маселеси актуалдуу болуп жатканда окуп коюу ашыкча болбойт. (Текст тарыхчы Орунбай Ахмедовдун макаласынан алынды)
«Ар бир уруунун тарыхта ысмы сакталып келген улуу инсандары бар. Чапкылдык уруусунун (Лейлектеги уруулардын бири) кезегинде Шайдилла болуш деген инсаны болгон. Бул тууралу кийинки муундарга маалымат иретинде азык-оолак баян эткенибиз эп келер деген ниет бар.
1917 жана 1925 жылдары Жийдели айылы Ходжент уездинин Махрам волостуна караштуу болгон. Улуттук чек араны тактоо үчүн Ходжентте наркомнацта кыргыз бөлүмү иштеген. Лейлектен молдо Түрсүн, Исабек болуш, Шайдилла болуштар Лейлекти Ходжент уездинен бөлүп алып, кыргыз автономиялуу облусуна кошуу үчүн кыргыз бөлүмү менен байланышта болушкан. Ал кезде тижик тараптагылар буга каршы болушкан. Ошолордон жашырын түрдө Шайдилла Акжолов чапкылдык болушундагы (Жийдели айылынын да конуштарын) эгин жерлерин, жайлоолорун, өзөн булактарын, мазарларын, чектерин сурамжылап тактап картага түшүргөн. Элдин саны менен жер ээлиги боюнча васикаларды, картаны молдо Түрсүн Жайнаковго тапшырган. Бул иштер жашырын жүргүзүлгөндүктөн тажик бийлиги аларга болгон көзөмөлдү күчөткөн учурунда. Бардык документтер даяр болгондо молдо Түрсүн Акжоловду Москвага жиберген. (Бул далил Батыровдун китебинде “Куличевди Москвага жөнөткөн” деп жазылган) Шайдилла беш жума аялдын кулк мүнөзүн үйрөнүү менен алектенген. Анан паранжи жамынып, Коконду көздөй поезд менен жөнөгөн. Кокондон Москвага сапар алган өзбектерге кошулган. Ошентип далай жол азабын тарткан Акжолов Москвага барып тиешелүү документтерди М.И.Калининге тапшырган. Ошентип 1925-жылы 1 июнда Лейлек Кыргызстандын тутумуна кирүүсү боюнча кагаз келген. 1926-жылы 10 сентябрда СССР Борбордук аткаруу комитетинин Декрети менен чапкылдык болуштугу Кыргызстанга кошулган.
Мына ушундай далилден улам Шайдилла болушка тажик бийлиги тарабынан кысым күчөтүлгөн. Аны колго түшүрүү тапшырмасы берилип, издөөгө алынган. Айтор Шайдилла болуш Акжолов чапкылдык болуштугун Кыргыз автомиялуу облусуна өткөргөнү үчүн өмүрүн, жанын курман кылган. Лейлектин район катары Кыргызстанга кошулушуна эмгеги сиңген кыраакы журт башчылардын бири – Шайдилла болуш болгон. Далилдерге таяна турган болсок ал 1933-жылы Жийдели айылында мыкаачылык менен кыйнап өлтүрүлгөн. Айрым бир маалымат булактарында анын көзүн тазалоо үчүн канкорлор жалданган. Ал Кистакөздөгү таанышытарынын үйүндө таң атканда көңүлдүү олтурганы айтылат. Эч нерседен бейкапар Шайдилла болуш Жийдели айылына эртең мененки саат ондор чамасында жетип барган. Көпүрөнүн жанында күтүп турган Бекиш менен Мурасан, Ассалом алейкум болуш ава деп колун сунганда алик алып колун кармаганда аттан тартып тушурушкон. Атайын тапшырма менен жол токсон зөөкүрлөр анын тилин кескен деген божомолдор бар. Ошентип оор жарат алган болуш Ходжеттеги ооруканага жеткирилип, ал жерден бу жарык дүйнө менен кош айтышкан экен. Сөөгү Ходжент шаарынын түштүк жагындагы Унжи жолунун боюна коюлганын калемгер Кочкор Батыров Лейлек райондук “Ата журт” гезитине жарыяланган “Апаат жылдардан баян” деген макаласында жазган. Шайдилла болуш Акжоловдун басып өткөн өмүр жолу өзүнчө бир көп сериялуу тасма сымал. Эгер анын артта калтырган үлгүлүү өмүрү кино болуп тартылса, азыркы муундарга зор сабак болмок деген ниет.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс