Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Аналитика / Тажик тарапка кыргыз аксакалынан жооп

Тажик тарапка кыргыз аксакалынан жооп

Тажикстандын мурдагы Тышкы иштер министринин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын дарегине айткан сөзү албетте тажик бийлигинин кыргыз элине карата көз карашын даана көрсөтүп турат. Ал Хамрохон Зарифи деген адам жөн гана тажик бийлигинин катардагы күчүгү экени анык. Андыктан, биз кыргыз эли бул акмактын сөзүнө олуттуу маани беришибиз өтө зарыл. Намысыбызды тепселетип, өзүбүздү өзүбүз жеп отурбастан, көзүбүздү чоңураак ачалы!
Эми Зарифи сыйынып жаткан Эмомоли Рахмондун диктатурасы тууралуу сөз айтпасак болбос. Анткени, анын күчүгү Хамрохон Зарифи, бизди – кыргыздарды кайра-кайра революция кыла бересиңер деп мыскылдагананы факт.
Биричинден, Кыргыз мамлекети – демократияны туу туткан, жарандарынын ой-пикири, каалоосу менен эсептешкен өлкө. Эмомалиге окшоп, өз элин иттей кордоп, өзүнүн билгенин кыла турган, жырткычтык менен өз элинин жанын эзген, терисинен кайыш тилген мамлекет эмес! Кыргызстанга, кыргыздарга суктанган Америкалаыктарды, Европалыктарды жана башка өлкөлөрдү, анын ичинде Тажисктандыктардын да көп экенин баарыбыз билебиз! Тажик эли кыргыз элинин эркиндигине суктанып, Кыргызстандын жарандыгын алууга, көчүп келүүгө аракет кылып, Тажикстандын азыркы бийлигинин саясатынан тажаганын айткандары миңдеп саналааарын да билебиз! Бул жагынан эр болсо ошол Хамрохон да, анын ээси Эмомоли да сабак алчу нерсе толтура.
Демек, тажик элинин да сабыры бир күн түгөнүп, Эмомоли Рахмондун өз билемдигине чекит коюлуп калышы толук мүмкүн!
Экинчиден, Тажикстанды ошол 1991-жылдан бери башкарып келе жаткан Эмомоли Рахмон Тажикстанды өзүнүн жеке фирмасына айлантып алганын бүт дүйнө эли билет. Өзүнөн бөлөк эч ким Тажикстанга президент боло албайт! Анткени, ал бүт элин күч менен, коркутуу менен кармап турат. Бул өтө кооптуу жана тажик эли үчүн чыныгы трагедия! Эмомоли өз уулун Тажик парламентинин спикери кылып койгон. Бул не деген акмакчылык! Бул кандай деген бийлик?! Бул эмне деген хандык? Тажик элинин үстүнөн мынчалык өкүмдарлык кылуу кантип акылга сыйсын?! Эмне же Тажикстанда Эмомолинин уулунан башка эч ким спикер болууга татыксызбы?! Анын гана уулу же кызы бийлик башында болушу керекпи?! Тажик эли буга дагы канча чыдайт болду экен?! Кыргызстанда эч ким мындай кыла албайт. Анткени кыргыз эли андайга жол бербейт!
Үчүнчүдөн, Эмомоли Рахмондун уул-кыздары Тажик мамлектинин бардык негизги тармактарын бөлүп алышкан. Финансы тармагында бир кызы, бажы тармагында бири, мамлекеттик мүлктү бири башкарат, шаарларды, облустарды толугу менен Эмомолинин кыздары жанан күйө балдары элеп алышкан. Карапайым калк үчүн андай кызматтарга баруу, кенен жеке ишкердик менен алектенүү такыр мүмкүн эмес! Бул кордук эмей эмне?! Тажик эли бул абалдан канчалык тажаганын Эмомоли менен Хамрохон билбесе, анда алар Кыргызстан тууралуу такыр сөз ачканга акысы жок! Анткени, Кыргызстанда мындай нерсеге баатыр мүнөз кыргыз эли жол бербейт!
Төртүнчүдөн, бул Хамрохон деген күчүк биздин кыраан уулубуз, көк жал, кыргыз эли үчүн жанын берүүгө даяр турган баатырыбыздын — Камчыбек Ташиевдин өмүр баяны тууралуу сөз салыптыр. Хамрохон сен да, сенин кожоюнуң Эмомоли да Камчыбек уулубуздун бир тырмагына тең келе албашыңарды билесиңерби?! Камчы заборду ашкан деп мыскылдапсын, Хамрохон сен тажик элинин таламын талашып, кожоюнуң Эмомоли Рахмондун заборун эмес, атын атап сүйлөй аласынбы? Жок албетте, анткени сенин духуң жетпейт! Сенин жанын ширин! Жүрөгүң күчүктүкө гана жетет! А биздин Камчыбек Ташиев кыргыз эли үчүн далай оор күндөрдө башын сайып, жанын тигип, кан кечип, от кечип жүрүп көнгөн эр жигитибиз! Кыргыздын чыныгы жигиттери мына ушундай болот! Камчынын мекенчил саясатчы катары басып өткөн жолун Хамрохон сен бир саатына чыдабайсын! Бул анык! Сен биздин кыргыз жигитинин алдында, Камчыбыздын алдында эч ким эмессин! Жанына келип, көзүнө тик караганга дагы духуң жетпейт! Ошону үчүн Эмомоли ханыңа дагы айтып кой, көзүн чоң ачсын! Камчынын артында калың эл турат! Баатыр кыргыз эли турат! Кыргыздар эч качан бирөөөгө душмандык кылбайт. Бирок катылгандын катыгын берип келген элбиз жана ушундай болуп уланат!
Эми кыргыз элиме, уул кыздарыма кайрылайын!
Кадырман калкым, мен кыргыздын бир аксакалы катары, бүт кыргыз журтума кайрыламын! Ынтымака келгиле! Колот колотко, партия партияга, саясатчылардын артынан ээрчип бөлүнгөндү токтоткула! Мамлекетибизди ойлогула! Келечегибизди ойлогула! Кыргыздын духун жоготпогула! Кыргыздын намысын тепселетпегиле! Бир муштумга бириккиле! Камчыга асылыптыр да деп ойлобоглуа, булар бүт кыргыз элине асылыпы жатат! Биздин ынтымагыбызды тагдыр дагы сынап жатат! Жеке кызыкчылыктарыңарды жыйыштырглыа! Бир муштумга бириккиле балдарым, кыздарым! Бөлүнбөгүлө! Душманга кор болуп калбайлы! Чөөлөргө жем болуп калбайлы кыргыз элим!
Раимберди Сейдивалиев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс