• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча

Автор:ruh_admin

Апр 1, 2021
Энергетика тармагындагы банкроттук абал, электр энергиянын жылдан жылга орун алган таңсыктыгы, иштеп аткан ГЭСтердин кубаттуулуктарынын азаюусу ж.б. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп, ишке киргизүүнү талап кылып аткандыгы чындык. Бирок бүгүнкүдөй шартта куруу канчалык өзүн актайт, канчалык улуттук кызыкчылыкка туура келет? Маселенин ушул жагы ойлондурбай койбойт…
Бакиев баштаган ГЭСтин курулушун улантып, аягына чыгаруу Атамбаевдин да, Жээнбековдун да колдорунан келген жок. Бирок алар шектүү, мандемдүү келишимдерге барышпады. Жөн гана ГЭСтин курулушун колго алышкан жок. Бүгүнкүлөр Өзбекстан менен биргеликте курганы жатат. Тагыраагы, Өзбекстандын өкмөтү ГЭСти курууга 2 млрд. доллар каражат жумшап, кетирген каражатын чыгарып алгыча ГЭСти иштетип, башкарууну өз колуна алат экен. Бул балким, 5 жыл, 10 жыл, же 25 жыл… Бул эмнени билдирет? ГЭСке кеткен каражатты чыгарып алуунун мөөнөтү 50 жылга чейин да (балким андан да көп) созулуп кетиши ыктымал дегенди билдирет. Анткени, өзбек өкмөтүнүн 2 млрд. доллар каражатты чыгарып алгандан кийин эле ГЭСти өткөрүп берерине ишенүү өтө кыйын. Бул экономикалык жактан эч бир логикага сыйбайт. 2 млрд. долларды 20 млрд. доллар кылууну көздөшөт. Соодагер деле 2 миң доллар карызга акча берип, 10-15 жылдан кийин кайра эле 2 миң доллар алууга макул болбогондой эле кеп. Ошондо белгисиз убакыт бою өзүбүздүн жерибиздеги ГЭСке өзүбүз ээлик кыла албай калабызбы? Эгерде Өзбекстан өндүрүлгөн электр энергияны кайра бизге дүйнөлүк баа менен сата баштаса кандай болот? Андай болбойт дегенге эч кандай кепилдик жок. Анда андан өткөн шермендечилик болбойт… Кумтөрдү канадалыктар ээлеп алышып, өз билгендерин кылып атышкандай дагы бир абал жаралышын бөркүбүздөй көрөлү…
Башка өлкөнүн аймагына ГЭСти курууга өтө кызыкдар болгон, аны менен стратегиялык максатты көздөгөн мамлекеттин эсебинен ГЭСти курууга андай деле акылдын кереги жок. Стратегиялык обьект катары өз күчүбүз менен гана курушубуз керек эле. Кошуна Тажикстан Рогун ГЭСин курууда бардык инвесторлордон баш тартып, тажик өкмөтү облигацияларды чыгарып, аларды элге сатып, андан түшкөн каражатты үнөмдөп, өп-чап жеткирип атып Рогун ГЭСин курушту. Биздикилер да тажик өкмөтү кылгандай кылса болот беле? Албетте, болмок. Жок, баштарын ооруткулары келишпеди, оңой жолду тандап алышып, Өзбекстанга бере салганды туура көрүштү. Стратегиялык обьект, келечек, энергетикалык көз карандысыздык, улуттук кызыкчылык деген нерселерди көңүлгө деле алышпагандай…
Улуттук кызыкчылыктын өңүтүнөн алып караганда, Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстандын эсебинен куруунун таптакыр кереги жок болчу. Андан көрө ГЭСти курууну буга чейинкилердей колго албай эле коюшса, эртеби, кечпи өз күчүбүз, каражатыбыз менен курчу күн келмек.
Мени ойлондурганы, ГЭСти куруу боюнча Келишимдин шарттары кандай? Эмнеге алар тууралуу ачык айтылбай жатат? Менимче, ар кандай шектенүү, күмөн саноолорду күчөтпөстөн, Өзбекстан менен түзүлгөн Келишимдин тексти ачык жарыяланышы керек. Эл билиши зарыл!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс