• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

Кыргыз-өзбек чек арасы: суу сактагычтар боюнча суроо көп

Автор:ruh_admin

Мар 30, 2021

Азиза Марат кызы

Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Ош-Жалал-Абад унаа жолу Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан өтөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ош-Жалал-Абад унаа жолу Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан өтөт

Кемпир-Абад жана Орто-Токой суу сактагычтары кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо Өзбекстанга берилгени кыргыз коомчулугунда суроолорду жаратты. Бийлик эки өлкө жерлерди бирдей алмашканын, уткан же уттурган тарап жок экенин айтты.

Шайырбек Маматсапаров Өзгөн районунун Алга айылында жашайт. Бул айыл Кемпир-Абад суу сактагычына эң жакын жайгашканын айтууда. Суу сактагыч Өзбекстанга берилгени расмий кабарлангандан бери ал маселенин чоо-жайын толук түшүнүүгө куштар. Анткени суу сактагыч толук берилсе, айылга чейин же мал жайган суунун жээги коңшуларга өтүп кетеби деп тынчсызданууда.

«Биз бала кезде суу киргенде айылдын дээрлик жарымына чейин жетип калчу. Азыр суу аз, бирок май айында көбөйөт дагы, айылдын четине чейин келет», — деди Шайырбек Маматсапаров.

Анын айтымында, тегеректеги айылдардын малы суунун айланасына жайылат. Ал жайыт үчүн да сарсанаа.

Кыргыз чек арачысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,
Кыргыз чек арачысы

«Суунун өзүн эле берсе мейли, биз андан иштетпейбиз деле, жер маанилүү. Бирок 900 метр болгондо, биздин айылдын четине чейин суу келет. Суунун айланасына үч айылдын малдары барат. Малыбыз күзгө чейин ошол жерде, ал 40 гектар жер. Башка жайыт жок. Суу көп болгондо 40 гектарды жаап калат. Өзбекстан пахта сугарганда плотинасын ачат, кереги жок болуп калганда жаап коёт, суу биз жака келет. Биз аларды барып агызып койгула деп айта албайбыз», — дейт жергиликтүү жашоочу Шайырбек.

Алганын дагы бир тургуну Кубанычбек Раимжанов Кемпир-Абадды «биз билгенден бери Өзбекстан иштетип келет» деди.

«Суу келет, кайра кетет. Өзбекстандын плотинасы тээ тоонун түбүндө. Жоокерлери ошол жакта жүрөт. Кыргызстандыктар айда жылда бир балыкка чыгышы мүмкүн. Башка эч нерсе деле кылбайт. Суунун бир тарабы Куршаб жактан чыгат, экинчиси Өзгөн шаары тарапта, ортосунда адыр бар, ошону айланып өтөт. Суунун баары Өзбекстанга кетет», — деди Раимжанов.

Кыргыз өкмөтү суунун көлөмүн азайтып, суу басып турган жерди Кыргызстан алып жатканын айтууда. Көлдүн туурасы 908 метр деп курулса, азыр 900 метр менен эсептеп жатышат. Бошогон 8 метр үч кабат үйдүн бийиктигине барабар экенин, жалпы 1300 гектарга жакын жер бошоп, Кыргызстанга өтөөрүн өкмөттүн чек ара боюнча расмий өкүлү Назирбек Бөрүбаев айтты.

«Өкмөттөрдүн арасында келишим түзүлүп, плотинанын иштешин эки тарап тең көзөмөлдөйт. Ал жерди бүгүнкү күнгө чейин деле суу басып турган, азыр эми 1300 гектар чамалуу жер Кыргызстанга түбөлүккө калып жатат. Ал жерге дыйканчылык кылса болобу, карап көрүш керек. Кыргызстан үчүн жакшы эле чечим болду деп ойлойм», — деди Бөрүбаев.

Ал 30-марттан тарта жаңы такталган жерлерге барып, жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлөөрүн кошумчалады.

Бөрүбаевдин маалыматына ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абаддагы суунун 14 пайызын колдонот. Ал Сузак, Кара-Суу райондорундагы сугат үчүн сарпталат.

Кемпир-Абад 1983-жылы Советтер союзунун жетекчилиги алдында Кыргызстандын аймагында курулган. Ал үчүн 1973-жылы Өзбекстандан компенсация алган. Кыргызстан суу сактагычты берген үчүн дагы компенсация алып жатканын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Кемпир-Абад суу сактагычынын аянты 5735 гектар болчу. Туурасы боюнча суу 908 ээлейт эле. Суу толгондо ошончо болмок. Биз 900 менен эсептедик. Суу сактагычтын аймагы кыскарды. 1300 гектар жер Кыргызстанга дагы өттү. Суунун үстүндө 4440 гектар калды. Өзбек тарап бизге 1973-жылы бизге компенсация катары 4100 гектар жерди берген. Демек, 300 гектар жер бериш керек. Кудай буюса, биз компенсация катары 1000 гектар жерди алдык. Өзгөн, Сузак районунун жерлеринен алдык», — деди Ташиев.

Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы да ушул сыяктуу болуп чечилди. Сууну алган үчүн Өзбекстан жер берди.

Аталган суу сактагычтар советтер союзу учурунда курулуп, жалпы республиканын кызыкчылыгы үчүн мисалы, Өзбекстандагы пахта сугаруу өңдүү максаттарды көздөгөн.

Фергана тоо кыркалары, кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймак

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,
Фергана тоо кыркалары, кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймак

Москвалык эксперт Аркадий Дубнов Борбор Азиядагы эки өлкө Орусиянын кийлигишүүсү жок өз алдынча бул маселени чечкенин баалап жатат.

«Менин көз карашымда бул маанилүү. Анткени бул — Борбор Азиядагы көз карандысыз өлкөлөр акыры өздөрүнүн өтө маанилүү маселелерин өздөрү, «улуу байкеси» жок чече ала турганын шардана кылды. Ал аймактагы экономикалык абалдын жакшырышына, көп кыйынчылыктардын жоюлушуна алып келет. Абдан талылуу маселеге өз алдынча чечим табуу белгисин азырынча Кыргызстан менен Өзбекстан билдирди. Орусия АКШ, Европа сыяктуу башкаларга Борбор Азияны бир бүтүн аймак катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканда бул өтө маанилүү көрсөткүч», — деди Дубнов.

Ал ошол эле маалда кол коюлган протокол эки тараптын ниетин гана камтыгын документ экенин баса белгиледи. Дубнов Кыргызстандагы айрым оппозициялык ишмерлер коомду дүрбөтүп, макулдашуунун аягына чыгышына тоскоол болуу коркунучу бар экенин кошумчалады.

«Ошондон өтө алса, сууну чогуу пайдалануу, орток электр станцияларын куруу сыяктуу дагы көп укуктук маселелер бар, — деди Дубнов.- Регион алдыда заманбап, экономикасы өнүккөн жашоого жетиш көп жумуш жасаш керек. Ал жерде дайыма бир үй-бүлө болуп жашап келген эл аргасыздан экиге бөлүнүп, жылдар бою кыйынчылык тартып келишти. Ошонун баарын калыбына келтириш керек. Бирге колдоно алчу бир чарчы метр жер же булактай суу үчүн тартышуунун кереги жок».

Кыргызстан- менен Өзбекстан 1378 чакырым жерден чектешет. Алардын 85 пайызы мурда такталганы айтылган. Өкмөттөрдүн азыркы тактоолорду жакынкы үч айда толук ишке ашыруу планы бар.

https://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-56567658?fbclid=IwAR3yim1R2WQE9YA5MOA_x6-ESxWZcGKf4U84-tdgAz1bcmeNRQndZIxZq6k

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс