жол

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кытай өзбекстандык алып-сатарлар үчүн эшигин жаап жатабы? Жакында эле eurasianet.org сайтына жарыяланган макалада ушул тууралуу сөз болду.

Макаладагы маалыматта соңку жылдары Кытайга кирип-чыгуу татаалдашып жатканы айтылган. Автор Эзоза Яквалхожиева бир нече өзбекстандык соодагердин жеке кыйынчылыктарын мисал кылып жазган.

Алардын бири Карим Мухаммадхожаев үчүн Кытайга барып келүү кадимкидей эле жумуш болчу деп жазат автор. Ишкер он жылдан ашуун убакыттан бери Өзбекстан менен Кытай ортосунда каттап, ал жактан кездеме алып келип сатчу. Жылына төрт-беш ирет барып келчү. Бирок соңку беш жылдан бери карым-катнаш кылуу улам кыйын боло баштады. Тааныштары Бээжин менен Үрүмчүнүн аэропортунан эле депортациялап жибергенин айтышкан. Кытай өкмөтүнөн туристтик виза алуу өтө эле татаалдашкан.

Кытай Өзбекстандын негизги соода өнөгү саналат. БУУ маалыматына 2020-жылы Өзбекстан Кытайдан 4,4 млрд долларлык товар импорттогон. Кытайга болсо 1,2 млрд. доллар товар саткан. Ал эми алып-сатарлардын соодасы бул сандарга кирбей деле калышы мүмкүн. Өзбекстандын базарлары Мухаммадхожаев сыяктуулар ташып келген кытай товарларына толгон.

«Мен товарларды Бээжинден алып келем, ошондуктан баары мыкты»,-дейт аксессуарлар, бут кийим жана башка жасалгалар сатылган дүкөндүн ээси Бахтияр Галимжонов. Кардарлар дагы Бээжиндин өзүнөн келген товарларды сапаттуу деп санашат. Анткени алар Үрүмчү менен Гуанчжоудон айырмаланып «фабрикада даярдалган» деп түшүндүргөн басылмага ишкер.

Пандемия Галимжоновду Кытайга барып келүүсүн чектеп, кытайлык «ортомчуларды» издөөгө аргасыз кылды. Алар болсо бааны көтөрүп салышкан. Өзбекстандан барып соода кылган ишкерлердин так саны билүүгө мүмкүн болбоду. Бизнес виза алууга аракеттенип жаткан айрым өзбек жарандары аракеттеринен майнап чыкпай жатканын айтып беришкен.

Миразиз Абдуллаев бир нече жылдан бери Үрүмчүдө логистикалык компания ачуу аракети менен виза алууга аракет кылган. Бирок кытайлык өнөктөштөрүнүн көмөгүнө карабай виза ала алган эмес.

Абдуллаев, Мухаммадхожаев жана Галимжонов 1990-жылдардын соңунда Кытайга туристтик виза менен эч маселе болбой эле каттап келишкен. Ташкенттеги агенттиктердин биринин өкүлү Eurasianet.org сайтына берген комментарийинде «виза алуу өтө катаал» болуп калганын өзбекстандыктар көп учурда мөөнөтүн өткөрүп жиберишкенинен болушу мүмкүн экени менен түшүндүрөт.

Виза алуудагы оорчулуктар мындан төрт-беш жыл мурунку Шинжаңда Кытай улуттук азчылыктарды тарбиялоо лагерлерине күч менен жөнөтүп, камакка алып жатканы тууралуу маалыматтар айтыла баштаган учурга туш келген.

Мунун ошол окуяларга тиешеси болушу дагы мүмкүн дейт айрым ишкерлер. Экинчи жагы, Кытай Өзбекстанды атаандаш катары да көрө баштаса керек деген пикирде. Анткени Өзбекстанда өндүрүштү жандантууга аракет күч.

Финансист Фарход Иногамбаевдин пикиринде, өзбек жарандарына виза чектөө Кытайдын «айрыкча экономикалык жана саясий жактан өзүнө көз каранды болгон коңшуларынын өлкөгө кирүүсүн кыйындатуунун жолу» болушу мүмкүн. Ал муну Кытай бийлигинин Шинжаңга байланыштуу кооптонуулары менен байланыштырат. (AbA)

https://www.bbc.com/kyrgyz/world-56485987