Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Өзгөндө үч адамды атып кетишти

Өзгөндө үч адамды атып кетишти

19-мартка караган түнкү саат 3төр чамасында Өзгөн шаарында 3 адамды атып кетишти.

Үчүнчү адамга ок чыгарылган менен тилекке жараша ага ок тийген эмес. Аны машинанын айдоочулук орунда отурган адам тосуп калган. Жарат алгандар райондук ооруканага жеткирилип, медициналык тез жардам көрсөтүлгөн. Тилекке каршы ок жеген эки адам каза болгон. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

“Өзгөн шаарынын 3 тургуну “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү жеңил автоунаада токтоп турган жеринде, белгисиз автоунаа менен келгендер белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен үчөөнө ок чыгарып, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кетишкен. Бул кылмыштын бетин ачуу боюнча Ош ОИИБдин жана Өзгөн РИИБдин кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, тийиштүү иш алынып барылууда”,-деди Аширбаев.

Ал кошумчалагандай, учурда кылмышка шектүүлөр изделип жатат. Аталган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери башталды. Шектүүлөрдү кармоо үчүн болгон күч аракет жумшалат.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс