Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Аналитика / ИИМден иш талашкан УКМК

ИИМден иш талашкан УКМК

(«Улуттук кызыкчылык» түрмөгүнөн)
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси болуп дайындалгандан бери Камчыбек Ташиев бир нече билдирүү жасады. Дээрик көпчүлүгү кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларына, коррупционерлерге, жегичтерге арналды. Айрым ири кылмышкерлер кармалып, бир канча коррупционерге иш козголду. Мунун баары туура иш. Мамлекеттик түзүлүштүн көз карашынан алганда бир гана чоң кемчилиги бар. Анткени ушунун баары — УКМК эмес, Ички иштер министрлиги (ИИМ) же Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) жасай турган иштер.
Мындай жагдай бүгүн эле түзүлүп калган жок. УКМК өзүнүн стратегиялык функцияларын аткаруунун ордуна майлуу-сүттүү ички чөйрөнү талашып келатканына көп болду. Чындап келсе Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле ушундай тенденция уланып келатат. Алмазбек Атамбаев Конституцияны бузуп, Коррупцияга каршы күрөш кызматын түзгөндөн бери ал дээрлик расмий позицияга айланды. Анысынын деле жыйынтыгы эмнеге алып келгенин көрдүк. Медакадемиянын кызматкерин өлтүрүп алып эч нерсеге жооп бербей чыгып кетишти. Абдил Сегизбаев атайын кызматтарды башкарып турганда Белизден келди деген документтердин чынында жок болуп чыгышы бул органды өтө катуу уят кылды. Маевскийди алып келип көрсөтмө алганы да жардам берген жок, анткени анын көрсөтмөсүндөгү негизги маалыматтар расмий органдардын жообу менен жокко чыгарылды (башы иштегендер болсо жок дегенде ошолорду бири-бирине туура келтирип даярдап алышмак). Ошентип коррупцияга каршы күрөш УКМКнын, Финполдун жана ИИМдин тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосунда талашка түшүп, көп учурда ички саясаттын гана куралына айланып, бул органдардагы жемкордуктун ого бетер күч алышын токтото алган жок.
Чынында УКМК кылмыштуулук менен күрөштү ИИМден, коррупцияга каршы күрөштү Финполдон талашпашы керек. Камчы Көлбаевди криминалдык милиция колго түшүрүп (жана айыбын элге түшүнүктүү кылып ачык угузуп), Матраимовго каршы ишти Финполиция аягына чыгарышы керек болчу. Ооба, Сооронбай Жээнбековдун тушунда Финполиция ага кылмыш ишин козгомок тургай жаап-жашырып келгени да чын. Бирок антип мыйзам же процедура бузула турган болсо Башкы прокуратура деген бар. Ал да кызматын аткара албаса ыргытып жибере турган президент менен парламент турат. Ар кимиси өз ишин аткарган мамлекетте ушундай болушу керек эле.
Дүйнө жүзүндө УКМК сыяктуу органдардын түздөн-түз, качан болбосун алек боло турган үч негизги функциясы бар. Алар – чалгын, контрчалгын жана ички коопсуздук. Ички коопсуздук дегенде конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга чакырык таштоодон тартып улут аралык чыр-чатактардын алдын алууга чейинки көрүнүштөргө каршы күрөш турат. Мисалы, жакында дин ишмерлеринин мамлекеттик саясатка таасир тийгизүү боюнча пландары талкууланган жыйын бул чөйрөдөн алыс эле жарандык коом тарабынан кооптуу сигнал катары кабыл алынды. Ошондуктан ал боюнча тиешелүү, натыйжалуу чара көрүлөт деген ишенич бар эле. Андай болгон жок. Тескерисинче, ушуну менен үчүнчү ирет диний негизде саясий партия ачылып, диний негизде мамлекет түзүүгө чакырык таштаган билдирүүлөр ачык эле жарыяланып жатат. Сооронбай Жээнбековдун тушунда Орусиянын курамына кошулууга ачык эле ишарат кылган партия бийликтин негизги күчү катары шайлоого катышып, алдыңкы орун алганы да улуттук коопсуздук үчүн эң кооптуу сигнал катары кабылданышы керек болчу. Тилекке каршы, ал да көз жаздымда калды. Бул болсо УКМК бул жагынан өзүнүн түздөн-түз функциясын аткара алган жок деген кеп.
Жалпысынан ички коопсуздук маселеси УКМКнын азыркы жетекчисинин тушунда кандай чечилери түшүнүксүз. Анткени ал өзү мамлекетти олку-солку кылган тополоңдордун фигуранты болгонун өзү деле тана албаса керек. Экинчи фигуранты президенттикке шайланып, үчүнчүсү спикер болгонго жетишти. Ал окуяларды эске салган Жогорку Кеңештин тегерегиндеги темир кашаа былтыр эле алынды…
Ал эми чалгын жана контрчалгын тууралуу кеп кыла турган болсок, ага андан да маанилүү ресурс – интеллект керек. Андан тышкары мамлекеттик кызыкчылыкты башка бардык кызыкчылыктардан эч ойлонбой жогору кое турган кадрлар иштеши зарыл (төмөндө: «Тараза ташындагы тандоо»). Үчүнчүдөн бардык тилдерде маалымат алып бере ала турган кадрларга муктаждык бар. Болбосо Баткен окуяларында жоочулардын сүйлөшкөнүн угуп, бирок которо албай кор болушканын билгендер айтып жүрүшөт.
Ошондуктан Кыргызстанда атайын кызматтардын бул функциялары (чалгын жана контрчалгын) ойдогудай иштебей калганына көп болду. Эгер иштесе мисалы Аскар Акаевдин тушунда Тажикстандагы жарандык согуш шартын чек ара маселелерин чечиш үчүн пайдаланууну сунуш кылган адистердин айтканын мамлекет сөзсүз пайдаланмак. Өкмөттүк эмес уюмдардын иши азыркыдай форматында жарандык коомдун чыныгы импульсу эмес, геосаясий тармактык согуштун элементи экенин мамлекет илгери эле түшүнмөк. Кыргыз өкмөтүн башкаргысы келген Гуревичтин схемалары тууралуу Бакиевдин өзүнө кирип маселе козгой турган башкы чекист чыгат эле. Атамбаевдин тушунда «Лигласс» компаниясы тууралуу ТИМ эмес, УКМК маалымат берип, иштин токтотушуна жетишмек. Шадиев УКМКнын так мурдунун түбүнөн качмак эмес. Качса жердин түбүнөн болсо да кармалмак. Бакиевдер Беларуста жашап жаткан жеринен жок кылынмак. Бул коомчулук билип калган гана бөлүгү. Билинбей канча иштер чала-чарпыт же тескери жасалып атканын бир Кудай билет.
Салыштыруу үчүн — дүйнө жүзүндө атайын кызматтар өтө жогорку деңгээлдеги операцияларды жүргүзүп, өз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоодогу биринчи катарда болушат. Мисалы, фашисттик Германиянын атайын кызматтары өтө кылдат операция аркылуу согуш алдында Кызыл армиянын эң мыкты офицерлерин Сталинге жаманатты кылып атууга кетирип, сүргүнгө айдатып, советтик Куралдуу күчтөрдү абдан катуу алсыратууга жетишкен. Француз чалгыны бир эле авиакөргөзмөдө мурдатан түзүлгөн схема аркылуу советтик учактын сырларын билип, өз авиациясына колдонгон. Орус чалгын кызматынын өкүлдөрү Украинанын аймагын бузуп кирип, Крымдын орус тарапка кошулушуна биринчи иретте салым кошконун жашырбай деле калышты. Болгон чоң кемчилиги – ошо жашыра албай калганы болду. Моссаддын кызматкерлери Израилдин душмандарын дүйнөнүн кайсы жеринен болбосун таап, жок кылып келатышат. АКШнын атайын кызматтары тышкы саясатта канчалык чоң роль ойногонун алар уюштурган мамлекеттик төңкөрүштөрдүн тизмесинен эле көрсө болот. Башкача айтканда ушунчалык масштабда, деңгээлде жана чеберчиликте актарылган операциялар.
Жалгыз ийгилигибиз — балким Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиевдин мамлекеттик чыккынчылык үчүн соттолушу. Бирок эгер атайын кызматтар жакшы иштесе, болору болгондон кийин кармабай, анын кылып аткан иштери тууралуу мурдатан билип, кыргыз делегациясына тиешелүү көрсөтмө берип турушу керек эле. Же анын берген маалыматына жараша каршылаш тарапка карата даярдай турган сюрприздери болсо жакшы болмок. Азыр эми кыргыз-өзбек чек арасы кандай принципте чечилип атканын эч ким билбейт. Андай Муралиевдердин жаңысы чыкпайт деп да эч ким кепилдик бере албайт. Коррупция, кызыл кекиртек андай иштерди күн сайын жасатып атат го.
Биз кичинекей чакта атайын кызматтардын өкүлдөрү эмне иш кыларын эч ким билчү эмес. Кыргызстан эгемендик алгандан бери алар эл баатырынан бетер ачык интервью берип, ал тургай уюштурган спорттук мелдештердеги жеңүүчүлөрүнүн аты-жөнүн, ээлеген кызматын КТР аркылуу жарыялоого чейин паска түштү. Камера көтөрүп, өңү-башы таанылып калган кызматкерлер анекдотко айланды. Андай анекдотко эң татыктуу окуялардын бири чоң трибунадан, саясий деңгээлде болду. Мурун бул кызматта иштеген Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин сессиясында: «Урматтуу депутаттар, чек ара маселесин мен Атамбаевге кирип сүйлөшүп чыктым. Ал мага «тиги чал өлмөйүнчө бул маселе чечилбейт» деп айтты» деп жалаяктай жайып атканы эле атайын кызматтардын кесипкөйлүк принциби канчалык деградацияга учураганын даана көрсөтүп турат.
Атайын кызматтар – адам баласынын тарыхында мамлекетти мамлекет кылып турган негизги атрибуттардын бири. Жогоркуда сөз болуп жаткан жагдайлардан улам биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн абалы кандай экени айтпаса да түшүнүктүү.
УКМК функциясын талашкан ИИМдин абалы тууралуу кийинки макалалардын биринде кеп кылабыз. Азырынча ушул айтылгандардан бийлик өзүнө тиешелүү тыянак чыгарса деле жетиштүү.
Жыргалбек Касаболот
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс