Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Аналитика / Бекболот Талгарбеков, экс-министр: “Биздин ак экенибизден күмөн санабай колдоп келген инсандарга миң ирет ырахмат!”

Бекболот Талгарбеков, экс-министр: “Биздин ак экенибизден күмөн санабай колдоп келген инсандарга миң ирет ырахмат!”

Ак ийилди, сынбады!

—Бекболот ага, жалган жалаанын негизинде ак жеринен абакта азап тарткан күндөрүңүздү артка калтырып, толук акталып чыктыңыздар. “Жаңы Ордо” гезитинин жамаатынын атынан чын жүрөктө куттуктайбыз! Маегибизди ошол соттун чечиминен баштасак…

— Адилетсиздиктин азабын 5 жылга жакын тарттык, тагыраак айтканда, 2016-жылы 16-майда “Талгарбеков мамлекеттик төңкөрүш жасаганы жатыптыр” деген жалган жалаа менен кармашкан. Ошол күндөн тартып, оор күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Биз репрессияны 100 жыл мурунку тарых катары көрүп, 38-жыл менен кеткен дечүбүз. Көрсө, аны бүгүн да жасаган Атамбаевге окшогон Бериялар чыгат экен, биз аны жон терибиз менен сездик. Т.Колубаев экөбүздү 14 жылдан кесишти. Эгер бийлик алмашпаганда мен карып калганда чыкмакмын, же туугандарым сөөгүмдү алышмак. Кудай колдоп, эли-журттун батасы тийип, 4 жыл 3 айдан кийин адилетсиз бийликтин азабынан кутулдук. Албетте, жеңишибиз оңой келген жок. Жээнбеков бийликке отурганда акыйкаттык орноруна чоң ишеним арттык, бирок толук адилеттүүлүк орнободу. Президентке шакиртим Камчыбек Ташиев кайра-кайра кирип, күнөөбүз жок экенин айтып жатты. Коомчулук дагы абдан колдоп, анын жыйынтыгында “бийликти басып алуу” деген айыпты алышты, бирок Абдил Сегизбаев илип койгон “аймактык кастыкты козутуу” деген беренеси калып калган. Эми 17-февралда толугу менен акталдык. Биринчиден, Кудайга ыраазычылык билдиребиз, акыйкаттыкты орнотту. Экинчиден, коомчулукка рахматыбызды айтабыз, 4-5 жыл бою журналисттер, саясатчылар, илимпоздор, карапайым адамдар жабыла колдоп берди. Үчүнчүсү, 5-октябрда кара башын канжыгага байлап чыккан жаштарга рахмат, өлкөнүн силкинүүсүнө өбөлгө түзүштү, бизге да шарапаты тийди. Төртүнчүдөн, бүгүнкү бийликке да ыраазыбыз, ак экенибизди билип, бут тосушпады. Марат Султанов, Төрөбай Колубаев үчөөбүз дароо акталдык. Ал эми К.Кадыров, Б.Асанов. Э.Карыбеков, Д.Сарыгуловдун ишин биринчи инстанцияга кетиришти.

—Азыр кандай чечмелейсиздер, сиздерди Атамбаевдин бийлиги каршылаштарын коркутуу үчүн камадыбы же жеке таарынычтын кесепети тийдиби?

—Бир нече себеби болсо керек, мен өзүм жөнүндө айтсам, Атамбаев менен жакын тааныш элем, ага-ини болуп жүргөнбүз, кандай адам экенин жакшы билчүмүн. Анан президент болом деп чыкканда мен кыргызды жамандык басарын сезип, талапкерлигин койгондо эле бул татыксыз деп элге кайрылдым.

—Татыксыз экенине факты бар беле?

—Жүрүш-турушун беш колдой билчүмүн, Ч.Айтматов жазуучулар  союзу үчүн сурап алган 50 миллион рублди кымырып алганда мен биротоло түңүлгөм. Азыркы 50 миллион доллар дегендей эле чоң сумма болчу. Аскар Акаевич өзү деле айтып берген, кадырын салып сурап келип, Ч.Айтматовго которуп бергенин. Атамбаев ошол маалда Ч.Айтматовдун жардамчысы экен, “мен сактап турайын” деп азгырып, кийин ал акчага завод, ресторан ж.б. сатып алыптыр. Айтматов жазуучулардын акчасын ала албай, айласы кеткенде алып берчи деп Акаевге чейин кайрылган.

—Кайрылганы чынбы, аны сиз кайдан билесиз?

—Алгач Айтматов мага кайрылган. Вице-премьер кезимде “тройка” шыңгырап калганынан алсам, “Мен Чыңгыз Айтматовмун” деди. Күткөн эмес элем, чочуп кетип ордуман тура калдым. Чыңгыз Төрөкулович адегенде бир кадрлык маселени сурады, макул дедим. Улуу жазуучубуз суранып атса кантип жок дейм. Анан Атамбаев алдап кеткен акчаны айтып, “Акаев менен чечсеңер” деди. Мен айыл чарбасы боюнча вицемин, бул маселе менен Муралиевге кайрылсаңыз дедим. Макул деген, кийин Акаевдин өзүнө кайрылыптыр. Ошол иштерди билген үчүн мен Атамбаев татыксыз деген билдирүү жасап, ал “Кыргызстанды кара туман каптаганы турат” деген тема менен макала жарыялагам. 2014-жылы “Атамбаев миң жылда бир келген кырсык” деген чоң маек берип, өлкөнү кантип талкалап жатканын бүт жазып, анализдеп бердим. Бир жылдан кийин “Атамбаев кыргыз элинин трагедиясы” деген макала жаздым. Башкасын баса калышчу, мага эч кимиси жооп бералбады. Ичине гана кек сактап, саатын күтүп жүрүштү. 2016-жылы пикирлештер көбөйүп, чечкиндүү кадамдарга барганга кырдаал жаралды, Элдик парламентти түздүк, 105 киши кирди. Бүт баары ошол кездеги саясатка нааразы болгондор эле. Ошондо Сабыр Жапаров да (Садыр Жапаровдун агасы) келип, өзү менен кошо азыркы УКМКнын алдындагы АКСтин башчысы Бекбосун Апсатаров менен Эсеналиев деген полковникти киргизген. Биз дароо эки пресс-конференция бердик, мен ага удаа “Атамбаев Кыргызстандын канын соруп салды” деген маегимди чыгардым. Бизди эл колдой баштады. Аны көргөн Атамбаев абдан чочуп, эски кегин алыш үчүн жалган жалаа менен каматты. Анан каршылаштарын коркутуу үчүн оор беренелер менен соттотту.

—Кайсы маселеден коркту?

—Биз үч маселе көтөргөнбүз, алар Атамбаев үчүн “смертельный” болду. Биринчи, отставкага кетиши үчүн 10 себепти жазып, токтоосуз кызматыңдан чегин дедик. Экинчи, Атамбаевдин тегерегиндеги элге жек көрүнгөн адамдар боюнча комиссия түзүп, кыңыр иштерин коомчулукка чыгарабыз дегенбиз. Алар: И.Илмиянов, Ч.Турсунбеков, Ф.Ниязов, Т.Кулмурзаев эле. Ч.Турсунбеков арак заводун менчиктештирген деген учур болчу, ага катар Т.Кулмурзаев “Кыргызгазды” 6 жылдын ичинде 40 миллион доллар карызга батырганын иликтейбиз дегенбиз. Ошол 40 миллион азыр унутулуп калды. А.Акаев силердин “Жаңы Ордо” гезитине маек бергенде: “Өзбекстандан газды 42 доллардан алчубуз, жарымын бартер менен төлөчүбүз” деген. Ошондо накталай 21 доллардан эле төлөчү экенбиз. Ал эми Кулмурзаев 250 доллардан алган, айырмасы асман менен жердей. Кымбат алып, атайын банкрот кылып, анан 1 долларга сатышкан. “Кыргызгаз” имараттары, газ түтүктөрү, кампалары менен бир нече миллиард эле да. Ошонун баарын казып чыгалы деген элек. Үчүнчү маселе, 2010-жылдагы июнь окуясын иликтейбиз, күнөөлүүлөрдү аныктайбыз дегенбиз. Анда өзбек сепаратистери менен бирге Атамбаев жана Отунбаеванын бети ачылмак. Биз Москвада Бахтияр Алиев деген генералга жолкусак, “толугу менен жардам берем, бул жактагы генералдардын баарын тартам” деди. Комиссия түзүп, биз тараптан Токтобай Мүлкубатовду койдук, тигил жактан Бахтияр Алиев кирди. Ошондон улам Атамбаев: “Булардын артында ФСБ турат, мамлекеттик төңкөрүш кылмак” деген. Акыл-эси бар адам ушинтмек беле. Өзү Путин менен дос болсо, эки өлкө стратегиялык портнер болсо, анан кантип ФСБ төңкөрүш жасайт?

—Сотто сиздерге канча киши каршы көрсөтмө берди?

—Сотто 65 күбө чакырылып, анын 64ү эч кандай төңкөрүш боюнча сөз болбогонун айтышты. Бирөө гана “бийликти басып алабыз деген” деп турду. Көрсө, бийлик УКМКнын тергөө башкармалыгынын ошол убактагы жетекчисине бизди “камайсың” дегенде, ал “негиз жок” деп, анан мажбурлай баштаганда кызматынан кетип калыптыр. Анын ордуна отставкада жүргөн атбашылык Нурлан Мусаханов дегенди алып келишет, ал “камап берем” дептир. Ошол Мусаханов бизге каршы көрсөтмө бергенге жердеш жигитти табат. Ал жигит мектептин директору болуп иштеп жүргөндө чоң класстагы кыздарга тийишип, кылмыш иши бар экен. Кайырмакка илинип турган баланы бизге каршы пайдаланган, аны Гусев иликтеп чыгыптыр. Кийин ошол жигитти Бишкектеги ритуалдык кызматтын директорунун орун басары кылышкан экен, Улан Эгизбаев анын жемкорлугун чукуп чыкканда көзү өтүп кетип, ал жигит кутулуп кетти.

—Атамбаев сиздерди каматкан жерге өзү отуруп калды, бул Кудайдын жазасыбы же жашоо бумерангыбы?

—Менимче, Кудайдын жазасы. Санап кетсем, бизди жалган жалаа менен “камагыла” деген Атамбаев түрмөдө отурат. Экинчиси, маалымат каражаттарынан үстүбүзгө жугундуну нөшөрдөй төккөн Фарид Ниязов түрмөдө. Үчүнчүсү, бизди камаган Абдил Сегизбаев абакта. Төртүнчүсү, Нурлан Мусаханов инсульт болуптур. Бешинчиси, КТРден эки ай бою бизди шыбаган Илим Карыпбеков унаасы менен аласалып, тиги дүйнөдөн кайра кайтты. Ал эми бийликтин көрсөтмөсүн кынтыксыз аткарышып, мыйзамды уруп ойношпогон, “супер киллер” кличкалары бар судьялар Мирлан Термечиковдун, Адис Момуналиевдин, прокурор Элвира Жумашеванын бизге карата зор кыянаттыгын көрүп, “деги булар адам баласынан төрөлүшкөнбү?!” деген шек жаралганын да белгилей кетейин. “Талгарбеков коррупционер, япониянын грантын, кредиттерди жеген, Австралиядан кочкорлорду алып келген, Бишкектин чекесинде ондогон гектар жери бар” дешти, бирин да далилдеп таба алышкан жок. Эгер бир киоски тапса, астына жатакалып тартып, суппермаркет кылып көрсөтүшмөк.

—Союз кыйрап, колхоз-совхоздордун байлыктары түгөнүп жаткан кезде сиз эки жыл айыл чарба министринин милдетин аткаргансыз. Ушунча жаманатты болгон соң, колхоздун мал сарайын, малын өз менчигиңизге каттатып алууга шарт бар эле да, туурабы?

—Ооба бар болчу, “сарай, жер алып койбойсузбу” деп айтышкан. Менин принцибим ошондой эле, эч нерсеге жологон жокмун. Бир сотух жер турсун, бир кирпич менчиктештирген жокмун. Камагандан кийин туугандарымдын баарын ийне-жибине чейин текшерип чыгышты, кыпындай илинчек таппады. Бир окуяны айта кетейин, Союз ураган маалда айылдагы туугандарыма менчикке чоң сарай беришкен экен, анын баркын билишпей карабай коюшат. Бир киши барып жашап, эпке келтирип, ээлеп алыптыр. Туугандар сарайдын пайдасын түшүнгөндөн кийин “бизге кайра алып бер” деп келишкен экен, биринчиден, учурунда карабай койгонсуңар, экинчиден, мен бүгүн бир айылдын эмес, жалпы кыргыз элинин баласымын деп жүрөм. Тартып алсам айылдыктар “жалпы элдин эмес, бир уруунун баласы турбайбы” деп айтпайбы. Эми жайына койгула деп, ошону да алып бербей койгом. Албетте, кээ бирөө мени акылы кем, келесоо чалыштай көрүшү мүмкүн, “ошончо колдо турганда бир нерсе алып койбоптур” деп. Бирок, бүгүн турмуш өзү менин туура принципти карманганымды тастыктады. Тынч уктап, эркин басып жүрөм. Эл менен баарлашам, жүзүм жарык, ушунун өзү чоң бакыт да. Канчалар мамлекеттик байлыкка кол салышып, кара бет болушуп, үйүнөн чыгалбай жатышат, кээ бири качып жүрөт. Ошолордун жашоосу жашообу?

—Сиз ошол маалда Рооссиядагы бир нече генералдар колдой турган болушту деген элеңиз, кимдер эле? Ал сырды бүгүн айта берсе болот го…

—Мен ачык айткам, июнь окуясын иликтөө боюнча Бахтияр Алиев жардам берет дегем. Ал: “Россиядагы генералдарды тартам, Салижан Шарипов менен сүйлөштүм” деген. Эң сонун, ачык иликтөө болот дедик. Экинчиси, алар: “Атамбаевдин коррупциялык иштерин билебиз, аны айтабыз” дешти. Ошондой эле “Бизде маалымат бар, ФСБнын башкармасынын башчысы, генерал-полковник Сергей Беседа менен Абдил Сегизбаев коррупциялык иштер менен алектенет” деп айтышты. Маалымат жыйында Колубаев аны айтты. Бир жумадан кийин Путин Беседаны кызматтан алып салды, биздин эсибиз ооп калды. Мындан сырткары, Россиянын ошол кездеги бажы башчысы “Андрей Бельянинов Кубанычбек Кулматов менен коррупциялык схема түзгөн, ал боюнча да маалымат беребиз” дешкен, биз камалгандан кийин аракет кылышкан окшойт, Бельяниовдун үйүнөн он миллиондогон долларды таап чыгышты.

—Ошол маалды сиздер көтөргөн маселелер, түштүк жергесинде болгон июнь коогалаңы, “Кыргызгаздын” 40 миллион доллар карызы, ж.б. аягына чыгышы керек да. Күрөш уланабы, же Атамбаев кетти, бүттүбү?

—Маселени көтөргөн 105 кишинин артынан түшүп, чачыратышты. Эми аларды чогултуу мүмкүн эмес. Бирок, көтөрүлгөн маселелер калды, аны мекенчилмин дегендер көтөрүшү керек. Биздин бир мүчөбүз Бекбосун Апсатаров АКСтин башчысы болду, баары колунда турат, улантсын. Ошол “Кыргызгазды” аягына чыгарса болот, азыр проблема болуп жатат, газ кымбаттап кетти. Адистер газдын кубаттуулугу начарлаганын да айтып жатышат. Кислородду көбүрөөк кошкондо кубометри көп кетип, кубаты жок болот экен. Аны сурап, текшерген эч ким жок. Элдин парламент өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды. Бизди камап салбаганда көп иштерди аткармакпыз. Генералдардын жардамы менен Кадыржан Батыровду кармап келебиз деген максаттар бар эле, ишке ашпай калды.

—Атамбаевди камоо мыйзамсыз болгон деп айрымдар айтып чыгууда, сиз дагы “кечирдим” дедиңиз, кандай түшүнөбүз?

—Тергөө органдары үч ирет чакырганда келбеген Атамбаевди мажбурлап алып келүүнү мыйзамсыз деген туура эмес. Ал башка жарандардан өзгөчөбү? Ал эми Атамбаевди кечирдим дегеним, ал жазаланды, абакта отурат, Кудай аны жазалады. Эгер жазасын албай жүрсө, мен кечирмек эмесмин. Ал азыр бечара, байкуш. Анан кыргызда айкөлдүк, кечиримдүүлүк сапаты бар. Кек деген бул – уу. Кекти кетирбесең, ал денеңди уулайт.

—Бирок, канча азап чектиңиздер, ден соолуктан ажырадыңыздар, кечирүү менен ал жоготууну толуктай албайсыздар да. Негизи, адилетсиз соттолгон адамдар акталган маалда аларга кенемте төлөнүш керек. Сиздер да таптаза акталдыңыздар, эми 5 жылдык жоготуунун орду толтурулушу керек да, туурабы?

—Абдан жакшы суроо бердиң, биздин ден соолук кетти, андан сырткары, материалдык запкы тарттык. Мен кырдаалды сезип, камап салышы да ыктымал деп психологиялык жактан даяр элем, азаптарына чыдадым. Түрмөдө Тынчтык Субанкулов деген опер чакырып алып, “Мен туура эмес кылып алыптырмын деп, Атамбаевден кечирим сурасаңыз бошотобуз” деп сунуштады. Мен “туура кылгам, эч качан кечирим сурабайм” дедим. Анан коркутуп кирди, “Бизде факты бар, сизди мамлекеттин чыккынчысы деп 30 жыл түрмөдө чиритебиз” деп. Эгер фактыңар болсо, мага десеңер миң жыл кармагыла дедим, эркимди сындыра алышпады. Бирок, үй-бүлөм жапа чекти, аялымдын жүрөгү оорукчан болуп калды. Кызым менен уулум да “жүрөгүм” дей турган болуп калышты. Азыркы бийлик адилеттүүлүктү орнотобуз деп жатышат, бизди актаган соң келечек үчүн териштирип, аягына чыгарышы кажет. Мен арыз жазып алып суранып, сандалып жүргөнүм жарашпайт. “Учурунда коррупцияга белчесинен баткан бийликтен коркпой чыгышып, жемкорлуктун, кастык иштердин бетин ачышкан экен, мамлекетти чоң балээден куткарып, масштабдуу маселени көтөрүп чыгышкан экен” деп эң алды моралдык, анан чоң болбосо да материалдык колдоо көрсөтүү – ал мамлекеттин түздөн-түз милдети.

Маектешкен Зулпукар Сапанов

“Жаңы Ордо” гезити, 26-февраль, 2021-ж.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс