Кара-Көл шаарынын тургундары,жаштар өлкө башчыга жана өкмөткө кайрылуу жолдогон видео интернет желесине желдей тарады. Ал видео кайрылууда –“Багучан, Бурей деген  ГЭСтерди курганбыз. Учурда  Кара-Көлдөгү ГЭСте реконструкция башталды. Тендерди франциялыктар уткан менен алар Тажиктерге берген экен.Тажикстандан келген жараандар иштеп жатат.Алардан 200 жараан келиптир. Алар реконструкция жасап жатышат. Көчөдөн көрүп жатабыз.Биз жергиликтүү жаштар барсак, жумушка кабыл албай жатышат. 1951-1952-жылдары Нарын ГЭС курулуш жана башка жакта иштеген тажрыйбалуу күчтүү организацияларыбыз бар. Биз Токтогул ГЭСин толугу менен реконструкция кылганга күчүбүзда, акылыбызда жетет. Биздин күчтүү кадрлар ушундай нерселерди курса. Азыр эми биз иштей албай,жумушсуз калып, аргасыздан мигрант болгону жатабыз. Тийиштүү тармактар ушул маселени чечип берүүсүн суранабыз”,-деп айтылат. (Видео көрүү үчүн, ссылканы басыңыз)

Бул маалыматты тактоо иретинде Кара-Көл шаарынын мэри Ильяз Еркеевге байланыштык. Ал – “Бирнчиден маселе туура.  Эл аралык тендер болуп өткөн. Франциялык компания уткан экен.Мурда Туркиялык ишкерлер утуп иштешкен. Жаштардын айтып чыккандары туура, мен аталган компанияга кайрылдым. Жергиликтүү жаштардан 150 киши  жумушка алынган деп билдиришти. Тажиктерден 70 чакты куруучу иштеп жатат. Бул маселе шаардын маселесине кирбейт. Бул стратегиялык аймакка кирерин белгилеп кетейин. Бул маселеге мен кийгилише албайм. А жеке жумушсуздук боюнча айтсам, жакында Кара-Көлдө цемент завод курулат. Ошондо жумуш орундар тузүлөт деп пландап жатабыз. Кара-Көлдүк ата-бабаларыбыз Кыргызстандагы ГЭСтерди куруп келген. Азыр да биздин шаарда чыгаан, мыкты кадрлар өсүп келе жатат.Аларды да туура кабыл алам. Себеби колунан иши келип, иши жок калган үчүн намыстанышыбыз керек”,-деди И.Еркеев.