Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Кыргызстан / Өзүңдү сүйсөң “Сүмбүлгө” бар!

Өзүңдү сүйсөң “Сүмбүлгө” бар!

Биздикилер Сүмбүл дегенде эле Султан Сулайман сериалындагы Сүмбүл аганы элестетишет. Гаремдеги сулууларга тийишип койбосун деп, Хан Ордонун эрежелерине ылайык, бычылып коюлган кызматчы эмеспи Сүмбүл ага.
Бул сөздүн кыргызчасы “сумбула” экен. Кыргызда “Сумбула тууду, таң атаарда көрдүм” деп калышат. Сумбула августтун он төртүнөн он бешине караган түнү таң алдында, күн чыгыш тараптан чыгып, бир жылда бир жолу гана көрүнгөн, аппак, астында ак буладай чубалжыган булуту бар бармактай болгон жылдыз экен.
Сумбула бир жылда бир гана жолу көрүнгөндүктөн, көргөнгө караганда көрбөгөндөр көп. Анын үстүнө “күндүзү кымыз, түнү кыз” кыргыздар таң алдында уктап аткан болот да. Сумбула көрүнгөн күн эл ичинде «сумбула тууду» делинет.
А негизи “сунбула” деген арабдын сөзү. Ал “дан эгиндери бышты” деген маанини камтыйт, ошондой эле арабча бир мааниси “буудайдын башы” (колос) түшүндүрөт экен. Сумбула туугандан кийин күн табы кайтып, аба сууй баштайт.
Сүмбула жөнүндө кеп кылып калганымдын жөнү бар. Анткени Бишкектин Арча-Бешик конушунда “Сүмбуле” деген элдик тил менен айтканда мончо, азыркы тил менен атасак СПА борбор ачылганына 3 жылдан ашты. Кечээ Мекен сакчыларынын майрамында ошол борбордун жамааты мени атайын чакырышыптыр.
“Эшигин көрүп төрүнө өт” дегендей, “Сүмбүлдүн” алдындагы керемет жасалган ландшафт дизайнды көрүп, суктануум бүтпөй койду эле. Ичи андан өткөн керемет экен. Элди тейлөөнүн эң мыкты стандарттарына ылайык конокторду тосуп алган балдар-кыздар өзүнчө тема. Экинчи кабатына чыгып эшиги автомат ачылган заманбап гардеробдо чечингенден кийин, мамык халаттарды беришти. Аны кийгенде өзүңү эң болбоду дегенде райондун акими сезет экенсиң. Ошол экинчи кабаттагы залга кире калсаң душтун эле бир нече түрү бар. Суу капталдан соксун десең капталдан согот, төбөңөн куюлсун десең, төбөңөн, анан жайкы жамгырдай болсун десең ошондой болуп жаайт, тропикалык жамгыр десең, тим эле джунглидей жүргөндөй сабап жаайт экен суу. Андан чыга калып эле буунун төрт түрүнө кирип чыгасың. Мына кайф деп отурсам подвалда мындан өткөн жыргал бар дешти. Подвалда тээ Европанын элита аялдары шуру кылып тагынчу янтарь таштарды 2 млн сомго сатып алып, төшөп койгон бөлмө бар экен. Анын үстүнө жатсаң 40 жылдык суукту да айдап чыккыдай. Янтарь ташка чалкалап жатып, чыга калсам булактын суусунан жасалган кудукка чумку дешти. Анысы такай 11 градуста кармалчу мөлтүрөгөн суу экен. Подвалда да буунун бир нече түрү түрдүүчө буулап турду.
Биринчи этажга жүрүңүз, шеф деп бассейнине алып чыгышты. Ал залдын бир четинде буу бөлмөлөр, бир четинде суу массаж, бассейн четине жата турган керебеттер, ал жагы да бир керемет экен.
“Сүмбүлдө” жалаң “жаңы кыргыздар”, дипломаттар, чет өлкөлүк коноктор жуунуп-таранып, эс алышат экен. Эркектер майрамына карата атайын фуршет, концерттик программа, оюн-зоокторду уюштурушуптур. Өзүмү олигарх сезип 10 минутча отурдум кафесинде.
Ал жердеги кардарлар азыркы коомдун ийгиликтүү адамдары экен. Чет өлкөлөрдө деле мындай СПА борборду табуу кыйын дешти катталар.
Ар бир ташы, ар бир тактайы, ар бир суу түтүгү жогорку чеберчилик менен жасалыптыр. Устанын устасы гана мындай иштерди жасай алаары талашсыз.
Бир жылда бир көрүнгөн сумбула жылдыз ошо бир эле жолу көрүнгөнү менен табышмактуу жана сырдуу эмеспи. Ошо сырдуу сулуу жылдызды канчабыз көргөн эмеспиз. Мен деле көрө элекмин. Ошол сыңары “Сүмбүл” мончого барган күн унутулгус болуп калары шексиз. Бир келген өмүрдө “Сүмбүлгө” сөзсүз келгиле демекчимин.
Ушундай дүйнөнүн алдыңкы элдери көрүп жаткан жакшылыктарды биздин эл да көрсүн деп кочкорлук ишкер айым Майрам эже салыптыр бул мончону. Мындайда эсил кайран СССР жакшы эле кулап калган экен деп ойлоп кетем. Эгер СССР тура бергенде “ишембиде аялдар түшөт, жекшембиде эркектер түшөт, аялдар, кичине уул балдарыңарды баняга апкелбегиле” деген жазуулары бар, шарт-сервистен ныпым жок коомдук мончолордо жүрө бермек экенбиз деп ойлоп кетем.
Ишкерлерибиз миллиондогон акчаларын салып, “Сүмбулдөй” мыкты жайларды куруп, ондогон иш орундарын түзүп, элге кызмат кылып жатышат. Алардын иштерине ийгилик.
“Эрдик кылсаң сүрө кыл”, — деп мончого даканса түштүм. Түнкү 12 де жабылат экен, ошондо чыктым. Келип туруңуз, байке дешти. Мага окшогон бюджетчиге саал ысык келет го. Сүмбүла жылдыз бир жылда бир көрүнгөндөй, бир жылда бир “Сүмбүлгө” келип койсом болсо керек. Башка убакта шыпыргы менен чаап берүүнүн классикаларын көргөзгөн Сурат абам менен азилдешип, саксайган чачын тарткылап тамашалашып, Рабочий Городоктогу бюджетный баня эле мага ылайык го деп отурган кербезим… Бирок өлөөр жанга “Сумбул” мончого бир келип койгула, туугандар! Бизге өзүбүздөн кымбат ким бар?
Өзүңдү сүйсөң “Сүмбүлгө” бар.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс