Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Кыргызстан / «Көп нерсеге көз жумуп келгем, эми айта турган күндөр келиптир». Интернетке тараган видео боюнча Максатбек Токтомушев кайрылуу жасады

«Көп нерсеге көз жумуп келгем, эми айта турган күндөр келиптир». Интернетке тараган видео боюнча Максатбек Токтомушев кайрылуу жасады

Кечээ, 22-февралда интернетке муфтияттын бухгалтери УКМКнын кызматкерине пара сунуштап жаткандагы делген видео тараган. Учурда бул видео колдонуучулар тарабынан кызуу талкууланууда.

Шамалдай ылдамдык менен тараган видеодо мурунку муфтий Максатбек Токтомушевдин ысымы аталгандыктан, ал көп күттүрбөй социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Айтымында, ал өлкө тынчтыгы үчүн көп нерселерди айтпай келген жана акыйкат сөзсүз орноп, ал көп нерселер айтыла турган убакыт алыс эмес экенин билдирген.

» Сиздерге ушул кайрылууну жазууну туура көрдүм, окуп коёсуздар деп ишенем.
Буюрса, өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн көп нерселерди айтпай келдим эле. Мына бүгүнкү видео тууралуу бир гана нерсени суранмакмын, шашылыш чечим чыгарбай эч кандай ойго келбей туруңуздар. Мен дагы ал видеого комментарий бербей турмакчымын. Себеби бул видеону ар түрдүү кылып кыркып, тескери мааниге ээ кылышыптыр.

Элибиздин тынччылыгы үчүн мен көп нерсеге көз жумуп келгем. Эми биз деле айта турган күндөр келиптир. Ошондуктан алдын ала адамды каралабай, сын такпай, бир аз сабыр кылып туруңуздар сураныч. Акыйкат сөзсүз келет. Ошондо анан сөздү да айтабыз, сиздерди да угабыз.

Түшүнүп турганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Аллах Таалам жүзүбүздү жарык кылсын жана жүрөктөрдү ыйманга толтурсун. Жай эс алыңыздар. Сиздерди колдойт деп ишенем», — деп жазылат Токтомушевдин кайрылуусунда.

Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Биринчи Май райондук соту Максатбек Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарган. Ал эми муфтияттын башкы бахгалтерин эки айга УКМКнын СИЗОсуна киргизишкен.

https://www.super.kg/kabar/news/347533/?fbclid=IwAR3PdoY-_jdMrBGGRONLIezZ9rlQ4ngJPahaof5DNk_O0jZELvn1S1FVVro

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс