Четверг , 4-Март 2021
Башкы бет / Досье / Абдыганы авабызга эмес элге кайрылайын.

Абдыганы авабызга эмес элге кайрылайын.

Аксакал академик Абдыганы авабызга жооп кайтарган мендей жаш бала үчүн ыңгайсыз болсо керек. Өзү баса белгилеп айткандай Тейит уруубуздун башчысы.
Абдыганы авабызга эмес элге кайрылайын.
Масалиевди колдобой Акаевди ачык колдоп, президент Акаевдин колунан академик болуп министр андан кийин Ошко губернатор болгон.
1995-жылы илимдер академиясында чогуу иштеген Рахат Ачилова менен Лейлек шайлоо округунан депутаттыкка аттанып уруум тейит деп жүрүп Лейлектен депутат болуп, Акаевдин ак батасы менен эл өкүлдөр жыйынына спикер болот. Мандат алып спикерлик креслого олтурары менен бир да жолу Лейлекке басып барган эмес.. Лейлектиктер депутаты ким экенинда унутуп калган..
2000-жылы Лейлектиктерди алдай албастыгын билип туулуп өскөн Чоң Алай, Алай районунан депутаттыкка талапкер болуп, артынан санаган да биринчи орунду алып мыш болуп Бишкекке келип, Акаевдин жан жокорлору түзгөн Демократия чапанына жамынган саясый блог (партиялар) тизмеси менен чу эле дегенде өз айылынан бир пайыз албаган академик парт тизме менен мандат алып Масалиев менен спикерликке талапкер болот.
Спикерликке талапкер депутаттарга кулак кагыш катары — мени президент колдоп жатат кыязында эки үч жолу айткан.. Бирок, Алайлык жаш депутат Марат Султанов ачык эле колдобоого чакырган.. Академик Акаевдин дагы бир колдоосу менен спикер болгон.
Алай эли Абдыганы авабызды колдобосо да2005 жылы кайрадан талапкер болот, баякы эле көрүнүш артынан биринчи орунду алат…
Кечээ жакында «Азаттыктын» бир беруусуно чыгып Бакиев утуларын билген кыязында жана куру жалааларды жабыптыр.
Курманбек Бакиев Эркебаевди сыйлайт, бирок ага эч качан жооп кайтарбайт.
Абдыганы агайдын созуно таянсак 2005-жылы Бакиев Нышановдон утуларын билип депутаттыкка барыптыр, биринчи турда Кызыл Үңкүр шайлоо округу боюнча биринчи орунду алып Нышанов экоосу экинчи турга барган. Агайдын эсинен чыкса мен эсине салайын экинчи турда Бакиев бир да жолу округуна үгүт иштери менен бара алган эмес. Себеби, ошол кезде өлкөдө кырдаал оор болуп Бакиевди эл бир күн Таласка, Нарын га Ошко эл тынбай чакырып жаткан.. Дагы айтат, Чаткалдан мен колдоп бергенмин деп.. Тооба, Эркебаевдин кадыры кичи мекени де жок дагы, кайн журтунда болуп калмак бекен?!
2010-жылы баскынчылар менен катарлаш олтурганы эле көп нерсени айтып турат. Бир топ адам каза болгон апрель жана июнь окуялары боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары анын иликтеген материалдарына караганда депутат Жылдыз Жолдошеванын иликтөөсу реалдуу.
Бакылдаган академик деле, балдарын бийлик тепкичине койгон. Баласы ТИМде ашап койуп «паччагы» чыгып жумуштан кеткен, ал эми акылдуу кызы да сот тармагында пара алып жатып кармалып иштен айдалган..
Эркебаев Бакиев мезгилинде бийлик сересине чыкпай калып капа болуп жургондур,.. Адам аласы ичинде,..
Ии баса айтарым, Лейлекте тейит уруусунан чыккан аттуу баштууларды топтоп уруу башчы болгондо теги жок Атамбаевди тейит кыла албай убара болгон.
(Бакиев бир да сөз сүйлөгөн эмес дептир.. Бакиевдин мунозун жакшы билем, ал агабыз чарбачыл инсан саясаттагы шоуларга көп аралашпаган. Легандарлуу парламентте депутат болуп турганда азыркы чырлуу миң сырдуу Кумтөр келишими боюнча ачык айтып, өкмөт башчы Чынгышевдин позициясыны колдогон, ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынында депутат болуп турганда дагы бюджет же болбосо реалдуу экономикалык сунуштарды берип турган… Балким, Акаевдин көзү менен тең айланган академик Абдыганы агай ошол кезде апчебиз берген курутту соруп олтургандыр😂,,)
Askat Teyit
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс