Четверг , 4-Март 2021
Башкы бет / Досье / САЛТТУУ ДИН БОЮНЧА “ТӨБӨМДӨ КУДАЙ ТУРАТ” ДЕГЕН КИШИ КААПЫР БОЛОТ!

САЛТТУУ ДИН БОЮНЧА “ТӨБӨМДӨ КУДАЙ ТУРАТ” ДЕГЕН КИШИ КААПЫР БОЛОТ!

Эй, УЛАМА КЕҢЕШ! Ушул керекпи силерге?! Эмне, Абибилланы каапырга чыгарайын деп жатасыңарбы? Абибилла Кадырбердиев Назира Бегимге берген маегинин 5-минут, 30-секундасында (https://www.facebook.com/profile.php?id=100012265570828) “ТӨБӨМДӨ КУДАЙ ТУРАТ” деп айтты. Эми силердин алдыңарда эки жол турат: Эгер МАТУРИДИЯНЫ чындап, эркекче жактасаңар: “Ооба, улама кеңеш төрагасы каапыр сөздү сүйлөдү” дешиңер керек, же САЛТТУУ ДИН деген опурталдуу оюнду ойнобошуңар керек.
Кооптуу дегенимдин себеби, Кыргызстандын дээрлик бардык мусулмандары “ТӨБӨМДӨ КУДАЙ ТУРАТ” деп сүйлөйт. Ал эми САЛТТУУ ДИН боюнча андай деген адам каапыр болот. Далил:
وقال الكوثري: فيمن أثبت لله جهة الفوق: «فهم منكرون لذات الإله المنزه عن ذلك فلزمهم الكفر لا محالة» مقالات الكوثري
“Матуридиянын (салттуу диндин) атактуу аалымы Каусарий айтат: “Аллахты өйдөдө (төбөмдө) турат дегендер Аллахтын таза затын чангандар. Ошол сөзү үчүн алар анык каапыр болушат!” (“Макалатул Каусарий” китебинен)
Дал ушундай фатвалар матуридийлердин (салттуу динчилердин) “Фатава Хиндия”, “Бахрур-раик”, “Фатхур-Раббаний вал файзур-Рохманий”, “Фатава ааламгирия” китептеринде да келет.
“Элдер билбей эле айтышы мүмкүн” деп кутула албайсыңар. Анткени, ошол эле матуридий фатваларда
يكونُ كافرًا غيرَ مسلم حتَّى ولو كانَ جاهلًا بالعقيدة الصَّحيحة ويَظُنُّ نفسَه مسلما
“Адам туура акыйданы түшүнбөсө да (Аллах төбөмдө, асманда, өйдө жакта деген сыяктуу сөздөрдү айтса) каапыр болот, эгер өзүн мусулман санаса да” деп даана жазылган.
Ошондой эле САЛТТУУ ДИН аалымдарынын фатвасы боюнча “Аллах кааласа, ыймандуумун” деген адам дагы каапыр болот. Кыгызстанда бардыгыбыз бул сөздү айтабыз.
ЭЙ, УЛАМА КЕҢЕШ! Эсиңдин барында этегиңди жап! Эмне, силер Афган тараптан согушчандар (алардын көбү матуридийлер) өлкөгө кол салып, “Матуридий акыйдасы (салттуу дин) боюнча силер каапыр болгонсуңар. Силердин каныңарды төгүү бизге адал” дешине ДАЛИЛ ЖАРАТЫП берүүнү каалайсыңарбы?!
قال ابن الهمام في فتح القدير (3/397) :» وقال الرستغفني : لا تجوز المناكحة … من قال أنا مؤمن إن شاء الله لأنه كافر
Имам Матуридинин шакирти Рустагфни айтат: “Мен Аллах кааласа ыймандуумун” деген адам менен никеге туруп болбойт. Анткени, ал каапыр!”
Мына ушул салттуу сөз менен көп ханафийлер шафиийлерге кыз бербейт, алардан кыз албайт, аларды каапыр санайт. Анткени, Шафеий боюнча “Аллах кааласа ыймандуумун” дегенге жол берилет.
Силер – эй, улама кеңеш – ушундай бөлүнүүнү каалайсыңарбы? Каалабасаңар, анда САЛТТУУ ДИН деген опурталдуу оюнуңарды токтоткула жана төрт мазхабды бири-биринен бөлбөй АХЛУ СУННА ВАЛ ЖАМААТТЫН ЫНТЫМАГЫН БЕКЕМДЕГИЛЕ!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс