Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Диндер / МОЛДОКЕЛЕРГЕ ЖАНА МОЛДО ЭМЕС ЗАМАНДАШТАРГА

МОЛДОКЕЛЕРГЕ ЖАНА МОЛДО ЭМЕС ЗАМАНДАШТАРГА

Бул чөйрөдөн тышкары турса да, молдо эмес биздей кишилер «эмне болсоӊ ошо бол, эси жогуӊ кошо бол» деп четтен кайдыгер карап турбашы керек, менимче.
Ханафий мазхабы боюнча талап туура деп ойлойм. Ар ким ар каякка жыра тарткан шартта мамлекеттин дин жаатындагы саясатын туруктуу багыттан адаштырбай жүргүзүш үчүн буга чейин айткан-дегендери, жазгандары биз үчүн алгылыктуу деп тандалган ушул мазхабдын өзөк нугуна көз карашы туура келген лидер жетектеши керек муфтиятты.
Даават сөздөрүнө, талкуулардагы карманып келген позициясына, жаран катары мамлекеттин мыйзамдарын сыйлай билгенине карай кишинин канчалык чын ыкластуу экенин билүүгө болот деп ойлойм.
«Терең билимге» келсек, илимдин сырлары чексиз терең болорун эске алып, зарыл минимумга эле ориентир жасаш керек го. Себеби, баарын билүү мүмкүн эмес, ал эми эң зарыл нерселерди билбеген же такыр түшүнүгү тайкы бирөө башчы болуп калса, өлкөнүн дин жамаатын уятка калтырат эмеспи.
«Кадыр-баркы» дегенге келсек, биринчи кезекте адам, анан жаран жана диний лидер катары айткан сөзү менен кылган ишинин ортосунда ажырым болбогон, жаман жоруктары менен «аты чыкпаган», ушул чөйрөдө калыстыгы менен таанылган кишилер жокпу?
Албетте, мунун баары САЛЫШТЫРМАЛУУ. Анткени кемчиликсиз пенде болбойт. Бирок талапкерлердин ичинен кайра эле салыштырмалуу мыктысын, жамаат татыктуу деп ишенген бирөөн тандап алса болот го?
Ырас, көпчүлүк деле, ал тургай билимдүү адистердин да көпчүлүгү жаңылып калышы ыктымал. Бирок ошондой болбошу үчүн молдокелер бири-бирин аткарат кылбай, маселенин өзүн сабырдуулук, адептүүлүк менен талкууласа жакшы болмок.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс