Четверг , 4-Март 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / МУФТИЯТТА МОРАЛЬ КАЛБАДЫ, ГОСКОМ ИШЕНИМДЕН КЕТТИ

МУФТИЯТТА МОРАЛЬ КАЛБАДЫ, ГОСКОМ ИШЕНИМДЕН КЕТТИ

Эми не болот? Муфтияттын тили мусулмандарга өтпөйт. Уламаларды мен 20 күн мурун «гүлкаакымдар» дедим эле. Андан да бетер экени даана болду. Дин комиссиясынын башына мусулмандарды далилдерди жасалмалап камап салган органдын кишиси келди. Падышабыз «Далилсиз камалгандарды бошотуу керек» деген болчу. Эми мунун тескериси баштала турган болуп турат. Муфтиятка да, Дин комиссиясына да эми мусулмандар ишенбейт. Дин комиссиясындагы гюленчи лже-эксперттердин жалган корутундулары менен миңдеген бейкүнөө адамдар камалган. Эмне кылыш керек? Экөөнү тең кайрадан куруш керек. Муфтият, же ДУМК дегенди да Дин комиссиясы дегенди да тарых музейине тапшырып, жаңы түзүлүш кылуунун убактысы жетти. Муфтият дагы, Дин комиссиясы дагы бир ууч шылуундарга эмес, жалпы ЭЛДИН жана МАМЛЕКЕТТИН кызыкчылыгына иштегидей болсун!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс