Суббота , 24-Июль 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / САДЫР АВАГА САЛАМ КАТ

САДЫР АВАГА САЛАМ КАТ

Бир мен гана эмес, көп диний ишмерлер, илимдүү жаш жигиттер сизди ДАКАНСА колдогонубуз үчүн бүгүн ДАКАНСА уят болуп отурабыз. Бизге — сизди колдогондорго «сайылган» сөөмөйлөрдөн кантип коргоноорубузду билбей, башты мыкчып, отуруп калдык. Дин маселесинде ким кеңеш берсе да, ал жаман кеңешчи экен, сизге жакшылык каалабаган кеңешчи экен! Маселени камырдан кыл сууругандай чече турган жандоочуңуз жоктугуна АРМАН! Сизди катуу азгырышты! «Минал жиннати ваннас» аятында айтылган адам-шайтандардан арылбасаңыз жарым жылга жетпей жарым миллион тарапкерлериңизди жоготосуз. Алдыда шайлоо турат. Аны да уттурсаңыз, «басмайылыңыз» дагы бошойт. Кече гана болгон жоолук маселесинде мен мусулмандарды тынчтандырып: «Батырдын «басмайылы» тартыла элек. Белин бекемдеп, колуна жарагын карматалы, андан кийин жоону сайып бер дегиле» деген элем. Басмайыл бекемделгенде кайра аттандырган аксаклдарды сайдыңыз. Балким, сайдырышты. Азгырган жаш «таланттардын» алтын убадасына караганда аксакал Акин байкенин батасы менен назары сизге көбүрөөк ашык атаар эле. Аттиң… Муфтий маселесин да ызы-чуусу жок чечсе болмок. Акыркы окуялардан кийин Муфтиятты түп-тамырынан жоюп, мусулмандарга башкачараак, тыйын-тыпырдан алысыраак уюм түзүүгө шарт түзбөсөңүз болбочудай. Балким, ВАКУФ ЖАНА ДИН ИШТЕРИ МИНИСТРЛИГИ деген жаңы структура түзүп, муфтиятты анын курамына киргизиш керектир…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс