Четверг , 4-Март 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Ж. Жолдошова С. Жапаровго кайрылды

Ж. Жолдошова С. Жапаровго кайрылды

Садыр иним, 2010 жылдан бери саясатта бирге келе жатабыз… ийгиликтерди, оор күндөрдү бирге өткөрдүк. Кандай кырдаал болбосун, мен Сени таштабадым, сатпадым, колуман келишинче колдоп келе жатам, абийиримдин алдында тазамын.
Бүгүн, бир чындыкты коом аркылуу айтып коюну чечтим. Биринчиден, айлана-чөйрөңү тазалабасаң болбой калды, ачыгын айтайын коррупционерлер, олигархтар, ач көздөр ороп алышты Сени. Алардын максаты, өз кызыкчылыктарын чечип алуу, эл үчүн күйгөн жок алар.
Экинчиден, кадр маселесинде чебер, өтө кылдат, аяр мамиле жасоо менен, ар бир кадр жөнүндө шашпай досье алып кызматка койсоңор туура болмок.
Алдын ала айтканым, Сенин тагдырыңа аырынча кайдыгер эмес экеними далилдейт.
Убакыт тар, бир күнүң текке кетпесе, элдин үмүтү, ишеничи Сенде.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс